Кымбат баалуу косметика колдонуп, бирок натыйжасын көрө албай жүрөсүзбү? Анда сиз табигый азыктарды пайдаланып көрүӊүз. Азия өлкөлөрүндө кеӊири колдонулуп келген күрүчтүн суусу менен бетти агартып, чачтын сапатын жакшыртып, ал тургай арыктай да аласыз.
ЧАЧ ҮЧҮН Күрүчтүн суусунда С, Д, Е витаминдери чачтын түбүн азыктандырып, көркүнө көрк кошот. Өӊү жылтырап, сапаты жакшырып, чач тез өсө баштаганын байкайсыз.
Колдонуу
Бир чыны күрүчтү сууга жууӊуз. Күрүчтүн суусу тунук болуп калганда жууганды токтотуп, 2 чыны сууга 15 мүнөт чылап коюу керек. Андан кийин күрүчтүн суусун башка идишке куюп алып, үстүн жаап, караӊгы бөлмөгө 2 күн коюп койсоӊуз болот. Эки күндөн кийин карасаӊыз суу бир аз коюу тартып калат. Сууну чачтын түптөрүнө сүйкөп, 15-20 мүнөттөй жуубай туруу керек. Андан кийин чачты шампунь колдонбой, жөн гана жылуу сууга чайкап коюӊуз.
БЕТ ҮЧҮНБет кургап, серпилгичтиги жоголуп бара жатканда бул ыкма сизге жардамга келет. Күрүчтүн суусунун курамындагы минералдар жүзүӊүздү серпилгич кылып, тазартып, жумшак кылып коё турган сапатка ээ.
Колдонуу
Сыр идишке бир чыны күрүчтү салып жууп, үстүн көмө суу куюп, 15 мүнөт чылап коюӊуз. Бул учурда витаминдер жана минералдар сууга чыгат. Сууну күрүчтөн бөлүп куюп алып, жүзүӊүздү ал суу менен жууп, 1 мүнөт жеӊил массаж кылып сиӊирип, андан кийин жылуу суу менен чайкап салыӊыз. Ашып калган сууну муздаткычка салып, 5 күн аралыгында колдонсоӊуз болот.
БЕЗЕТКИГЕ КАРШЫБезеткиге каршы япондор колдонгон күрүчтүн ачыган суусун колдонуп көрүӊүз.
Колдонуу
Күрүчтүн суусун ачытуу жолу менен да пайдаланса болот. Күрүчтү таза жууп, көмдүрө суудан куюп отко коёбуз. Кайнап баштаганда суусун бөлүп алып бир күнгө тыныктырып коюу керек. Ачып келе жатканда 5 мүнөт катуу кайнатып, суутуп, аны менен бетти дайыма жууп туруу зарыл.
ИЧ ӨТКӨК ҮЧҮНКүрүчтүн суусу ич өткөк оорусунун ал дын алат. Дарыканадагы тизилген дарылардан көрө күрүчтүн суусу кичине балабы, чоӊбу, ичи өтүп жатканда жардамга келет.
Колдонуу
Бир жарым литр сууга жуулган эки-үч аш кашык күрүчтү салып, жай отто кайнатуу керек. 40 мүнөттөн кийин муздатып, дакиден өткөрүп алыӊыз. Даяр болгон сууну жарым стакандан 2-3 саатта бир ичип туруӊуз. Суу ичегилердин иштешине жардам берип, тез эле ич өткөктү басат. Кичине балдарга 2-3 аш кашыктан берүү зарыл.
АРЫКТОО ҮЧҮН Ашыкча салмак сизди кыжалат кылып жаткан болсо, күрүчтүн суусу жардамга келет. Бул ыкма ашыкча салмактан гана арылтпай, кошумча энергия да кошот.
Колдонуу
1 чыны күрүчтү жууп, үстүнө 3-4 чыны суу куюп 2-3 саатка жай отко коюу керек. Даяр болгондо сууну оттон чыгарып, суугандан кийин дакиден өткөрүп алыӊыз. Сууну күнүгө эртеӊ мененки тамактын ордуна 1 стакандан ичишиӊиз керек (бир апта ичип көрүӊүз, саламаттыгыӊыз жакшы болсо узартсаӊыз болот). Эгер суунун даамы жок болуп жатса бир аз туз кошуп коюу оӊ.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg