КЕЛЕЧЕК МЕНЕН КЫЗМАТТАШ!

«Инстрим» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен биргеликте 2014-жылдын сентябрь айында «Тажрыйба топтоо жаштардын программасы» аттуу социалдык долбоорун баштаган. Бул долбоорду БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги каржылады. 14 жаштан 28 жашка чейинки 800дөн ашык жаштар катышкан долбоордун максаты – жумушсуздук күчөп турган коомдо өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп, жаштарды өзүнө жаккан кирешелүү жумушту оӊой таап алууга үйрөтүү болуп саналат. Теория түрүндөгү билимди практика жүзүндө алып кетүү тажрыйбасыз адис үчүн абдан көп түйшүктү талап кылат. Аталган программа тажрыйбасыз жаш адистин ушул кырдаалдан оӊой чыгып кетүүсүнө көмөк көрсөтөт. Долбоорго өздөрү тууралуу маалымат алып келгендердин көпчүлүгү билимдүү, бир нерсеге кызыккан, алдыга койгон максаттары бар, амбициясы күчтүү жаштар болушту. «Тажрыйба топтоо жаштардын программасынын» алкагында 267 адам белгилүү компаниялар менен түзүлгөн меморандумдун негизинде компанияларда 2 айлык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Долбоор бир гана жумуш издегендерге көмөк бербестен, орто мектепти аяктап, адистик тандоо алдында турган жаштар үчүн да пайдалуу багыттарды көрсөтөт. 18 жашка чейинки жарандар тажрыйбасыз жана жогорку билимге да ээ эмес болушат. «Тажрыйба топтоо жаштардын программасы» кесип тандоо алдында турган жаш жеткинчектерге пайдалуу адистикти тандоого багыт бере алат. Демек, жаштарга учур талап кылган кесипти тандоого багыт берүү чоӊ жоопкерчилик. Баарынан кубантканы, долбоорго катышкан жаштардын 10 пайызы жумуш орундары менен камсыз болууга жетишти. Долбоор 2015-жылдын апрель айында аяктады. Өлкөнүн түштүк регионундагы 23төй жаштар борбору «Тажрыйба топтоо жаштардын программасынын» өнүгүшүнө салым кошкондугун белгилей кетүү керек.
«Айыл Банктын» насыя берүү боюнча башкы адиси Нурдин Токонов тажрыйба топтоого келген жаштар тууралуу өз оюн билдирди:
– «Тажрыйба топтоо жаштардын программасы» тарабынан 3 жигит биздин банкта тажрыйба топтоо мөөнөтүнөн өтүп жатат. Эгер жумуш оруну болуп калса, адис издөө үчүн конкурс жарыялап отурбай эле, өзүбүздөн тажрыйба топтоп кеткен балдардан толуктап алуу биз үчүн деле ыӊгайлуу.
Долбоор абдан жоопкерчиликтүү жана пайдалуу идеяны көтөрүп чыккан. Жумушсуздук күчөп турган маалда эмгек рыногунда туруктуу жумуш табуу жаштар үчүн оор. Долбоор бул программа менен жаштарга жакшы багыт бере алат.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AykaMer
2015-05-12 13:24:53
Кайсы жерге барып маалымат алсам болот,жана интернет сайттары барбы? Болсо жазып коюнуздарчы сураныч
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан