Акыркы жылдары зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны өсүп жатканы жалпы коомчулукту түйшөлтүүдө. Өткөн аптада адамдын жүрөгүн титиреткен дагы бир окуя катталды.
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү болжол менен 19:30 чамасында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 25 жаштагы жаран өзүнүн 5 айлык уулун ашкана бычагы менен мууздап өлтүрүп салган. Андан соӊ өзүнүн колунун күрөө тамырын жана тамагын кескилеп, натыйжада кансырап каза тапкан. Окуя болгон жерге барган жергиликтүү милиция кызматкерлери үйдүн ичин текшеришкенде жуунуучу бөлмөдөн ашкана бычагы табылган жана дубалдары, полу баары кан болгонуна күбө болушкан.
«АТАСЫ БАЛАСЫН, АНДАН СОӊ ӨЗҮН ӨЛТҮРДҮ ДЕГЕН ВЕРСИЯ ЧЫНДЫККА ЖАКЫН»
Бул окуя боюнча тергеп жаткан Кызыл-Кыя ШИИБинин ага тергөөчүсү Чыӊгыз Азимбаев төмөнкүлөргө токтолду:
– Жогорудагы окуя боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, «өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул оор кылмышты 1990-жылы туулган маркум Абдыкар уулу Өмүрзак жасаган деген версия чындыкка жакын. Баласынын аты Адилет экен, ал 2014-жылдын декабрь айында жарык дүйнөгө келген. Бул окуя боюнча териштирүү жүрүп, маркум Өмүрзактын 1988-жылы туулган Клара Сулайманова аттуу жубайы жана алардын коӊшулары күбө катары көрсөтмө беришти. Аялынын айтымында, экөө мындан 1 жарым жыл мурун баш кошкон. Күйөөсүнүн психикалык оору менен жабыркап, каттоодо турары аныкталды. Абдыкар уулу Өмүрзак чындап эле өз уулун жана өзүн өлтүргөнү тастыкталса, кылмыш иши токтотулат. А эгер бул кылмышка башка адамдардын да тиешеси бар экендиги билинсе, анда тергөө иши улантылат.
«БАЛАСЫНЫН БАШЫ ҮЗҮЛӨЙҮН ДЕП КАЛЫПТЫР»
Окуяга күбө болгон маркумдун Толкунай аттуу кошунасы менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул үй-бүлө 7 ай мурун бизге коӊшу болуп көчүп келишкен. Үйдү аларга ата-энелери сатып беришкен экен. Ар күнү эртеӊ менен баласын көтөрүп сейилдеп жүргөнүн көрүп, кошуналар аны камкор ата деп ойлочубуз. Көрсө, анын акыл-эси кем экен да, сыртынан андай көрүнчү эмес. Кошуналардан угушумча, 30-апрель күнү түштөн кийин аялы күйөөсү менен уулун үйүнө калтырып, эшикти сыртынан бекитип, өзү базарга кетиптир. Базардан кайтып келген соӊ эшикти ачайын десе ачылбайт. Каалганы тарсылдатып, телефон чалса эч ким үн катпайт. Анан айласы куруп кайнисин чакырса, ал терезе аркылуу үйдүн ичине кирип, ичиндегини көргөн соӊ ач айкырык салыптыр. Аны уккан кошуналардын бардыгы эстери чыга көчөгө чуркап чыгышкан. Өмүрзактын иниси эшикти ичинен ачканда аялы чуркап кирип кыйкырып, баласын көтөрүп чыгыптыр. Көргөндөр баласынын башы үзүлөйүн деп ары-бери шылкылдап баратканын көрүшкөнүн айтышты. Мен чыкканда өлүктөрдү унааларга салып жатышкан экен.
«КОӉШУБУЗДУН ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ ЭКЕНИН БИЛЧҮ ЭМЕСПИЗ»
Дагы бир Гүлсара аттуу күбө буларды кошумчалады:
– Мен үйдө отурганда сырттан «балам» деген аялдын кыйкырыгын уктум. Эшиктин алдында ойноп жүргөн балдардын бирин машина сүзүп кеттиби деп чочуп эшикке чыксам, коӊшум Клара эси ооп жерде жатыптыр. Баласынын моюну кесилгенин көрдүм. Аны туугандары машинага салып ооруканага алып кетишти. Өмүрзактын келинчеги, туугандары үйүнө киргенде, мен да кошо кирдим. Өмүрзак уктоочу бөлмөдө баласын бычактап, жуунуучу бөлмөдөн өзүнө кол салган экен, дубал, жердин баары кан. Аялынын айтымында, күйөөсүнүн акыл-эси кем экен, жакында эле дарыланып «жакшы болуп калды» дегенинен ооруканадан чыгыптыр. Күйөөсү костюм-шым кийип, эшиктин алдында уулун ойнотуп, жакшынакай эле жүрчү да. Акыл-эси кем экенин билчү эмеспиз. Буга чейин ал аялына «Мен өлүшүм керек, бирок баламды да өзүм менен кошо өлтүрөм. Себеби менин оорум кан кууйт. Мен өлүп калсам, сен жалгыз мага окшогон акыл-эси кем баланы бага албай кыйналасыӊ» деп көп жолу айтыптыр. Аялы «балабыздын акыл-эси жайында, кайдагыны айтпачы» деп урушуп койчу экен. Атасы менен уулунун туулган күнү бир күндө экен. Экөө чогуу каза болушту. Эмнеси болсо да жаман окуя болду. Акыл-эси кем жарандарды өкмөт жакшылап көзөмөлгө алып же дарыласа жакшы болмок.
Эми бул каргашалуу окуянын чыныгы себеби ачылабы же маркум аны өзү менен кошо ала кеттиби белгисиз.
СТАТИСТИКАГА ҮӉҮЛСӨК...
ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯЛАР
Жогорудагы окуя ымыркайлардын туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган алгачкы окуя эмес. 29-апрель күнү Бишкек шаарынын четиндеги Арча-Бешик жаӊы конушунда 35 жаштагы күйөөсү үйдө жоголгон 10 сом үчүн уурулукка 6 жаштагы кызынан шектенип, аны сабап салганын айтып аялы милиция кызматкерлерине кайрылган. Учурда кыздын атасы Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалып, анын үстүнөн «кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Буга чейин да гезит беттерине адам үрөйүн учурган бир нече каргашалуу окуялар катталганын жазып келгенбиз. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына «селкинчектен кулап кетти» деп 2 жаштагы баланын өлүгүн апасы жана анын жарандык никедеги күйөөсү алып келишкен. Бирок соттук-медициналык экспертиза анын катуу сабалгандан улам көз жумгандыгын аныктаган. Кылмышка шектелип каза болгон наристенин 1986-жылы туулган апасы жана анын 1976-жылы туулган жарандык никедеги күйөөсү кармалган. 2014-жылдын 10-августунда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Малиновка айылынын тургуну Икрамжан Купаев аялы менен арак ичип отуруп, экөө чатакташа кетишкен. Күйөөсү аялын сабаганда ал эптеп бошонуп үйдөн качып чыгып кетет. Бир нече убакыттан соӊ үйдө уктап жаткан 4 айлык ымыркайы ойгонуп, эмчек сурап ыйлай баштайт. Тынымсыз ыйлаган баласын соорото албай, аракка тойгон ата күч менен ымыркайды шкафка чаап салган. Ымыркай ошол жерден жан берген. Ата сөрөйдүн үстүнөн «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы бул иш боюнча тергөө аяктап, сотко өткөрүлүп берилгенин билдирди.
2013-жылдын 25-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине денесинен жаракат алып, зордукталган 3 жашар кыз тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул кылмышка шектелип наристенин атасы, 1984-жылы туулган Үсөн Сакатаев камакка алынган эле. Кылмышка шектүү мас абалында 3 жашар кызын сооротом деп көтөрүп баратып үстүнөн баса жыгылганын, ошол себептен анын кабыргалары сынып, бети-башы сыйрылып кеткенин айткан. Бирок экспертизанын жыйынтыгында наристенин зордукталганы аныкталган. 2014-жылдын 26-июнунда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Үсөн Сакатаев Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен ден соолукка атайылап оор залал келтирүү), 129-беренесинин 4-бөлүмү (жаш кызды зордуктоо өтө оор кесепеттерге алып келгенде) менен күнөөлүү деп табылып, 24 жылга эркинен ажыратылган.
2013-жылдын 23-ноябрында Гүлмира Дубанаева аттуу аял кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын багып берем деп алып, катуу токмоктоп, уруп жүргөн. Жыйынтыгында кыз ооруканага оор абалда келип жаткырылган. Гүлмира Дубанаева Мирананы токмоктоп, аны ноябрь айындагы суукта дагарадагы муздак сууга салып эшикке алып чыгып койгондугу, кирдин суусун ичирип жүргөнү билинип, бул окуя элдин үрөйүн учурган эле. Натыйжада Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту бул кылмышы үчүн Гүлмира Дубанаеваны 17 жылга эркинен ажыраткан.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg