1-июндан тарта Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү тейлөө жаатында иштөөдө жараксыз деп табылат. Орусиянын өкмөтү 2014-жылдын 24-ноябрында кабыл алган «Транспорттук каражаттарды башкарууга уруксат берүү тууралуу» 1097-токтомуна ылайык, чет элдик жаран Орусиянын аймагында айдоочу болуп иштөөнү кааласа, аталган өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүн алуусу керек. Бул өзгөрүү Орусияда айдоочу болуп иштеп жүргөн мекендештерибизди киреше булагынан ажыратууда.
Орусияда такси кызматында иштеген Нургазы Иманов:
– Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк канча убакытка жарактуу экени жазылбайт. Орусияда мына ушул жагдай туура эмес экендигин айтып жатышат. Мунун айынан көптөгөн кыргыз жарандары чыгым тартышты. Андыктан Кыргызстанга барып, жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн күбөлүккө алмаштырып келсемби деп жатам. Бирок Кыргызстандан мөөнөтү менен жасап келгендердики да жарабай калганын угуп жатабыз. Чынын айтканда, маселени толук деле түшүнө элекмин,- дейт.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышева:
– Негизи Кыргызстандын ичинде айдоочулук күбөлүктөр жарамдуу мөөнөтү жок эле берилет. Мына ошол күбөлүк менен айрым мекендештерибиз Орусияда иштеп жүрүшкөн. 2014-жылдан тарта биз жарандарга жарамдуу мөөнөтү көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктү да берип баштадык. Эгер айдоочу жарамдуу мөөнөтү көрсөтүлгөн күбөлүк алууну кааласа же мурунку күбөлүктү жарамдуу мөөнөтү бар күбөлүккө алмаштыргысы келсе, алмаштырып беребиз. Орусияда жүргөн жарандар Кыргызстанга келип күбөлүктөрүн алмаштырышы керек. Алмаштырып кеткендер бар. Ал күбөлүгү да жарабай калып көйгөй болгону тууралуу факт каттала элек. Андыктан кандайдыр бир мүчүлүштүктөр кетип, биз берген күбөлүктөн маселе жаралып жатса, кайрылып билдирип коюшса жакшы болмок,- деген оюн айтты.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева аталган маселе 2 жылдан бери мекендештерибиздин негизги көйгөйүнө айланганын, бул боюнча бир канча убактан бери маселе көтөрүп келе жатышкандыгын айтып өттү: «Кыргызстандан жарамдуу мөөнөтү так көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүк алып келүү кажет. Алар Орусиянын аймагында унаа башкарууга жарайт, бирок алар коомдук ташуу кызматтарында иштөөгө (такси, автобус) жарабайт. Эл ташып же жүк ташып кызмат кылып иштей турган жарандар тиешелүү мыйзамдын негизинде экзамен тапшырып Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алышы керек»,- деп түшүндүрдү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg