Биз социалдык тармакта

ИСА ӨМҮРКУЛОВ ЖАӉЫ ПРОДЮСЕРЛҮҮ БОЛДУ

Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы Иса Өмүркулов «продюсерим Канат Култаев болсо» деген кыялына жетти. Тактап айтканда, продюсер Канат Култаев менен Иса Өмүркулов буга чейин байке-ини катары гана иштешип келишсе, эми 2 жылдык келишимдин негизинде иштеше башташты.
Иса: «Канат байкеге келгениме кубанам, анткени бул жакта көзөмөл, иш тартиби болгондуктан, чыгармачылык менен иштөө жеӊил. Азыр «Сен», «Издеп сени» деген ырларды жаздырып, клип тарттыруудабыз. Буюрса, ар бир 3 айда күйөрмандарга жаӊы ыр, жаӊы клип тартуулаганга аракет кылабыз»,- деп билдирди. Ал эми продюсерге байланышканыбызда: «Иса аты чыгып калган эле ырчы. Эл тааныган ырчыга продюсер болдум деп айтканым уят го. Бирок колумдан келишинче жардам берип, чыгармачылыгына жол көрсөтүп турам»,- дейт.

 

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Oceana.
2015-05-11 10:53:16
Азаматсын! Алга.
0
AFRODITA-89
2015-05-11 11:51:05
Канат кучтуу продюссер ар бир ырчыны жогорку денгээлге жеткирет.
+2
Pantherka
2015-05-11 17:18:11
Канат молодеци молодец уну жокторду да алып чыгат, бирок ушу Илияз ырдабайле койсо болмок, Ыссык-Колдогу живой унун угуп рахмат дегем.
-1
meili
2015-05-12 15:27:19
Pantherka, Кайсы Ильяз?
0
peki
2015-05-12 17:40:40
meili, иса деп жазам деп атып ильяз деп алган окшойт.
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан