Мекени Америка болгон болгар калемпири даамдуу жана пайдалуу жашылча. Аны эгип, түшүмүн сатуу менен бизнес жасоого болот. Бул жааттагы кеӊешти Чүйдүн Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Шайбек Ормонов бермекчи.
ПАРНИК (50 сотых жерге көчөт үчүн)
Азыр парник өстүрүүгө кеч болуп калгандыктан болжол менен 65 000 даанадай көчөттү сатып алуу керек. Бирок дааналап албай, калемпир эгилген парниктерди дүӊүнөн
баалап сатып алып тиксе арзан түшөт.
Парникти кийинки жылы эгем дегендерге кеӊеш. Узундугу 10 метр, туурасы 1 метр болгон 5 парникке таттуу кызыл болгар калемпиринин ташкент сортун эгем. 4-5 күндө бир суу сээп турам. Урук 15-20 күн дегенде өнүп чыгат. Арадан 25-30 күн өткөндө көчөттүн бою 20 сантиметрдей болуп, талаага отургузганга жарап калат. Бул аралыкта 2-3 ирет отолот.КӨЧӨТТҮ ОТУРГУЗУУ, ӨСТҮРҮҮ
Эни 70 сантиметрден салынган жөөктөр алгач сугарылып, эртеси көчөттөр 8-10 сантиметр аралыкта отургузулат. Тигилип бүтөр менен суу коюлат. 2-3 күндөн кийин кайра сугарылат. 3-4 күндөн соӊ 2 кап селитра жөөктөрдүн ичине чуурутуп себилип, кетмен менен калемпирлердин түбүнө топурак үйүлөт. 1 аптадан кийин түптөрүн жумшартып, чөбүн чабасыӊ. Кезек жалбырагы менен азыктандыруучу каражатты (нутривант) чачууга келет. Арадан 12 күн өткөрүп, культивация жасалып, сугарылат. Ошентип талаа иштери улана берет.
Негизи болгар калемпири 90 күндө бышат, бул аралыкта селитра 2 ирет берилет. Башкача айтканда, калемпир гүлдөйүн деп калганда жана жаӊыдан түйүп баштаганда. Жалбырагы менен азыктандыруучу каражат 6 жолу берилет (ар бир 15 күндө). 12 ирет сугарылып, 2 ирет чабылат (көчөттүн тигилгенине 12, анан 28 күн болгондо). Культивация 3 ирет жасалат (көчөт отургузулгандан 26 күн дегенде, андан кийин аралыктарын 7 күндөн кылып 2 жолу). Эгер калемпирлер карайып ооруй баштаганы билинсе, анда ооруга каршы дарыны сууга кошуп, чачууга туура келет.
Эскерте кетчү нерсе, калемпирди абдан кандыра сугарууга болбойт. Антип сугара берсе кийин быша баштаганда соолуп калат. Андыктан сууну жөөктүн этегине чыккандан бир аздан кийин эле токтотуу кажет.
КИРЕШЕ
50 сотых жерден жакшылап карап-бакса орточо эсеп менен 15-20 тонна түшүм алууга болот. Дүӊүнөн килограммын 20-25 сомдон өткөрөсүӊ. Ошондо орточо эсеп менен 17 тонна (же 17 000 килограмм) алынды жана 20 сомдон өткөрүлдү дейли. 17 000x20=340 000. 340 000-74 700 (чыгаша)=265 300 сом. Бул таза киреше (көчөттү сатып алганда).
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg