8-май күнү Евразиялык экономикалык союздун мүчөлөрү Кыргызстандын аталган бирикмеге кошулушу тууралуу документке кол коюшту. Эми союзга кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын парламенти тарабынан план боюнча жайкы каникулга чейин жазгы сессиянын алкагында келишимди бекитүү процесси калды. Ратификациядан кийин келишим күчүнө кирип, Кыргызстан ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсүнө айланат.
СҮЙЛӨШҮҮЛӨР АКЫРКЫ МҮНӨТКӨ ЧЕЙИН СОЗУЛДУ
Кыргызстан Бажы союзуна кирүүдө эки позиция боюнча бир чечимге келе албай жаткан болчу. Бири Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жеӊилдиктерине тиешелүү болсо, экинчиси ветеринардык текшерүү системине аудит иштерин өткөрүү боюнча эле. Кыргыз-кытай ортосундагы гранттык жана кредиттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынып келинүүчү товарларды ташуу боюнча маселе кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечилди. Тагыраагы, Кытайдан Кыргызстанга коммерциялык ишмердүүлүк үчүн эмес, инфраструктуралык жана социалдык объекттерди курууга товар алып келүүдө жеӊилдиктер каралат. Кыргызстанга сунушталган ветеринардык лабораториялардын концепциясына келсек, аудитти эки ирет өткөрүү талабы коюлган эле. Кыргызстандын айыл чарба
продукциясы Бажы союзунун рыногуна өтпөй калмак да, алардын продукциялары Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтө бермек. Тараптар эки ирет аудит жүргүзүү керек эмес деп тил табышышты. Кыргыз Республикасы тарабынан ветеринардык текшерүү системи жактырылгандан кийин гана кыргыз-казак чек арасында текшерүү жоюлат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кол коюуга бир саат калганда эксперттер союзга кирген бардык өлкөлөр жана, албетте, Кыргызстан дагы жактырган бир жыйынтыкка келишти. Экономика министри Олег Панкратов эки позиция боюнча жүргөн сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деди: «Акыркы мүнөткө чейин сүйлөшүүлөр уланды, тараптар мунасага келүү үчүн өтө тыгыз иш алып барды».
КАРИМОВ АТАМБАЕВГЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗАӉДАДЫ?
Талкуу жараткан иштер Кыргызстандын ЕАЭСке расмий кабыл алынышы менен эле аягына чыккан жок. Көӊүл борборун дагы бир окуя ээледи. Ушул эле күнү КМШ өлкө башчыларынын бейтариз жолугушуусунда Өзбекстандын алмашкыс лидери Ислам Каримов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө кызаӊдап, кескин сындады.
Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун жеӊишине салым кошкон Кыргызстан тууралуу мындай пикирин айткан: «Бул саммитке бардыгы
(ред. КМШнын курамына кирген өлкөлөр тууралуу)келүүгө мүмкүнчүлүк таппаганы өкүнүчтүү, анткени кандайдыр бир деӊгээлде бул фронтто иштеген ата-бабаларыбызга, апа-энелерибизге сый көрсөтүү эмеспи. Өткөндү эстен чыгарбоо керек, тарыхты унуткан адамды келечек жазалайт. Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү киши согушка аттанган, алардын үчтөн бири согуш майданында кайтыш болгон. Ал мезгилде эч ким жеӊишти бөлүшкөн эмес, баары өз жанын курман кылган». Жашы 80ге таяп калган, Өзбекстанды 25 жылдан бери башкарып келе жаткан Каримов бул кепке теригип: «Алмазбек Атамбаевдин кайсы мамлекет улуу жеӊишке кандай көлөмдө кошкон салымы тууралуу сөзүн мен чекилик деп эсептейм. Ошондой эле унутууга аракет кылуу жөнүндө жемеси да орунсуз»,- деди. 9-майга чейин Каримов Москвада өтчү жеӊиш парадына катышпайт делип жаткан. Акыркы күнгө чейин анын барып-барбашы белгисиз болчу. Ошентсе да Каримов 8-май күнү Москвага барып, бирок Өзбекстанга ошол эле күнү учуп кетип, эртеси өтчү парадга катышкан жок. Айта кетүү керек, 9-май Өзбекстанда 1998-жылдан бери Жеӊиш күнү эмес, Аза күтүү күнү катары белгиленип келет. Атамбаевдин Кыргызстандын салымы тууралуу сөзүнө чычалаганы менен, өзбек башчысы өлкөсүнүн жеӊишке кошкон салымын айтып өтүүнү унуткан жок. Алмазбек Атамбаев Ислам Каримов сүйлөп жатканда сөзүн бөлүп «ал менин пикирим болчу» деп айтты. Антсе Каримов Атамбаевди «биз сиздин пикириӊизди илгертен эле билебиз» деди.
Эки башчынын сөз ыргытышканы жөн жеринен эмес. Ал эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин оордугунан кабар берет. Кыргызстан көп жылдар бою Өзбекстанга жаратылыш газынын айынан көз каранды болуп келип, бул кырдаал былтыркы жылы кыргыз жергесинин түштүк аймагы көгүлтүр отсуз калганда өзгөчө курчуган. Бирок кыргыз бийлиги маселенин чечилиш жолун таап, 2015-жылдан тартып Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын газ менен камсыз кылды. «Мен мурунку президенттерге окшоп Өзбекстан менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган жашыруун келишимдерге кол койбойм. Мен башын кашык менен урдурган Акаев эмесмин, жашыруун келишимдерге кол коюуну буюрган Бакиев эмесмин. 2015-жылы энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болобуз» деп көп ирет айтат Атамбаев өз сөзүндө.
Каримовдун кыжырдануусун ушундай жагдайлар менен түшүндүрүүгө болот. Ташкент мындан ары Бишкек менен мамилени таптакыр башка шартта куруп баштоо керектигин кабыл алгысы келбей тургандай.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg