МОСКВА АСКЕРИЙ КҮЧҮН БҮТ ДҮЙНӨГӨ КӨРСӨТТҮ

Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата жеӊиш парады Орусиянын борбору Москва шаарында эбегейсиз масштабда өткөнү дүйнө коомчулугу талкуу кылган көрүнүш болду. 9-Май күнү Москванын Кызыл аянтында 16 миӊ аскер, 200гө чукул аскердик техника, алардын катарында дүйнөдө азырынча атаандашы жок «Армата» өӊдүү жаӊы танктар жана 150гө жакын аскер учактары параддан өтүп, Орусиянын согуштук аракеттерге каршы турууга толук даярдыгын көрсөттү.
Кызыл армиянын фашисттик Германияны жеӊгенине 70 жыл толгондугуна байланыштуу уюштурулган бул парадга көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери чакырылган болчу. Европалык биримдиктеги бир катар өлкөлөрдүн лидерлери Орусиянын Украинага байланыштуу саясатына каршылык билдирип, иш-чарага катышуудан баш тартышты. Ага карабай, 30га чукул өлкөнүн лидерлери 9-Май күнү Москвада өткөн парадга күбө боло алышты. Кытай өлкөсүнүн башчысы Си Цзиньпиндин жана Индиянын президенти Пранаб Мукерджинин, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун аталган иш-чарага барганы дүйнөлүк маалымат булактарынын көӊүлүн бурган көрүнүш болду. Биринчи ирет 9-Май – Жеӊиш күнүндө орус президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эскерүү мүнөтүн жарыялады. Аскердик парадга орусиялык аскерлерден тышкары Кытай, Индия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Монголия, Сербия өлкөлөрүнүн аскерлери да катышты.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Москвада өткөн иш-чарада чет өлкөлүк лидерлердин арасынан орун алып, 75 кыргыз аскерлери Кызыл аянтта параддан өттү. Биздин өлкөдөн Экинчи дүйнөлүк согуштун 13 ардагери да Москвадагы Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барышты.
Мамлекет башчы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун баатыры, мекендешибиз Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына да катышты. «Жеӊиш зор кыйынчылыктар менен келди. Бир жарым миллион калкы бар Кыргызстандан кан майданга 365 миӊ жоокер аттанган. Расмий маалыматтар боюнча, алардын ар бир төртүнчүсү согуштан кайтпай калган. Согуштун алгачкы жылдары Орусиядан Кыргызстанга 140 миӊден ашуун адам эвакуацияланган, алардын бардыгы кыргыз жеринде жакшы кабыл алынып, блокадада калган Ленинграддан келген көпчүлүк балдар жаӊы ата-энелүү болушкан»,- деди президент.
Жеӊиш парадында Орусия менен Кытай лидерлеринин жанаша жүрүшүнө байланыштуу дүйнөлүк медиа-каражаттарында «чыгышта күчтөр биригүүдө» деген сыяктуу пикирлерди жаратты. Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин чогуу басып бара жаткан сүрөтүнөн улам интернет айдыӊында «геосаясатта жаӊы кадамдар жасалып башталат, эки ири держава бириксе, алар дүйнөдө чоӊ таасир жаратат» деген комментарийлер жазылды. Анын катарында Орусия стратегиялык өнөктөшүбүз деп айтып келген жана коӊшусу Кытай болуп саналган Кыргызстан дагы эки чоӊ мамлекеттин ортосунда татыктуу ордун табат деп үмүт кылабыз. 
Маалымат үчүн: Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миӊ киши аттанып, анын 114 833ү кайтыш болгон. «Кызыл Жылдыз» жана Советтер Союзунун баатыры наамын 73 киши, «Даӊк» орденин 22 киши алган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aidai88
2015-05-18 14:10:28
Урматту Супер Инфо кыргызстанда канча ардагер жашап жатат? Ардагерлердин баары москва шаарына келет деген болчу, майрам куну ардагерлер кыргызстанда да журдуго ошол жонундо маалымат берип койосуздарбы
0
admin_superstan
2015-05-18 16:33:28
aidai88, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
aidai88
2015-05-18 14:11:26
Же эсептелуусу гана келдиби
0
Zarema94
2015-05-19 22:26:26
Азыр олкобуздо 1092 с0гуш ардагери омур суруудо
0
Aliyar85
2015-05-20 20:21:28
курал жарак баарыда еле бар бирок курал чечпей калдыго коп нерсени! куралды пропаганда кылган мода 20кылымда еле !
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан