МАЙРАМДЫК СЮРПРИЗ

Майрамдык төшөк оюну адаттагыдан айырмаланып туруусу керек. Ал эми Жаңы жыл – сексуалдык жашоону жаңыртуу үчүн башкы себеп. Эгерде сиз да сүйгөнүңүз менен майрамды эсте каларлык кылып өткөргүңүз келсе, төмөндөгүдөй жаңы жылдык сюрприз тартуулаңыз.

БАШКЫ КААРМАНДАР:
Башкы каармандар, албетте, сиз жана сүйүк­түүңүз.
Уктоочу бөлмөңүз фантазияңызга жараша жаңы жылдык жасалгалар менен кооздолууга тийиш.
Эскертүү: Сиздин бул иш-аракеттериңиз тууралуу жан шеригиңиз өз убагында билгени оң.

АЛДЫН АЛА ДАЯРДЫК
31-декабрь күнү кечке маал бир нерсени шылтоо­лоп сүйүктүүңүздү базарга же дүкөнгө жибериңиз. Ал келгиче төмөндөгүлөрдүн баарын даярдаганга үлгүргөнгө аракеттениңиз.
I. Мырзаңыз сыртка чыгып кеткен маалда уктоочу бөлмөнүн эшигинин тышына “сүйүктүүм, бокалдарга шараптан куюп, уктоочу бөлмөгө кел” деп жазып коюңуз.
II. Уктоочу керебет – секс үчүн башкы талап. Андыктан алдын ала сатып алган делебени козгоочу кызыл же ачык түстөгү жаңы шейшепти салыңыз.
III. Эротикалык дасторкон
Уктоочу бөлмөгө үстөл жасап, үстүн мөмө-жемиш, күндүзү жасап койгон экзотикалык салат коюңуз. Ашкабак эркектин делебесин козгоочу афродизиак болгондуктан, курамына ашкабак кошулган пирогду алдын ала бышырып койсоңуз да болот. Илимпоздордун изилдөөсү боюнча кызыл шарап мырзалардын бел суусун күчөтүүчү ичимдик болуп саналат. Андыктан шампан эмес, кызыл шарап тандалсын.
Эскерте кетсек, бул түнү ашыкча тоюп алууга жол бербеңиз. Анткени бул секске жолтоо болору анык.

IV. Шам
Эркектердин көпчүлүгү жарык жерде ку­марга батууну каалашса, ал эми айымдар секс менен караңгы жайда алектенүүнү самашат экен. Мунун айынан ортодо тү­шүн­бөстүктөр чыгып кетпесин десе­ңиз, интимдик маанай тартуулоочу шам жа­гы­ңыз. Бүлбүлдөп жанган шамдын жарыгы тү­гөй­лөр­дү кеминде беш жашка жашартары илимпоздор тарабынан аныкталган. Бөлмөдө жагымдуу жыт аңкып турсун десеңиз, шамдын үстүнө эфир майынан тамчылатып коюуну унутпаңыз.

V. Чач жасалга жана макияж
Чач – айымдарга сексуалдуу көрк тартуулайт. Бул күнү чачтарачка барып ашыкча лак септирип, чач жасалгаңызды өзгөчө кылып жасатпай эле койгонуңуз туура. Анткени мырзалар табигый нерсени жактырышат. Чачыңызды таза жууп, жарашыктуу жасалгалап алганыңыз жетиштүү. Макияжга келе турган болсок, ашыкча боёнуунун кереги жок. Билинер-билинбес эле боёнуп алуу эротикалык макияж болуп саналат.

VI. Жаңы жылдык кийим
Жаңы жыл түнү Аяз кыздын кийимин кий­бе­гениңиз оң. Үстүңүзгө жеңил, ачык түстөгү денеге жабышкан кофта жана тизеден юбка кийиңиз. Юбкаңыздын артындагы жырыгынан сан эттериңиз көрүнгүдөй болсун. Андан соң жаңы атырдан себинип алыңыз. Ал эми бутуңузга бийик такалуу бут кийим кийиңиз. Анткени бийик такалуу бут кийим жамбашты ары-бери чайпоо үчүн ыңгайлуу.

VII. Белек
Сүйүктүүңүзгө кандай жаңы жылдык белек-бечкек даярдоо өз эркиңизге жараша. Эң негизгиси, белекти туура берүүнүн жолун билгениңиз оң. Белек өтө чоң эмес, чакан болуусу керек. Ал белекти кийип турган кийимиңиздин бир жерине бекитиңиз. Шарт боюнча мырза оозу менен сиздин денеңиздин бардык жерин сыйпалап көрүп, белекти табат. Катылган белекти колдору менен эмес, тиштери менен тиштегилеп алуусу керек. Мына ошондо гана оюн өз максатына жетет.

ИШКЕ АШЫРУУ

  • Мырзаңыз эшиктен кирип келген маалда кылгыра тиктеп караңыз. Анан юбкаңыздын жырыгынан сан эттериңизди булайта басып, унчукпастан уктоочу бөлмөгө кирип эшикти жаап алыңыз. Сүйүктүүңүз эшиктин тышындагы жазууну окууру менен, шарап куюлган бокалды колуна кармап алып уктоочу бөлмөгө кирет. Жанга жагымдуу шейшептин үстүндө жарым-жартылай жылаңач жаткан сизди көрөт. Анткени кофтаңыздын топчуларын чечип койгон болосуз. Элестете бериңиз, бөлмөдө бүлбүлдөп күйгөн шам, аңкыган жагымдуу жыт сүйүктүүңүздүн делебесин кантип козгобой койсун?! Бирок төшөккө кулоого али эрте. Анткени белек берүүңүз керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
  • Жаңы жылдык оюн «Султан жана туткун»

Жаңы жылдык түн эротикалык оюнсуз кызыксыз. Бул оюнду уктоочу керебеттин үстүндө эмес, килемдин үстүндө ойноо керек. Кабат салынган төшөктүн үстүнө мырзаңызды жамбаштап жаткырасыз да, жанына мөмө-жемиш, пирог, шарап коёсуз. Оюндун шарты боюнча султан колго түшкөн туткунга каалаган буйругун берет. Туткун буйрукту кың дебестен аткаруусу зарыл.
Эскертүү: Бул түнү сыналгы менен телефондор милдеттүү түрдө өчүрүлүүсү керек.

Кошумча...
Эротикалык массаж да жасаңыз. Колдон келсе моюнуңузга шуру тагыныңыз. Шуруну сүйүктүүңүздүн «алигисине» ары-бери тийгизиңиз. Оюнду фантазияңызга жараша андан ары өнүктүрүп кетсеңиз болот.


Силер билесиңерби?

СҮЙҮКТҮҮҢҮЗ ҮЧҮН ЖЕКЕЧЕ БЕЛЕК

Түгөйлөр ортосундагы мамиле муздай баштаганда эмне берүү менен ортодогу мамилени оңдоого болот? Албетте, мындай учурда жекече белек берүү керектелет. Андыктан Жаңы жыл майрамына карата сүйүктүүңүзгө интимдик белек берип, төшөктөгү мамилени бекемдеңиз.

  • Дүүлүк­түрүүчү жыпар жыттар чыгып туруучу презерватив белекке бериңиз. Жөн гана бербестен, кулагына жагымдуу, жан эргиткен сөздөрдү шыбыраңыз. Акыркы үлгүдөгү презервативди төшөктө колдонуу ашыктык кылбастыгын унутпаңыз.
  • Мырзалар айымына бир тал роза гүлү менен кошо ачык өңдөгү ич кийим берсе, эксклюзивдүү белек болмокчу. Роза сүйүктүүңүздү сүйөөрүңүздү дагы бир жолу далилдесе, ич кийим ортодогу ынак мамиленин туруктуулугун далилдейт.
  • Айым да, мырза да бири-бирине шейшеп белек кылса болот. Шейшеп – ортодогу мамиленин туруктуулугун белгилейт.
  • Гейшанын костюму, эротикалык китеп да баалуу белектерден. Мындай белектер айымыңызды төшөктө активдүү болууга чакыруунун белгиси.
  • Мындан сырткары, денеге сүй­көл­үүчү шоколаддуу майды же массаж үчүн колдонулуучу эфир майын белекке берсе болот. Жаңы жыл түнү бул каражаттарды колдонуу аркылуу массаж жасоо талапка ылайыктуу.
  • Колго салынуучу кишен бери­ңиз. Бул өзгөчө белек төшөк оюндарын ойноо учурунда башкы курал болуп бермекчи.

Эскертүү: Айымдар мырзасына резинадан жасалган куурчак аялдарды, жыныстык органдарды чоңойтуучу, кичирейтүүчү каражаттарды белекке бербөөсү абзел. Себеби интим белек эки тараптын кызыкчылыгы үчүн колдонулушу керек. Мындай белектер мырзаңызды келекелеген, шылдыңдаган менен барабар экенин унутпаңыз.


Азил-чыны аралаш

БАЛАТЫНЫН АЙЫМДАН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

  • Балатыны аларда каалаган жеринен кармалап көрсөңүз болот.
  • Ар жеринен жип менен байлап, арткы багажга салып койсоңуз да таарынбайт.
  • Баалуу жасалгасын сындырып алсаңыз да, балаты айымдарча ызылдабайт.
  • Бир күн кечке футбол көрсөңүз да, башка аялга көз кыссаңыз да балаты каршылык көрсөтпөйт.
  • Балатыны каалаганча колдонгон соң сыртка ыргытып жиберсеңиз болот.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
maratbek
2010-01-07 22:28:16
Балаты ал деген жандык эмес да
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан