Көр тирликтин айынан көпчүлүктү ташып акча тапкан таксисттерге кардарлары кол салган окуялар акыркы жылдары байма-бай катталууда. Буга мисал, жакында эле Ош шаарынан таксисттердин бирин 500 сом, экинчисин 180 сом үчүн өлтүргөндөр кармалышты.
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү саат 21:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кара-Көл жайлоосунда бир адамды өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымат Кара-Суу РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барышкан укук коргоо кызматкерлери анын белгисиз адамдар тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, ал Ош шаарында такси айдап күн көргөн 1952-жылы туулган Ибрахимжан Алимов экендиги маалым болгон. Туугандарынын айтымында, маркум 7-май күнү адаттагыдай кардарларын ташуу үчүн үйүнөн чыгып, ошол боюнча кайтып келген эмес. Бул кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында 11-май күнү Ош шаарынан кылмышка шектүү катары 1990-жылкы К.Ташболотов, 1991-жылкы Э.Момунов жана 1991-жылкы Д.Козубаев аттуу Араван районунун 3 тургуну кармалган.
«АРКАН МЕНЕН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮК»
Тергөө учурунда кылмышка шектүүлөр кылган иштерин толугу менен моюндарына алышып, төмөнкүдөй көрсөтмө беришкен:
– 7-май күнү кечке маал саат 17:00 чамасында үчөөбүз Ош шаарындагы «Ареопаг» аялдамасынын жанынан Дэу Матиз үлгүсүндөгү таксини токтотуп, шаардын четиндеги дачаларга жеткирип коюшун сурандык. Папан айылы жакка жеткен соӊ үчөөлөп моюнуна аркан салып муунтуп өлтүрдүк. Андан соӊ анын чөнтөгүнөн 500 сом жана уюлдук телефонун алып, өзүн болсо ошол жерге таштап, машинасын айдап кайра Ошко келдик да, Кулатов кичи районундагы мектептин жанына токтотуп коюп кетип калганбыз.
«180 СОМДУН 100 СОМУНА СЫРА ИЧТИК»
«Кыӊыр иш кырк жылда билинет» демекчи, тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын дагы бир таксисттин өлүмүнө тиешеси бар экендиги жана ал кылмыш учурунда жанында башка бир досу болгондугу аныкталган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-январь күнү Ош шаарындагы Ош-Араван каналынан киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринде маркум Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Кубанычбек Ысмайылов аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал Ош шаарында такси айдап жан багары белгилүү болгон. Маркумдун унаасы эртеси күнү 13-январда Ош шаарындагы Кулатов кичи районунан табылган.
Кылмышка шектүүлөр окуяны төкпөй-чачпай айтып беришкен соӊ 12-май күнү Кубанычбек Ысмайыловдун өлүмүнө шектүү делинген алардын төртүнчү шериги Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал дагы Араван районунун 1991-жылы туулган А.О. аттуу тургуну болуп чыккан. Сурак учурунда Кубанычбек Ысмайыловду өлтүрүүгө катышканын моюнуна алып, төмөндөгүчө көрсөтмө берген:
«Ошол күнү суук болчу. Жамгыр жаап, баарыбыз үшүп калганбыз. Акча керек болуп, Хонда Фит айдаган таксистти жалдап, Алмалык айылына бардык. Ошол жерден кол салдык. Мен унаанын курун кесип, аны менен таксистти муунткам. Мындан улам ал эсин жоготуп жатып калды. Таксисттин колун кур менен таӊып, каналга ыргыталы деп жатканда эсине келе түштү. Анан мен тепкенде каналга тоголонуп түшүп кеткен. Чөнтөгүндө болгону 180 сому жана телефону бар экен. Биз ылай болгон унааны жууп, Кулатов кичи районуна келдик. Ал жактан 180 сомдун 100 сомуна сыра ичтик, 80 сому менен үчөөбүз Араванга кетип калдык. Эгер акча тапсам Орусияга кетмекмин».«ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА»
Бул боюнча Ош ШИИББинин жана Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаевага кайрылдык:
– Жогорудагы 2 таксисттин өлүмүнө шектелип кармалган Араван районунун тургундары кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук соту тарабынан 2 ай тергөө абагына камалышты. Тергөө иштери азыркы тапта уланууда.
Аз гана акча үчүн бир эмес, эки үй-бүлөнүн уясын бузган кылмышкерлерди темир тор күтүүдө. Бейкүнөө ажал тапкан Ибрахимжан Алимовдун артында 2 уул, 3 кызы, ал эми Кубанычбек Ысмайыловдун 3 уулу атасыз калды...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg