(Башталышы өткөн сандарда)
Кумарчы Искенди жерге бергенден кийин Жылдыз анын жубайына сүйлөшүү үчүн барды.
– Айнур,- деп сөз баштады башын шылкыйтып.
– Кылгылыкты кылгандан кийин кайсы бетиӊ менен келдиӊ?
– Өлүмдү ким тилептир дейсиӊ? Садыр деле өлтүрө коём деп урду деп жатасыӊбы?- деди жалооруп.
– Өлтүрбөйм десе кана, өлбөйт эле го?! Сен куу туяк маӊдайымда турбайт элеӊ да!- деп ызырынды. Куу туяк, туубас деген сөздөр Жылдызды ууктуруп жиберчү. Мууну бошоп, калтырап кетти. Ачуунун үстүнө ачуу бүркпөйүн дегени менен, оозунан жаман сөз чыгып кетти.
– Куруган кумарпоз күйөөӊдү тыйып албайт белеӊ?! Көрүнгөндү сыздатып, үй-бүлөсүн арам акча менен баккан адамдын жазасы ушул болмок! Жылдыздын чыдамы түгөнүп, тыбырчылай берди. Кара кийип, кан жутуп, аза тартып отурган Айнур ордунан обдулуп тура калды.
– Эй, жексур! Таза, адал үй-бүлө экенсиӊер, башыӊарга чыккан балаӊарды тарбиялап албайт белеӊер?! Кайсы арыӊа сүйлөп жатасыӊ?- деди. Жылдыз аарынын уюгун козгоп алганын кеч түшүндү. Ары жактан маркумдун эже-карындаштары, жакындары жабалактап кыйкырып киришти.
– Сен өлсөӊ болмок.
– Бул өлбөйт.
– Туубас.
– Сасыган сараӊдар!
Жылдыз таш бараӊдын ортосунда калды. Айтылган ар бир сөз таш сыяктуу талылуу жерине тийип жаткандай эле болду. Аза тарткан адамдан мындан артык сөз чыкмак беле? Чыдашка туура келди. Андан башка чарасы да, амалы да жок болчу.
Милициялар Садырды бет кап кийип сабап жатышты. Алардын мындан бөлөк кызматы деле жок. Айылда кылмыш деле катталбайт, тынчтык өкүм сүрөт. Ошондуктанбы, качан көрбө дүкөндөн ичимдик алдырышып, тамекини түтөтүп гана отурушат. Кээде кылмышка шектүү болуп бирөө-жарым кармалып калса, кезектешип бет кап кийип алып сабоо алардын көнүмүш адаты.
Оозунан арак буруксуп, тамеки денесине, андан өтүп кийимине сиӊип бүткөн бир кызматкер Садыр отурган бөлмөгө кирип келди. Бөлмө ансыз да караӊгы, ичи көк жыттанат. Ичинен жакындарынан бирөө келди го деп ойлоду. Бирок бет капчан караанды көргөндө ал ою көккө сапырылды.
– Сараӊ, келчи бери!- деди жүзүн жашырган милиция.
– Бир айылданбыз, атаӊдай кишини бириӊден өтүп экинчиӊ талашып сабаганыӊар эмне?
– Таяк жеген кандай экен? Түшүнүптүрсүӊ го, акеси. Ха-ха-ха!- деп калп күлүмүш болду.
– Мен атайлап киши өлтүрүптүрмүнбү? Кырсык болуп кетти. Сен дагы мага окшоп ата болосуӊ, уулум. Бул сөздү тиги көпкөлөӊ жигит укмак беле?
– Сен атайлап киши өлтүргөнсүӊ. Эми кокустук деп актанып жатасыӊ. Жазаӊды алышыӊ керек!- деп дубинка менен далыга чапты. Садыр бүк түшө отуруп калды.
– Айбан экенсиӊер! Атаӊа наалат!
– Эмне деп жатасыӊ? Атама наалат айтчу сен эмессиӊ!- деп кара күчкө күрсүнүп ээктен өйдө көтөрдү да, муштум менен коюп жиберди. Садыр күп этип жерге кулап түштү.
Эми кетип калат го деп ойлоп, үн катпай жаткан.
– Карасаӊ, мунун калп эле жата калганын. Тур, энеӊди урайын!- деп бөйрөк тушка кайра-кайра тээп жиберди. Садырдын жаны ачыганы аянычтуу үнүнөн билинди.
– Уф-ф, биротоло өлтүрүп эле сал!
– Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат болуп сүйлөгөн сөзүн кара. Ме сага!- деп дагы бир жолу тээп жиберди.
– Ичи-им. Жакшылык көрбөй өт!- деди онтоп жатып.
– Бас үнүӊдү! Тилиӊди тартпасаӊ, кесип салам.
Кыйратып жумуш кылгансып, эшикти тарс эткизе жаап чыгып кетти. Муштум тийген жерлери чыдатпай ооруп, көпкө чейин ары-бери тоголонуп жатты.
Акыл дагы деле эсине келе элек. Атасынын камакка ал үчүн отурганын элес албады. Киши өлтүрсө жазасын алат дегенчелик кылып камыраган жок. Ичинен «канча мал жоголгонун эсебин ала берчү эле, ырас болуптур» деп койду. Ары-бери күйүп чуркаган Жылдызга эле кыйын болду. Кеч кирип, тамактанып бүткөн соӊ адатынча көчөгө жөнөгөн Акылга:
– Каякка жөнөдүӊ? Көп басып жүрүп, бок бастыӊ! Атаӊдын абакка түшкөнү сабак болгон жокпу?- деди безеленип.
– Мен эмне кылдым? Аны бирөө киши өлтүрсүн дептирби?- деп ийинин куушуруп сыртка чыгып кетти. Жылдыздын күйбөгөн жери күл болуп, уулунун артынан аптыгып
чуркап чыкты.
– Акыл, токто!
– Эмне?
– Кайда барасыӊ? Укчу мени. Атаӊ тигинтип түрмөдө куурап жатса, сенин көчө таптаганыӊ кандай?
– Апа, менин ага кандай тиешем бар? Сиздики да кошул-ташыл болду да.
– Эч кайда барбайсыӊ! Колунан кармап:
– Балам, бизди күйгүзүп өлтүргүӊ барбы?- көкүрөктөгү муӊун сөз менен жеткизе албай, буркурап ыйлап жиберди. Уулунда акыл да, мээрим да жок белем, энесинин сөзүнө
маани бербеди. Жылдыздын алсыз, кайратынан жанып турган колдорун силкип жиберди.
– Атам Искенди өлтүрүп салды деп мүӊкүрөп отура берейинби? Эч качан андай кылбайм! Мен токтолбойм, күчөй берем!
– Балам, кагылайын кулунум!
Жылдыз кара жерди кучактап жыгылды. Баласынын колунан үзүлгөн манжалары жерди мыкчып, алаканы жер эненин бир ууч топурагына толду. Кайран өмүр, табият... Сыздап, күйпөлөктөп жүгүргөн асыл эне... Карааны узап бараткан уулун токтотуу үчүн артынан жүгүрдү.
– Акыл, кулунум. Токточу, садагасы!
– Эмне?! Эмне чап кенедей жабышасыз?
Ушул учурда Акылдын көзү башкача боло түштү. Көз байланган учур болсо да, Жылдыз анын көздөрүнөн үмүтсүз, жансыз, кунарсыз келечекти көрүп турду.
– Кагылайын, уулум, Акылым!- деди жалдырап.
– Мен сенин уулуӊ эмесмин! Эми болдубу?
– Антпе, баламсыӊ. Өзүмдүн уулумсуӊ!- бакырып ыйлап жиберди.
– Мени багып алгансыӊар.
– Мен го өгөй экенмин. А атаӊчы? Аны кантип курмандыкка чалып жатасыӊ?- ачуусу менен болгонун айтып алды.
– Сени эч кимден кем кылбай чоӊойттук. Атаӊ шордуу сен дегенде ичкен ашын жерге таштап чуркады. Азыр жаш, кийин түшүнөт деп жүрүп ушул убакка келдик. Мээнетибизди актадыӊбы? Жо-ок. Тырмактай эмгекке татыган жоксуӊ! Тогуз ай көтөрүп, толготуп төрөбөсөм да, өз энеӊден артык өстүрдүм. Ак сүтүмдү эмбесеӊ да, өз энеӊден артык мээнет үрөдүм. Жолуӊ болсун!- деди да, артын карабай басып кетти. Акыл ордунда саамга ойлонуп туруп:
– Мага эмне? Бириӊ өлүп, бириӊ кал!- деди да, артына кайрылбай басып кетти. Ачуу демин басуу үчүн дүкөндөн сыра алып, өзү жалгыз мас болгончо ичти. Ичимдикке кызыган соӊ Кеӊештин үйүнө барды. Кумарчылар да анын келишин күтүп отурушкан. Акыл киргенде эле үн-сөзсүз сабап киришти...
(Уландысы кийинки санда)