КОЙ (21.03-20.04)
Аптада жаӊы адамдар менен таанышуудан алыс болуӊуз. Анткени ою таза эместер жолугат. Ошондой эле чөйрөдөгүлөргө төгүлүп-чачылып сырыӊызды айтпаӊыз, аны кайра өзүӊүзгө каршы колдонушат. Үй-бүлөлүк бюджетиӊизди толтуруу менен убараланып, жакшылап эс алууну унутасыз. «Ушуга жетишем» деп кара жаныӊызды карч урбай, мүмкүнчүлүгүӊүзгө жараша иш кылуу сунушталат. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ар тараптан ийгилик жылмаюучу апта. Болгону колдоочу адамдарга жакын болуп, кеӊешке кайрылып туруу кажет. Жасаган ишиӊиз келечекке жана чөнтөгүӊүзгө пайда алып келет. Бирок пландалбаган нерселерге акча жумшап жиберип, артында өкүнүп калбоону эске алыӊыз. Кокус командировкага чыгууну сунушташса баш тартканыӊыз оӊ, анткени жол азабы көп болот дешет жылдыздар.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада майда маселелер, оор иштер көп чыгат. Күчүӊүздү үнөмдөө жана депрессияга түшпөө максатында иштерди күндөргө бөлүп алып, четинен бүткөрүӊүз. Жетекчилик менен тартышпаӊыз, ортодогу жарака тереӊдеп кетет. «Канткенде ишим алдыга жылып, киреше табам?» деген суроону алдыга коюп, ички мүмкүнчүлүгүӊүздү анализдеӊиз. Апта акырында кубандырчу окуяга кабыласыз. БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада тагдыр сунган майда сюрприздерди кубануу менен кабыл алууга даяр болуӊуз. Кечиримдүү жана токтоо болсоӊуз, чөйрөдөгүлөр да сизди баалап, кээ бир иштериӊизге кол кабыш кылышмакчы. Ал эми маанилүү документтер менен алпурушууну кийинки аптага жылдыруу зарыл. Апта ортосунан тарта үйдө жана чарбада кол эмгегин талап кылчу иштер көп чыгат. АРСТАН (23.07-23.08)
Маанилүү иштер жана чоӊ максаттар келечек тагдырыӊыз үчүн роль ойнойт. Андыктан алдыга тырышып жыла бериӊиз. Азырынча энергияӊыз жетиштүү, ошол себептен ойлогондон да көп иш бүткөрүүӊүз мүмкүн. Тааныштардын сунушуна макул болсоӊуз, олжо сиздики. Жакын адамдарыӊыз керектүү кеӊеш жана жардамдары менен көтөрмөлөшөт. БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишиӊиз жана жеке жашооӊуз кубандырарлык болот. Бирок карьера жаатында олуттуу кадам жасоого киришпей туруӊуз. Сырткы келбетиӊизди оӊдоп, жашыруун таланттарыӊызды ойготуӊуз. Өткөн жашоодогу каталарды кайталабай, жаӊы пландарды түзүӊүз. Кызыктуу адамдардын чөйрөсүндө болуу тилегиӊиз ишке ашып, кубанууӊуз да күтүлүүдө.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көпчүлүк таразалар «бул иш бүтпөйт го» деп кейиши мүмкүн. Жылдыздар буга кайгырбай, чыдай турууну эскертишет. Учурдагы аракетиӊиз жакын арада жемишин
тартууламакчы. Жардамга кол сунгандарга таяныӊыз. Бир беткей жашооӊузду романтикалык жолугушуу кооздоп кетет. Апта аягында кырдаалга жараша туура чечим кабыл алсаӊыз, чоӊ пайда сиздики болмокчу.ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында максатка жетүүӊүзгө каршылыктар жаралат. Мисалы, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө, авиабилет сатып алуу дегендер. Маселелерди чечүүдө башкаларды укпай, ички туюмуӊузга таяныӊыз. Жакын дос саналгандардын бири сатып кетиши ыктымал, абайлаӊыз. Бейшембиден тарта абал өзгөрүлөт, мүмкүн, эс алуу максатында башка жакка кетесиз.ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Мыйзам чегинде иштеп, өз кызыкчылыгыӊыз үчүн туура эмес иштерди жасап жиберүүдөн сактаныӊыз. Майда деген нерселерге да көӊүл буруп, тоскоолдуктарга каршы туруӊуз. Мурунку жашооӊузга байланышкан эски досторуӊуз сизге кайтып келишет. Алар жашооӊузга өзгөрүү, жаӊылануу киргизүүлөрү ыктымал. Бул аптада табышкерлик жөндөмүӊүз чоӊ киреше тартуулабайт.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумуштагы аракетиӊиз бааланып, чоӊ иштерди аткарууга белсендирет. Талаш маселелер да сиздин пайдаӊызга чечилет. Башыӊызда бышып жетилген пландарга киришсеӊиз болот, ыӊгайы келип турат. Апта акырында майда кырсыктардан сактанып, караӊгы көчөдө, ой-чуӊкуру көп жолдордо жүрбөӊүз. Бирөөлөрдүн азгыруусуна кирип, кымбат нерсени сатып албаӊыз.СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Окуялардын, маселелердин айлампасында каласыз. Аларды чечүүдөн качпай, убагында чыдап бүткөрүү кажет. Бир ишиӊизди бүткөрүү максатында таасирдүү тааныштарга кайрыласыз. Жакын туугандарга жолугуу максатында кичи мекениӊизге барууӊуз ыктымал. Жол жүрүүдө ишенимдүү айдоочусу бар унаага гана түшүӊүз. Кийим жана белек-бечкек үчүн акча коротосуз.БАЛЫК (20.02-20.03)
Көптөгөн окуяларга бай апта болмокчу. Кызыктуу адамдар менен чогуу эс алып, сейилдөөнү планыӊызга кошо бериӊиз. Банктан насыя акча алып, аны керектүү ишке салуу идеясы жаралат. Кандайдыр бир коомдук ишке аралашууӊуз мүмкүн. Апта ортосунда жамаатта сизге атаандаш чыккандардын кылыгына чыдоо керектелет. Апта аягында керектүү маалыматты өткөрүп жибербеӊиз.