16-май күнү айыкпас дарттан улам келбес сапарга узады. Анын ээлеген орду бүгүн бош калып, дагы бир жакшы адамды арабыздан жоготконубузду жакындары жана санаалаштары эле эмес, калдайган кыргыз журту сезип турду. Улуттук суусундугубуз жарманын даамын жайылтып бергенине, ата мурастарын аздектегенине, байлыгына манчыркабай жалпыга бирдей жөнөкөй мамиле кылганына, бийлик көксөбөй эл арасында карс-карс күлүп жүргөнүнө, кыргызды даӊазалай берчү сөзмөрдүгүнө бардыгыбыз ыраазы болуп, аны жакындан тааныбай туруп эле жакын тутуп жүрүптүрбүз. Табылды Бердигулович эмес, Табылды агай, Табыке, Табыш деп атап алган экенбиз...
КОЙ КАЙТАРГАНДАН ТАЖАП, БИЛИМГЕ УМТУЛГАН
19-май күнү Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылындагы «Супара» этно-комплексинде калыӊ журт Табылды агай менен коштошуп турду. Бийлик төбөлдөрү, адабий чыйырдагы санаалаштары, достору жана аны жөн гана жакшы көргөн карапайым адамдар чогулуп эскеришти.
Табылды Эгембердиев 1951-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Биздин гезитке берген буга чейинки маектеринин биринде ал: «Мен жетим өстүм. Байкаганым, жетим балдар бардык шарты белен теӊтуштарына караганда тыӊ келишип, көп ийгиликтерге жетишишет. Балалыгым Суусамырда кой кайтармай, тезек термей менен өттү. Кой кайтаргандан ушунчалык тажап, андан биротоло кутулгум келчү. Ошол үчүн оюнга, башкага алаксыбай, жаш кезимден билимге умтулгам»,- деп айтканы бар.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, инженер курулушчу кесибине ээ болгон Табылды агайда көпчүлүк агымга кошулуп жүрө берүү деген болгон эмес. Ал дайыма изденүүнүн үстүндө жүрчү. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап, кийин маянанын аздыгынан куруучу-прораб болуп эмгектенген Табылды агай ал күндөрү тууралуу: «Ошол жылдары өмүрүмдө оор сыноолор башталды. Ошондо билдим, жашоодо таза маянасы менен гана өкмөттү карап отурган адам бааланбасын»,- деп эскерген эле.ИШЕНИМДЕН КУРАЛГАН «ШОРО»
1990-жылы Табылды Эгембердиев Кыргызстан демократиялык кыймылынын уюштуруу конференциясында анын башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланып, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан.
1992-жылы Табылды Эгембердиев иниси Жумадил Эгембердиев менен айтылуу «Шоро» компаниясын негиздеген. Анын жаралып калышы тууралуу «КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеп жүргөн учурум... Жыргаган айлыгыбыз деле жок. Бир күнү бизнес тууралуу сөз боло калганда «мен максым жасап сатам» десем, демократ досторум шылдыӊдап күлүп калышты, «ушуну менен кантип өнүкмөк элеӊ» дешип. Алар менин чаначтан максым куюп көчөдө отурганымды элестетип жатышты окшойт. Ал эле эмес, айылдагы туугандарым да менин максым сатып калганымдан уялып, анча-мынча учурларда сөзгө сынып жүрүшкөнүн кийин уктум. Алардан айырмаланып, иним экөөбүз максымдын келечегине толук ишенчүбүз» деп эскерип өткөн.
Интернет айдыӊында да «Шоро үчүн рахмат!» деген эскерүү акциясы уюштурулуп, жаш-кары, айылдык, шаардык дебей жалпысы агайга болгон сый-урматын, анын элесин унутпай турушкандыктарын билдирип жатышат.
«ЖЕТИШПЕЙ КАЛАМ ГО ДЕП ШАШЫП ЖАШАП ЖАТАМ»
Чынында, Табылды агай жоктон бар кыла алды. Ал жылдарда жеке ишкерлер эле эмес, мамлекет да араӊ тай-тай басып келе жаткан учуру эмес беле. Бирок ошондо да бир эсе тобокелчиликке салып, бир эсе өзүнө ишенүү менен алдыга кадам таштаган Табылды Эгембердиев, ал учур жөнүндө «Апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. «Ой, эмне болду?» десем, «баарын сатып бүттүк» дешет. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти» деп кеп салып берген.
Табылды агайдын жакын санаалаштарынын бири, жеке ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков коштошуу зыйнатында «Табыке эс алганды билчү эмес» деп анын ашыкча мээнеткечтигин айтып өттү. «Бир эс алсаӊ боло» десек, «пенсияга чыкканда же «тиякка» барганда эс алабыз» деп каткыра сүйлөп, жанын тындырчу эмес» деп эскерди. Буга катар ал Табылды агайдын «Супара» этно-комплексин кантип курганына да азын-оолак токтоло кетти. «Мына ушул жерге кичинекей бир чатыр тигип алып, күн-түн дебей иштеп «Супараны» курган. Кийин бир жылга жетпеген аралыкта алпурушуп жүрүп, өзү кошо баткак кечип «Супара-Чуӊкурчакты» бүтүрүп койду. Ал элге жакын, табигатка жакын философияны көрсөтүп кетти. Кээде тамашалап «мен өлсөм «Ала-Арча» көрүстөнүнөн орун талашып ызы-чуу болбой, сөөгүмдү тоого жакыныраак кылып койгула деп айтчу»,- деген Аскар Салымбеков анын бир башкача жупунулугун белгилеп өттү. Табылды Эгембердиевдин сөөгү Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күӊгөй айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Чуӊкурчак жайлоосундагы экинчи «Супара» этно-комплексин салдырып жаткан учурда Табылды агай «Спутник» сайтына маек берген. Анда Табылды агай: «Иш кылгандан артык нерсе барбы?! Бир гана арман бар, карып баратам! План көп, бирок жетишпей калам го деп шашып жашап жатам»,- деп алда бир нерсени сезгендей сөз айткан экен.
ДОСТОРДУН КОШТОШУУСУ
Табылды Эгембердиев жакын санаалаш досу, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди өзгөчө жакшы көрчү. Шайлообек агай досу Табыке салган «Супарада» аны менен коштошуп турду.
– Сен акылдуу болчусуӊ. Сергек болчусуӊ. Жаш баладай таза, ошол эле учурда татаал да болчусуӊ. Кирем дегендин баарына жүрөгүӊдүн эшигин ача берчү эмессиӊ. Жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жан бактыларды жиниӊдей жек көрчүсүӊ... Такыр эле эс албай жашаган жан элеӊ. Сенин башыӊда ой-максат дегендер толтура болчу. Ошонун баарын жасайм дечүсүӊ. Сен мурутуӊ муз болуп, таманыӊ сыз болуп Чуӊкурчактын жазын жаздап, кышын кыштап жүрүп, айыкпас дартка чалдыктыӊ. Сенин колуӊ тийген жансыз таштарга жан кирип, сүйлөп турчу, сенин колуӊ тийгендин баары гүлдөп турчу... Артыӊда кулунунан ажырап, буркурап боздоп турган энеӊ калды. Энеге баласынан ажырагандан өткөн кайгы-муӊ болбос. Артыӊда боздоп-ыйлап асыл жарыӊ Жаӊылыӊ калды. Атасынан ажыраган балдарыӊ калды. Уялашыӊ Жумадил калды. Туугандарыӊ, жакын санаалаш калдайган калкыӊ калды. Сен эч качан унутулбайсыӊ. Сен атыӊды өлбөй, өчпөй турган асыл адамдардын, атыӊды өмүр бою сактай турган асыл адамдардын катарына калтырып кетип баратасыӊ. Сен эми түбөлүк эскерүүгө айланасыӊ!
Кыргыздын чыгаан уулу, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү ТАБЫЛДЫ ЭГЕМБЕРДИЕВ БЕРДИГУЛОВИЧТИН кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.
«Супер-Инфо» гезитинин жамааты
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg
Сүрөттөр «Шоро» ишканасынын басма сөз кызматынан алынды.