Садык Шер-Нияз, режиссёр: «ЭЛ 120 ДЕПУТАТТЫН ЖАРЫМЫН ТААНЫБАШЫ МҮМКҮН, МЕНИ РЕЖИССЁР, КООМДУК ИШМЕР КАТАРЫ БИЛИШЕТ»

Маданиятка өз алдынча жан үрөп салым кошуп келаткан Садык Шер-Нияз аттуу коомдук ишмер бар. Оор басырыктуу агабыздын мамлекет үчүн кылган иши да салмактуу. Саясатка аралашып маданиятты өстүрөм деген принципти карманган бул мырзага собол салып, жооп алдык.

– Шер болгон бийикпи же шеф болгонбу?
– (Күлүп) Шеф болуп Кыргызстан үчүн пайдалуу иш жасай албагандан көрө, Шер болуп маанилүү учурда тез чечим кабыл алган жакшы.
– Темир тулпарбы же аргымакпы?
– Турмуш жагдайга байланыштуу темир тулпар.
– Саясат же маданият?
– Албетте, маданият.
– Ийгиликке жетүү үчүн акыл керекпи же таанышпы?
– Ишеним керек.
– Китеп же интернет?
– Элүү-элүү.
– Мактоону жактырасызбы же мактангандыбы?
– Себеп болсо мактаган да, мактанган да жакшы.
– Бишкекте «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгында «Курманжан датка» тасмасынын жаратуучулары 10 наамга ээ болду. Бул чоӊ жетишкендик. Садык Шер-Нияз «Курманжан датканы» көтөрдүбү же Курманжан датка Садык Шер-Ниязды даӊазаладыбы?
– Бексултан Жакиев агабыздын «арбактуу кишилер» деген жакшы сөзү бар. Курманжан датка энебиздин да даӊазалуу жолу бар, тарыхта изи калган атак-даӊктуу, арбактуу киши. Андыктан мындай инсандар дайым алдыда жүрүшү керек. Менин атыма салым кошподу деп айтсам жаӊылыштык болот. Коомубузда бир кызык жагдай бар, коомдук иш кылган адам анча баалана бербеген. Маданияттын өсүшү үчүн 20 жылдан ашык убакыттан бери кара жанды карч уруп, айтыш өнөрүн, манасчылык, жаш калемгерлердин өсүүсүнө өбөлгө түзүп келатам. Бул тасманы тартуу үчүн үч жыл эмгек жумшаганым бааланып, жыйырма жылдан берки коомдук ишим унутта калса, бул акыйкатсыздык болуп калат.
– Режиссёрлук сиздин сүйгөн кесибиӊиз. Бирок кайрадан кино тартууга жан үрөп кирбегениӊиздин себеби эмнеде?
– Кудайга шүгүр, эл аралык деӊгээлге атыбыз чыгып калды. «Айтыш фильм» студиябызда дагы мыкты шаймандар жетиштүү. Каражатыбыз болсо бар. Кино тартып иштей берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Бирок маданияттын башка тармактарын дагы көтөрүш керек да. Театрга эч ким барбай, жазуучулар, сүрөтчүлөр мөгдүрөп турат. Биз ошолорду алдыга жылдыруунун үстүндө иштешибиз абзел. Ар кимибиз өз алдыбызча арабабызды тартып жүрө берсек, маданияттын бул тармактарын ким өстүрөт? Жеке чыгармачылык амбицияга караганда жаӊы жүздөрдү, таланттарды чыгаруу мен үчүн маанилүү.
– Сөзүӊүздүн төркүнү каякка баратканы түшүнүктүү болду. Азыр чөнтөгүндө акчасы, жогору жакта таанышы бардын баары эле эл өкүлү болууга аттанат...
– Бизнесин коргоо үчүн, бир даары «баланчанын баласы депутат экен» деген аброй күтүп, ат жасоо үчүн саясатка аралашкандар бар. Мен жогорудагы эки нерседен теӊ алысмын. Менде коргой турган бизнес жок. Тапкан тыйынымды маданиятка жумшайм. Эл алдында аброюм дагы жетиштүү. Жарандарыбыз 120 депутаттын жарымын тааныбашы мүмкүн, бирок мени режиссёр, коомдук ишмер катары таанышат. Креслодо какайып отуруу үчүн саясатка бара жаткан жерим жок. Парламентке интеллигенциянын, маданияттын өкүлдөрү аралашпаса, мамлекетибиз ыӊгайсыз абалга тушугушу ыктымал. Мамлекеттин өсүп-өнүгүшү, туруктуулугу үчүн идеология керек. Идеологиянын түркүгү – бул маданият.
– Ошол сиз айткан маданиятты өнүктүрүү үчүн даярдалган программаӊыз барбы?
– Бизде иш кылбай, кооз сүйлөп упай топтоп, алдыӊкы планга чыгып кеткендер арбын. Биз андай куру популизмден алыспыз. Өӊгөнү айтпаганда да, атадан балага өткөн өнөрлөрдү сактап калуу жыйырма жыл илгери биздин башкы план болчу. Бүгүн Болот Миӊжылкыев, Таттыбүбү Турсунбаева, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева өӊдүү залкарлар жок деп айтышат. Эч ким Эстебес Турсуналиев, Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Жеӊижок жок деп айта албайт. Амантай Кутманалиев баштаган Элмирбек, Жеӊишбек, Аалы, Азаматтар бар. Бир топ манасчылардын аты чыгып калды.
«Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» аттуу эл аралык кинофестивалды уюштурдук. Бул дагы иш жүзүндө далилденип, эл аралык чоӊ мааракеге айланып турган учуру. Келечекте театрды, акын-жазуучуларыбызды, сүрөтчүлөрүбүздү, деги койчу маданияттын кайсы тармагы болбосун өстүрүүнүн үстүндө алектенебиз.
– Маданият өкүлдөрүн Бакайындай баштап «Ата Мекен» партиясына кошулдуӊуздар. Агаӊыз Болот Шердин чакырыгы менен келдиӊизби же жеке тандообу?
– «Ата Мекен» партиясына ыктаганыма агамдын да үлүшү бар. Кино жаатында жаӊы пландар түзүлүп калган учурда «парламентке барып саясатка аралашпайсыӊбы?» деген сунушун айтты. Ойлонуп көрүп ушул чечимди туура көрдүм. Өзүнүн туруктуулугу, идеясы, багыты бар партиялардан экөө болсо, анын бири ушул партия. Бул партиянын парламентте турушу мамлекеттин стабилдүүлүгүнө кепил боло алат. Кээ бир партиялар али да өз багытын таба элек, бир күнү бириксе, эртеси башка жолго түшүп жатышат. Айрымдарынын ачыктан-ачык эле реваншисттик ою бар. Эгер алар бийликке келе турган болсо, жаӊы багыт алабыз деген жүрүшүбүз үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Андыктан «Ата Мекен» партиясына жардам беришибиз керек.
– Ошондо агаӊыз экөөӊүздөр бир партиядан депутат болот экенсиӊер да?
– Биринчиден, бул партия бир туугандардын партиясы эмес. Агам өзүнүн тагдырын өзү түптөгөн киши. Мен өз жолумду өзүм баштаган адаммын. Экинчиден, бир тууган атыбыз эле болбосо, ар бирибиздин өзүбүздүн позициябыз бар.
– Баса, сиздин Эркин Шерниязов аттуу агаӊыз КДКда (Кыргызстан демократиялык кыймылы) жүргөнү бар. Сиздердин саясатчы болушуӊуздарга агаӊыздын таасири барбы?
– Ыраматылык Эркин агам КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп жүрдү. Мен анда 20 жаштын тегерегиндеги жигит элем. Агам бир жолу досторун мейманга чакырып калды. Ошондо Өмүрбек Текебаев, Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун баш болгон кишилер барганда кубанып, колдоруна суу куюп жүрдүм. Ошол саясатчылардын көбү ар тарапка бет алды.
– Байдын уулу бай, чоӊдун баласы чоӊ болот деген түшүнүк бар. Сиз кандай үй-бүлөдө чоӊойдуӊуз?
– Мен көп балалуу, жетишпеген, бирок ынтымактуу үй-бүлөдө чоӊойдум. Бири-бирибиздин кийимибизди кийип, 7-8 жаштан тарта колго кетмен кармап тамеки чаптык. Ал деле бышыктыкка, эмгекти сүйө билгендикке үйрөттү. Баладай болуп жаӊы кийим кийип, велосипед тээп кубанган күндөрдү деле эстей албайм. Балдарыма азыр айтып берсем, жомоктой туюлат.
– «Атасы күлүк чабылбайт, энеси күлүк табылбайт» деген накыл кеп туура болсо, сиздердей алыска чуркар балдарды төрөгөн энеӊиз тууралуу сөз кылсакчы?
– Апамдын аты Арна. Колхозчу болуп жүрүп 8 баланы чоӊойтту. Өтө жөнөкөй адам. «Баатыр эне» ордени берилет, ошого жазалы» десек, «койчу, айланайын, силердин амандыгыӊар эле жетишет» деп калат. Бардык бир туугандар материалдык жактан теӊ болбойт экен. Апабыз баарын теӊдеп турат.
– Режиссёр үчүн табит эӊ маанилүү эмеспи. Аял затына кандай көз караштасыз?
– Орто статистикалык көз караштамын (күлүп).
– Жеӊем менен таанышкан күн эсиӊиздеби?
– Өмүрлүк жарым менен күтпөгөн жерден таанышып калганбыз. Мени досум башка кыз менен тааныштырам деп алып барган. Бирок азыркы жубайыма жолугуп калдым. Жарым сааттан ашык сүйлөй берген экенмин. Ал да мени жактырса керек. Тааныштык салабаттуу формага өттү. Алты айдай сүйлөшүп баш коштук.
– Жеӊемдин кесиби боюнча врач. Сыркоологондо ийне сайып калабы?
– Бир күнү жумуштан келсем «ден соолугуӊ жакшы эмес, жат» деди. Кытай медицинасына барып жүрчү эле. Башымдан бутума чейин ийне сайып койду. Ийнеге көнүп алган соӊ күндө колдонууну каалап, ийне сайган убакты күтүп калат экенсиӊ. Бир-эки жума өткөндөн кийин токтотуп койду. Жубайымдан «мен айыктымбы?» деп сурасам, «жок, мен куурчагымды таап алдым» дейт. Көрсө, ийне саюу үчүн белгиленген чекиттери бар куурчагы болот экен. Ошентип эки жума алданып куурчак болгон жайым бар.
– Алданып деп калдыӊыз. Жаш өткөн сайын эркекти аялзаты оӊой ийге келтирет деп калышат...
– Чыгармачыл кишини алдоо оӊой. Тыкан, тазалыкты сүйөм. Үйдөн кир көрсөм чыдабайм. Кээде үй жыйналбай калса кыйкырып калам. «Бассейнде желим бөтөлкөлөр калкып жүрөт, албайсыӊарбы?» деп. Акыркы учурларда жеӊеӊ жакшы «ход» таап алды. Мен кыйкырып киргенде эле «Садык, сенин киноӊдун музыкасы сонун болуптур деп айтып жатышат» десе, «кел, отурчу, анын жазылып калышы мындай да» деп айтып баштайм. «Кой, мен бөтөлкөлөрдү ыргытып, бассейнди тазалайын» десе, «жата берсин, бул фильмди биз кантип кыйналып тартканыбызды билесиӊби?..» деп узун сөзгө кирип калам.
– Маегиӊиз үчүн рахмат.

"Коомдук, мамлекеттик иштерде иштеп келдим. Эми парламентке барып мамлекеттин өнүгүшү үчүн кызмат кылууга мезгил келди".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Titi
2015-05-25 12:14:16
Азаматсыз сизгеболгон урматым дагы да кучоду. Ийгилик
+3
killer5
2015-05-29 23:48:25
кучтуу режиссёрлор озунун тышкы корунушуно жакшы маани беришпеген бир феномен бар экен дуйнодо.Ага акыл, маданият - бардыгы бар, стилистке барып женемди бир танкалтырганы эмне тоскоол болуп жатат.
Одно другому не мешает.
+1
Erniet
2015-05-26 02:05:36
Садык Шерниязга ишеним бар Текебайга жок
0
Aruukeramazan
2015-05-26 03:59:51
Ийгилик жана ийгилик
+2
Halerik
2015-05-28 11:51:07
Сыйлоого татыктуу киши.
0
iliaz-sng
2015-05-29 10:39:32
Тааныбайт экем жанагы комускодо жегендерден болсо керек
-4
jypar.i
2015-05-31 19:46:42
iliaz-sng,тааныбасаң эмнеге жаздың?Бүт дүйнөгө таанымал десек болот Садык Шерниязды, ал эми биз жүрөбүз "мага баары бир,эмне болсо ошол болсун,ал ким эле?"деп коюп
0
Ayka1994
2015-05-29 12:42:27
Жакшы киши жакшы режиссёр катары билем бул аганы. Жакшы киши талапты кучтуу коюп билет. Мамлекетти аз да болсо онуктуруу учун Бийликке барыныз бирок сизда башка Текебаевдерге окшоп кетпениз. Кайра андай адамдарды ондоого тырышыныз. Бийликке жаман , ачкоз адамдар барабы же бийлик адамды ушундай кылып озгортуп салабы. Озунузду Корсотунуз мамлекетке иштоо момундай болот деп ишинизге так иштениз. Эч качан жеп кетууго корупцияга жол бербоого тырышыныз . Жакшылыктын нуру сизге жар болсун!
0
shekerbek81
2015-05-30 17:08:02
Жакшы эле адам болсо керек деп ойлойм. Текебаевге бекер эле кошулуптур.
-1
jypar.i
2015-05-31 19:54:52
Мактоого татырлык адам,жөнөкөй да. Кандай иш менен алектенсе да баарынын майын чыгарат беп ойлойм. Сизге ийгилик каалайм.Суперчилерге өтүнүч:20-кылымдын 80-чи жылдарында Кыргыз Телесинде Сатыбалды Жээнбеков деген таланттуу диктор чыккан,гитара менен жакшы ырдачу,ошол талант жөнүндө жазсаңар
0
admin_superstan
2015-06-01 11:18:48
jypar.i, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан