«АТАМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен, Алина Сали кызы, 1965-жылы туулган атам Сали Жумаевди издейм. Кимдир бирөө таанып-билген болсо же, ата, өзүӊүз окуп калсаӊыз деле байланышыӊызчы.
Алина Салиева.
Тел.: 0771 98 73 90 salieva376@gmail.com
«КУРБУМ НУРКЫЗ, КАБАРЛАШ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты?! Мен 1979-1982-жылдары Фрунзедеги Финансы экономикалык техникумунун «Е» тайпасында чогуу окуган сокулуктук курбум Молдокулова Нуркыз Болоткановнаны издейм. Окууну бүткөн соӊ
ДОСААФта иштечү. Жолдошунун аты Нургазы экенин билем. Нуркыз, эгер ушул кайрылуумду окуп калсаӊ кабарлаш.
Бактыгүл Жумалиева.
Тел.: 0772 50 15 67
«ТАЙПАЛАШТАРДАН КАБАР КҮТӨМ»
– 1985-жылы Бишкектеги Финансы экономикалык техникумунун мамлекеттик бюджет бөлүмүн чогуу окуп бүтүргөн курбуларым Фарида Байтулакова, Шарипа Абдырахманова, Нестан Узбекованы издейм. Окуп калсаӊар же башка тааныган окурмандар болсо байланышыӊыздар.
Бактыгүл Абдураимова.
Тел.: 0772 80 47 41;
0708 54 29 76
«АСКЕР КЫЗМАТЫН БИРГЕ ӨТӨГӨН ДОСУМ, КАЙДАСЫӉ?»
– 1982-1984-жылдары Казакстандын Семипалатинск шаарындагы №44051-аскердик бөлүгүндө чогуу аскер кызматын өтөгөн жумгалдык досум Турат Бакировду издеп жатам. Турат, окуп калсаӊ кабарлаш.
Токтобек Керменбаев.
Тел.: 0552 19 30 19
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28