Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кары датка, аса таякчан, жакын келип калтылдап салам айтты:
– Ас-салому алейку-ум...
Дагы деле бек сөөлөтүн коё бербей, саал башын ийген болуп, оӊ колун көкүрөгүнө алган болуп, кары датканын айткан саламын гана күбүрөп кайталады Мусулманкулдун
баласы.
«Чабылар баш болсо бүгүлсөӊ да чабылат, бүгүлбөсөӊ да чабылат!» деп турду кашкөй көӊүлү. Исхак калтылдап араӊ турган кары датканын сакалын сыйлады, ордунан тура келип:
– Ва-алейкума ассалам...- деп токтоо алик алып, кош колдоп көрүштү. Бул ракымга жетине албай, көптү көргөн кары датка жыртайган кызыл көзүнө сызылып жаш кылгырып:
– Углум!.. Кем болбо, углум...- деп, калч-калч этип араӊ сүйлөдү. Өрүктүн ноголосуна колтуктап барып:
– Отуруӊуз, датка ата...- деди Исхак.
Эки жак теӊ кут этпей, анын бул сылыктыгына тен коюп, баары ичтен ыраазы болуп, таӊ калып карап калышты. «Эл көрүп, каада көрүп калган экен!..» деди Абдылла бек ичи жылып.
Учурашуу кезеги Абдырахманга келгенде Исхак иреӊи бузулуп, мелтейип суук тиктеди.
А байкалбаган аяр бий адеп сактагансып бир ордунда жымыйып тиктеп турду, ошол тапта нечен түркүн ой өкчөп. «...о баягы өзүӊ менен өзүӊ жоо убак бир башка эле, бириӊ өлүп, бириӊ калгансыӊ, бириӊ кырып, бириӊ кырылгансыӊ... Бүгүнкү түрү бөлөк, тили бөлөк, дини бөлөк, тыштан келген жоо убагы бир башка, ушул азыр эстүү эл бир дөбөгө чогулат, эстүү журт башы бирөөнү өзүм дебей кошуп алат... А эс болбосо, аттиӊ ай, кеткетиӊдин келгени ошо – башыӊдагы багыӊ, алдыӊдагы тагыӊ түгүл, кан ордосун, кайран өлкөсүн алдырат...» деп шырп эткен сөздү, жылт эткен көздү жаздым кетирбей, былк этпей катып турду.
– Келдиӊизби?- деди үнүн басмырт чыгарып, таба, мыскыл кошуп.
Абдырахман:
– Тагдырдын жазганы экен...- деди селт этпей.
– Неге кекеткидей?!
– Дөөлөт консо бир чымындын башыга, зымырык куш салам берүр кашыга! Келип турганыбыз ушу...
Исхак Абдырахманды кызыгып тиктеп, башын акырын ийкегилеп, бир ууртун тартып мыйыгынан жылмайды:
– Жапалак үкү мактанса жардан чычкан алдым дээр, жаман тууган мактанса жакшысын буттан чалдым дээр...
Абдырахман абтабачы эч качан мындай сөздү укпаган, ормоюп карады. Исхактын чаар иреӊи сур тартып, көзү заардуу жылтылдады:
– Мен ким элем? Иштин таалуу жери мен белем?
Ырас айттыӊыз, ким элем, элдин өзү дөөлөт кондурган чымыны, элдин сунган найзасынын учу гана эмес белем?!- деди катуулап. – Менден бак талашып, тууган болуп коюнума кирип, жылан болуп моюнума оролдуӊуз, жол болуп алдыма созулуп, тузак болуп бутумдан чалдыӊыз. Ойлоп багыӊыз, сиз мени гана аксатпай, эзил журтту аксатып таштадыӊыз! Өрттөй шатыраган кол кайда?! Капкалуу шаарлар кайда?!
Абдырахман нестейди. Эмне дейт?
Нурманбет датка ортого түштү:
– Э-э... углум...- деп маани айтты. – Му­сулманкул көктүн уулу ошол катасын оӊдош үчүн келип отурбайбы, сен өзүӊ үчүн эмес, тагдырын моюнуӊа жүктөгөн бечара элиӊдин биримдиги үчүн ошол катаны кечиргени жүз көрүшүп отурган жоксуӊбу, айланайын?
Исхак да, Абдырахман да соолугуп, сөз жүйөсүнө тен коюп туруп калышты. Көптү көргөн кары датка маани улады:
– О жаранлар!.. Ушул мүӊкү­рө­гөн бойдон туулган эмеспиз энеден биз дагы, чачыбыз күнгө агарган эмес биздин дагы. Биз дагы жол баш­тап көргөнбүз, кол баштап көр­гөнбүз.
Мына. Эл башына иш түшүп турганда бак талашуу, кектешүү журт камынан зарылбы акыры?! Ичтеги кирди жууп, төштү төшкө тийгизип табышкыла...
Сөз жетти. Исхак астейдил жумшарып, Абдырахмандын кабагы жайылып, экөө төштү төшкө тийгизип кучакташты.
«А шүгүр...- деп алды тыякта Абил бий. – Билгилик кылды...билгилик кылды... мындан аркысын дагы көрө жатарбыз...»
– Бек,- деди Исхак, – өткөн кылы­гы­ӊыз кечиримдүү, себеби ушул ки, сизге таарынууга гана акыбыз болгон. Мындан ары шарт башка, укук башка...
Абдырахман кеп маӊызын сезе:
– О, албетте, аллаяр...- деди эми майышып, хандын өтүмдүүлүгүн моюнуна алып, төмөн бүгүлүп: – Бир Алла сүйүп бак берген, эли сүйүп так берген адамга ар пенде жаны
менен кызмат кыларын, каны менен жооп берерин билебиз...- деп өӊүрүнөн өөп тооп кылды.
Ошол түнү Исхактын түшүнө ажыдаар кирди.
– Исхак ойгонуп, ордунан өйдө болуп, жүрөгүнүн дүк-дүк эткенин угуп козголбой караӊгы бөлмөдө үӊкүйүп көпкө отурду. «Мына,- деди ою, – каралай көз калыӊ журт ак кийизге салып, жерден төбөсүнө көтөрүп, эки тизгин, бир чылбырын колуӊа карматты – эми сен өкүмдарсыӊ! Кана, эми эмне иш кыла аласыӊ?..»
Эртеӊ мененки намаздан соӊ ал өтө жакын нөкөрлөрүн, аскер паӊ­сат­тарын чогултуп, кыдырата тиктеп отуруп:
– Эми, жакшылар, жөнөй берсек болобу ордобузга?- деп суроо койду акырын.
– Албетте.
– Урушта туруш жок.
Исхак:
– Орус аскерлерине өзүбүз барып тийишпейбиз. Ушу бүгүн биздин ак дилибизди түшүнсүн үчүн, бизге бөөдө каршыкпасын үчүн жарымпашага элчи жиберебиз. Албетте, азырынча биз менен алакага келе койбос, анткени ордодо ким отурса ошону менен сүйлөшөт, ошондуктан сөзсүз ордону алып, миӊ тукумун өлкөнүн ээси катары жарымпаша менен шартнама кылып отурган укугунан ажыратпашыбыз зарыл. Мына, эртеӊден баштап кылар ишибиз ушул.
Исхак өз туусуна бириккен кошуундун эсебин тактады. Эки жыл бою көп сыноодон өткөн, куралы, биримдиги жакшы, урушка жарамдуу чыныгы эрегишчи аскер 20 миӊдей экен. Абдырахман баштаган кийин кошулган бектердин 10 миӊ аскери, Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалаӊ айланасынан тапкан куралын көтөрүп, атка минип чыккан каракелтек эл болуп, баш аягы 70 миӊ ашуун кошуун жыйналган эле.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jetinur90
2015-05-25 16:27:41
Илгерки адамдар башка да баары бир. Бир коом эл мынк этпей муюп укчу созду кара,саясатты кара...
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан