ЧЕК АРАДА ДАГЫ ЭКИ ЖАРАН ЖАБЫР ТАРТТЫ

Өзбек-кыргыз чек арасында ок атылды. Маалыматтарга караганда, 19-май күнү кыргыз жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасы менен бара жаткан. «Транзиттик жолдо бара жаткан унаанын токтогонго укугу жок» деген эки тараптуу макулдашуулар болгондугуна карабастан, кыргыз жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылында бараткан жолдо токтоп, эки аялды, кыргыз жарандарын өз унаасына салган. Муну көргөн өзбек чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында эки жаран жабыркаган. Автоунаанын айдоочусу «Айдаркен» чек ара отрядынын «Айрыбас» чек ара көзөмөл постуна жетип, ал жерде кыргыз чек арачылары жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүшкөн. Азыркы учурда айдоочу жана жүргүнчү аял Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада, алардын абалы туруктуу. Айдоочу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну, эки жүргүнчү Ош облусунун Ноокат районунун тургундары.
Атышуу болгон күнү эле Өзбекстандын Япаги деген жеринде кыргыз мамлекетинин Айдаркен тилкеси боюнча жана Өзбекстандын Кувасай тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жок учурда калкка курал колдонуу мүмкүн эместигин эскертти. Жыйынтыгында эки тарап окуяны иликтөө боюнча чечим кабыл алды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Jakykg
2015-05-25 19:58:13
Чек ара иштерин ЖАКШЫЛАП карап койушса абдан жакшы болмок!
0
Erniet
2015-05-26 01:48:57
Ушул биздин армияда бирин бири олтурот урат кыйнайт Анан кошуналарга оозун ачалбай тынчтык келишимин жасайбыз деп чыгат
0
ere
2015-05-26 13:01:29
куудулдар айткандай чек арачыларыбыз семичке чагып автоматын крантка жолоп ташта олтурса керекда...
0
newman
2015-05-28 11:44:48
Айдоочу туура эмес кылганда. кийин токтобой эмес такыр эле айланма жол менен айдай турган бооот
0
Azamat.abdrahmanov
2015-05-31 23:30:57
уйдо баатыр жоодо жок чек араны караган ХХХ
0
admin_superstan
2015-06-01 11:08:41
Azamat.abdrahmanov, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан