АТЫШЫП КЕТИШКЕН МАС МАИчилер КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Өткөн жумада Чүй облустук Жол-кайгуул кызматынын эки кызматкеринин ортосунда болуп өткөн окуя айрым тартип сакчыларынын кемчилигин оркойтуп көрсөтүп койду. 15-майда милициянын прапорщиги Бакыт Курмангожоев Жайыл районунда кызматта болгон. Иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин Курмангожоев ордуна келе турган кесиптеши Жарашбек Маматкеримовго байланышка чыккан. Сүйлөшүп жатышып экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, Кара-Балта шаарындагы «Алмаз» унаа токтотуучу жайынан жолугушмак болушкан. Көрүшкөндөн соӊ экөө уруша кетип, Маматкеримов Курмангожоевге тапанчасынан ок чыгарган. Натыйжада Курмангожоев жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Райондук оорукананын маалыматы боюнча, жаракат алган милиция кызматкеринин мас болгондугу да аныкталган. Бул окуяга байланыштуу аталган эки кызматкер жумуштан бошотулду. Буга катар Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын взвод командири, батальон командири жана начальниги ээлеген кызматынан алынды.
Өкмөт башчы Темир Сариев: «Кызмат өтөө учурунда кызматкерлердин ичип, мушташып, атышып кетишкенине жол берилбеши керек. Мындай көрүнүштөргө каршы аёосуз күрөшүү зарыл. Кызматтан алуу менен гана чектелбей, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу керек»,- деди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aydarken
2015-05-25 14:09:08
Балык башынан сасыйт болуп микелерибиз ушинтип атышса ,башкалары кайда барат эле.
+1
A3A
2015-05-25 14:21:26
Кызматтан алуу менен гана чектелбей, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу керек»,- деди.
Туура айтат, колдойм.

Дуелге чыгышса болмок экен )))))
+1
meli12
2015-05-25 15:14:31
Т Сариев жакшы баштады го ишин мындан да жакшы иштесе эл колдойт аны
+1
Eli75
2015-05-25 15:21:29
Ичкилик менен мансаптын айынан адам акылынан азып, туура эмес иштерди жасап, анан аттин кылат. Эми жумушсуз калып,акылына келсе кана эми.
+1
kubinez
2015-05-27 10:20:20
Карга Карганын козун чукубайт деп койотко чукуйт эле экен Мас болсо )))
+2
admin_superstan
2015-06-01 11:23:24
Gulnaz.GS, этика нормаларын сактаңыз!
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан