ФЕЛИКС КУЛОВ ЭМНЕНИ МЕРЧЕМДЕП ЖАТАТ?

Жогорку Кеӊеште парламенттик жана президенттик шайлоодо босоголук чекти жогорулатуу сунуштары кайрадан айтыла баштады. Бул ирет дагы мындай сунуш менен «Ар-намыстын» ана башчысы Феликс Кулов чыкты. Буга чейин босоголук чекти 10 пайызга чейин көтөрүү демилгеси колдоо таппай калган.
Феликс Кулов партиялар үчүн 7 пайыздык республикалык босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү, ал эми аймактык босогону 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтып жатат. «Учурдагы шайлоо боюнча мыйзамда кемчиликтер бар. Биз аларды жоюу максатында ушул мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз. Босоголук чекти көтөрүү менен туруктуулукту көздөөдөбүз. Анткени 7 пайыздык босого менен парламентке 6-7 партия өтүшү мүмкүн»,- деди ал.
Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети босоголук чекти көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун
жактырды. Документ палатада колдоо табат болду бекен деген суроо туулат. Буга чейин босоголук чекти көтөрүү демилгесинин артында жаш партияларга бөгөт коюу же бир партияга көпчүлүк мандат берүү аракеттери турат деп баа бергендер да чыккан болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ROUSE
2015-05-25 14:21:46
Босоголук чеги эмнеси?
0
hairullo
2015-05-25 14:30:36
ROUSE, Бос.чек - бул, Кайсы бир партиянын добуштары 7%тен отсо парламентке депутат боло алат. Ал эми, Аймактык бос.чек партия ар бир областтан 0,7% добуш алуусу керек.
+1
meli12
2015-05-25 15:20:13
Кыргызстанга ото эле коп 120 депутат кыскартылсын 70 и жетет ачача пачача деп эле отурушат калп эле количество эмес качество керек. кана 15 жылдан бери 100 ашык жепжутаттар озгорттубу мумкун аз болгондо иштешип башташат а то кайдыгерлик
+1
Erniet
2015-05-26 01:44:58
120 депутат кыскарсын деген мыйзам чыгарсан Феликс байкеси абдан колдойбуз
+1
bakyt_2015
2015-05-31 00:03:19
Erniet,Феликс абан оз партиясынан коп депутат откоруп торага болсом деген ой бар окшойт.Бул эмне эле озуно мынча ишенип калган?Ушинтип атып озу отпой калса экен.
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан