20-май күнү парламент Кыргызстандын ЕАЭСке кирүүсү боюнча келишимди бекитти. 21-майда президент Алмазбек Атамбаев парламент бекитип берген өлкөнүн союзга кошулушу тууралуу мыйзам долбоорго кол койду.
«4 жылдын ичинде көп иш жасалды, миӊдеген барактуу документтер каралып, кабыл алынды. Кыргызстандын ЕАЭСке кириши улуттук кызыкчылыктарга жооп берет деп ишенем. Кайсы бир кыйынчылыктар орун алса да, жакынкы 3 жылда үмүтүбүз акталат»,- деди мамлекет башчы.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстандын ЕАЭСке кирүүсү боюнча протоколдордун долбоорлорун Орусия, Беларусь менен Казакстандын парламенттери да карап баштады. Армения боюнча такталууда. Союзга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан документ ратификациядан өткөндөн кийин гана келишим күчүнө кирип, Кыргызстан ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсүнө айланат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg