Жакында Сокулук районунда белгисиз жандык койлордун канын соруп, бир тобу кырылып калган. Койлорунан кол жууган тургундардын кээ бири жолбун иттер тиштеп өлтүрдү дешсе, ветеринария башкармалыгы малдардын канын ласка деген жандык соргон деп божомолдошууда.
«КҮРӨӨ ТАМЫРЫНАН КАНЫН СОРУПТУР»
Ырчы Бактияр Токторовдун айтымында, 12-майга караган түнү белгисиз жандык анын койлоруна кол салган:
– Эртеӊ мененки саат 8дерде келинчегим койлорго жем бергени барса, 7 кой бар эле, баары өлүп жатыптыр. Өлүктөрүн караганыбызда санындагы күрөө тамырын тиштеп канын соруптур, эки тиштин кирген изи турат. Кан соргон жаныбардын жаагы күчтүү окшойт, ошол жердеги эттери эзилип кетиптир. Мурда мындай окуя болгон эмес эле.
КОЙЛОР ИТТЕРГЕ ЖЕМ БОЛДУБУ?Ал эми 13-майда белгисиз жаныбар ырчынын кошунасы Муратбек Өмүрбековдун 19 коюнун 10унун канын соруп өлтүрүп, 9 коюн жарадар кылган. Өлгөн койлордун арасында куйругу жулунган, карды жарылгандары да бар. Муратбек Өмүрбеков койлоруна жолбун иттер кол салса керек дейт:
– Эми майып болгон койлордун канчоосу өлөт билбейм. Койлорду сатып балдарымды үйлөнтөйүн дегем. Койлорго кол салган жолбун иттер болушу мүмкүн. Себеби дарбаза жактан дабыш чыкканда биз сыртка дароо чыга калсак, короодо 8 ит жүргөн. Үйдө 2 тайган бар эле, алар коркуп калышыптыр.
«КОЙЛОРДУ ЛАСКА ӨЛТҮРҮШҮ МҮМКҮН»
Сокулук райондук мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын башчысы Кадыракун Анварбеков төмөнкүлөрдү билдирди:
– Койлордун тиштелгенин көрүп ласка деген кичинекей жырткыч жаныбар өлтүрүп кетти деп божомолдоп жатабыз. Анын тиши устаранын мизиндей курч келип, курмандыгынын кан тамырын кырча тиштегенде ал жаныбар кансырап өлөт. Андай малды жегенге болбойт. Арам өлгөн малдын эти негизи желбейт да. Кыргызстанда мурда да мындай окуялар катталган. Ат-Башы районунда, Чүй өрөөнүндө сүлөөсүндөр койлорго кол салган учур болгон. Өлгөн малды атайын малдарды көмгөн жерге алып барып көмүү зарыл. Учурда алдын алуу иштери боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Биздин башкармалык айыл өкмөтүнө, тургундарга ласка менен кантип күрөшүү керектиги боюнча маалымат берди. Келемиш, чычкандарды жок кылуучу дарыларды ласканын ийиндерине салуу керек. Негизинен үй ээси малын көзөмөлгө алышы зарыл.Ласка тууралуу маалымат:
Ласка – суусарлар түркүмүнө кирген жырткыч жаныбар. Салмагы 30-250 грамм, узундугу 16-26 сантиметр. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Көбүнчө кемирүүчүлөр көп болгон жерлерде жашашат. Ласка эӊ кичинекей жана эӊ күчтүү жырткыч деп эсептелет. Шамдагай, бат чуркап, сууда мыкты сүзгөн ласка агрессиялуу келип, кичинекей жаныбарлардын коркунучтуу душманы болуп саналат. Тырмагы абдан өткүр. Өзүнөн бир нече эсе чоӊ (кыргоол, коён, жылан) жаныбарды да өлтүрө алат. Бирок ласка негизинен чычкан, келемиш, момолой чычкандар менен тамактанып, аларды ийинине чейин кубалап кирип өлтүрөт. Ласка байыр алган үйдө кемирүүчүлөр бат эле жок болушат. Денесинин куйругу башталган жеринде жагымсыз жыттанган суюктук чыгарып туруучу бези бар. Көбүнчө март айында 3төн 10го чукул балдарын тууп, апрелден августка чейин багышат.
Ласка 17ден 30 жылга чейин жашайт. Бул жандык тууралуу үй-жаныбарларынын – уй, чочко, кой жана эчкилердин канын сорот, аттардын кулагына кирип кетсе кытыгылап жатып өлүмгө чейин жеткирет деген сөздөр бар. Бирок бул аныкталган эмес.
Кадимки чычкандан эки эсе чоӊ болгон ласка бир нече койду өлтүрүп койду деген чындыкка дал келбегендей. Кантсе да жакын арада койлорду өлтүргөн жаныбар аныкталып калат деп ишенебиз. 2014-жылы да Кочкор районунда белгисиз жандык пайда болуп, тооктордун жана койлордун канын соруп кетип жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, кээ бири аны чупакабра, айрымдар жолбун иттер дешкен эле. Муну аӊчылык департаменти изилдөөгө алып, малдарынын каны сорулуп өлгөндүгүнө далилдер жок экендигин айтышкан. Мындан улам кой-тоокторду жолбун иттер өлтүрүп жатат деген жыйынтык чыккан.