6 жаштагы Алишер Эсеналиев (таенесинин суранычы менен баланын аты-жөнү өзгөртүлдү) 3 жаштагы карындашы менен таене, таятасынын колунда. Апасы Орусияда иштейт. Ал эми атасы ошол жакта жүрүп, башка үй-бүлө куруп алган экен. Турмуш тиричилик деп чет жакада жүргөн мигрант мекендештерибиздин саны өтө эле арбын. Ар биринин өз мекенинде аз дегенде 1-2ден зарыгып күткөн балдары бар. Алардын бирин чагылдырып, учурдагы мигранттардын балдары ата-энесин кантип күтөт назарыӊыздарга сунабыз.
- Алишер, канча жаштасыӊ?
- 6 жаштамын.
- Досторуӊ барбы, кимдер менен ойнойсуӊ?
- Айкыз анан карындашым үчөөбүз ойнойбуз. Мен жаз келгенден бери Айкызга көп гүлдөрдү терип берем. Ал мен терип барган гүлдөрдөн тамак жасайт. Мен үй жасайм, анткени мен атасымын да. А Айкыз болсо апасы, карындашым болсо кызыбыз болот.
- Бир үй-бүлө болуп ойнойт турбайсыӊарбы. А сенин апаӊ менен атаӊ кайда?
- Апам Орусияда иштеп жүрөт. Атам болсо... (ред.ушул жерден бала мукактанып, көздөрү жылтырай түшүп таенесин карап калды. Таенеси мени карап башын чайкап койгонунан бул темага кайрылбоо керек экенин түшүндүм.) Апам бизге үй алабыз деп иштеп жүрөт. Эми келсе карындашым үчөөбүз жашаганга үй алабыз.
- Келечекте ким болсом дейсиӊ?
- Милиция болом.
- Милиция кызматкерлери эмне кылат, билесиңби?
- Ууруларды кармайт, камайт. Мен да ошентем. Тентек кылган кишилерди кармап келет да. Анан мугалим болуп, балдарга жазганды үйрөтөм.
- Телевизор көрөсүӊбү?
- Ооба, бизде DVD жок бирок. Телевизордон күтүп Маша жана Аюу, Том менен Жеррини көрөм. Анан Келинди көрөм. Мен Жагдиштей болбойм, ал байкуш Анандини ыйлата берет.
- Апаӊды сагынганда эмне кыласыӊ?
- Таенеме «апама телефон чалып бериӊизчи» дейм. Телефондон сүйлөшүп турабыз. «Келе бериӊизчи, таятамдын үйүндө деле жашап турабыз» дейм, бирок үй алыш керек да, апам үй алабыз деп жүрбөйбү. Кээде ыйлайм, таенем «ыйлаба, апаӊ кар жааганда келет» дейт, кээде «дарбыз бышканда келет» дейт, бирок апам келе элек.
«АЛИШЕР АКЫЛДУУ ЖАНА СЕЗИМТАЛ БАЛА»
Мындан ары Алишердин таенеси Турумкан апа менен маекти уладык.
- Кызым менен күйөө балам үйлөнгөн соӊ, күйөө балам Орусияга иштеп кеткен. Алишер төрөлгөн соӊ келип, баласын көрүп көпкө жүрдү. Андан кийин кайра кетти. 2011-жылы экинчи кызы төрөлгөндө да келип, баланын документтерин тууралайм деп аракет кылып жүрүп аягына чыкпай эле кайра кеткен. Кызы бизге катталып калды. Анан калса ал төрөлгөндө эле жүрөк кемтиги менен төрөлдү. Кийин күйөө баламдын башка үй-бүлө куруп алганын уктук. Ошондо кызым күйөөсүнөн түӊүлдү окшойт, эки баласын бизге таштап, ал да Орусияга кетти. Иши деле жакшы болбой жатат. Акыркы жолу Ноорузда 4000 рубль салган. Ошондон бери эптей албай жатат окшойт. Кантип үй алат, билбейм. «Ала албайсыӊ го, келип биздикинде тура берсеӊчи» десем, «2 балам менен кантип батам?» деп эле болбойт. Кызын болсо жыл сайын дарылатып же текшерүүдөн өткөрүп туруш керек болчу. 2 жылдан бери доктурга алып барууга шартым жок, Кудай сактасын деп эле жүрөбүз. Алишер болсо атасын сурап, жанымды койбойт. «Телефонун таап берчи, чалып, кел дейт элем. Сүйлөшсө бизди эмнеге таштап кетесиӊ деп урушат элем» деп зээнди кейитет. Кызым сүйлөшкөндө Алишердин атасы жөнүндөгү оюн айтсам, «атаӊ өлүп калган» деп үмүтүн үзүп салгыла, ал келбейт» деди. Балага бул нерсени айтуу кандай оор экенин түшүнүп жатсаӊыздар керек. Акылдуу, сезимтал, бир нерсе десеӊ эле көзү жашылданып, боорду оорутат. Аман болсо эми апасы деле келер, жаштын тилегин берет дейт. Ушулардын бир тилеги орундалып, турмушу оӊолсо экен.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg