Мындан 10 жыл мурун 12 жана 10 жаштагы эже-сиӊдилер Олеся менен Александра дайынсыз жоголгон. «Кыӊыр иш кырк жылда билинет» демекчи, арадан бир нече жылдар өткөн соӊ ал эже-сиӊдилерди өгөй атасы өлтүргөндүгү маалым болду.
ҮРӨЙ УЧУРГАН МААЛЫМАТ
Үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү укук коргоочуларга 2005-жылдын февраль айында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильевка айылында 1993-жылы төрөлгөн Олеся Шипулина менен 1995-жылы төрөлгөн Александра аттуу эже-сиӊдилерди өгөй атасы муздак сарайга камап, жыйынтыгында кыздар сууктан жана ачкалыктан өлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул кабарды өлгөн кыздардын 1989-жылы туулган эжеси Анастасия билдирген. Ал ошол маалда өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнөн корккондугунан улам бул сырды эч кимге айтпай келген. Качан гана турмушка чыгып, өгөй атасы менен апасынан бөлүнүп өз алдынча кеткенде болгон окуяны милиция кызматкерлерине билдирүүгө белсенген.
Бул маалымат боюнча иликтөөлөр жүрүп, жоголгон кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да жок болгондугу билинген. Алардын туулгандыгы тууралуу документтери Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринен табылган. Коӊшулары, туугандары да суралып, 1975-жылы туулган, мурда 2 ирет соттолгон өлгөн кыздардын өгөй атасы Виктор Любченко шек жаратып кармалган.
«КЫЗДАРДЫ ЖАЗАЛАМАКЧЫ БОЛГОМ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Виктор Любченко кылган кылмышын моюнуна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Ошол күнү мен жумуштан келсем 1 жарым жаштагы уулумдун денеси көк ала болуп калыптыр. Териштирип Олеся менен Александра уулумду коляскадан кулатып салгандарын уктум. Анан аларды урушуп, жазалап коюу үчүн түнү бою сарайга камап койдум. Эртеси жумушка кетип калгам. Кечинде жумуштан келсем сарайдын ичиндеги кыздар өлүп калыптыр. Анда кыздардын апасы, жарандык никедеги аялым Анна үйдө эмес болчу. Ал келгенде бул тууралуу Аннага айтып, андан соӊ экөөбүз эч кимге билдирбей кыздардын сөөгүн алгач дөӊгөлөктөрдүн үстүнө коюп өрттөп, өрттөнгөндөн калган калдыктарын жуурканга ороп, мотоциклге жүктөп барып Чүй суусуна таштап келгенбиз.
«КҮЙӨӨМ КЫЗДАРЫМДЫ СУУГА ЫРГЫТКАНЫН КАРАП ТУРДУМ»
Коӊшуларынын айтымына караганда, Виктор маршруттук такси айдап иштечү жана алкоголь ичимдиктерин көп иччү. Ал эми кыздардын апасы Анна Шипулина 8 бала төрөгөн (ред. Олеся менен Александраны кошкондо). Анын төртөөсү биринчи күйөөсүнөн, ал эми калганы Виктордон. Сурак учурунда Анна буларды айткан:
– Виктор экөөбүз уруша кетип, ал мени сабап салды. Мен ажатканага барып келейин деп Викторду алдап эшикке чыктым. Анан чарбак аркылуу көчөгө чыгып, Бишкекке чейин жөө келдим. 4 кызым жана 1 уулум үйдө Виктор менен калган. Дагы бир кызым ошол маалда Бишкек шаарында апам менен жашачу. Мен Бишкекте 2 күн курбумдукунда жаттым. Үчүнчү күн дегенде кайненем мага телефон чалып, үйгө кайтышым керек болуп жаткандыгын айтты. Үйгө келсем эки кызым жок экен. Виктордон «кыздар кайда?» деп сурасам, ал «тентектик кылгандары үчүн аларды жазаладым» деп койду. Чоӊураак кызым Анастасиядан сурасам, сиӊдилерин өгөй атасы сабап, сарайга камап салгандыгын айтты. Арадан бир топ убакыт өткөндө Виктор келип эки кызымдын сарайдын ичинде тоӊуп, өлүп калгандыгын айтты. Аны угар замат ыйлап баштадым. Виктор болсо мага «ыйлаганыӊды токтот, андан көрө бир нерсе ойлоп табышыбыз керек. Мен буга мыйзам алдында жалгыз жооп бербейм, сен дагы мени менен барасыӊ!» деп мени жанына кошуп алды.
Кыздар жука кийимчен экен, Виктор алардын сөөгүн жуурканга ороп, Урал үлгүсүндөгү мотоциклдин люлькасына салып Чүй дарыясына келдик. Виктор кыздардын сөөгүн сууга ыргытты, мен карап турдум. Анан үйгө келген соӊ бул окуя тууралуу эч кимге ооз ачпоону эскертти. Анастасия бул тууралуу бардыгын билерин көздөрүнөн баамдагам. Бирок Виктор калган балдарыма тийбесин деп бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Кыздарымды сураган тааныштарымдын бардыгына «Олеся менен Анастасияны чиркөө аркылуу чет өлкөгө жибердим» деп айтып койгом.
«КЫЗДАРДЫН АПАСЫНА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУШУ МҮМКҮН»
Бул кылмыш иши боюнча азыркы тапта кандай чаралар жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасынын прокурору Куванычбек Мамакеевге кайрылып, суроолорубузга жооп алдык:– Бул кылмыш иши тууралуу мага 21-май күнү маалымат түштү. Мен ошол эле күнү Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басарын чакырып, бул окуяны тактап, кылмыш ишин козгоо боюнча көрсөтмө бергем. Ошол күнү кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Виктор Любченко кармалып, кылган кылмышын моюнуна алып, көрсөтмө берди. Бүгүнкү күндө соттун чечими менен аны тергөө абагына камадык. Анын акыл-эси жайында же жайында эместигин билүү үчүн соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Тергөө учурунда дагы көп фактылар чыгышы ыктымал. Маркум кыздардын апасына да кылмыш иши козголушу мүмкүн. Кошуналары 10 жыл мурун эле бул тууралуу билишчү экен деген да маалыматтар түшүүдө. Булардын бардыгына тергөө жыйынтыкталган соӊ баа беребиз.
Укук коргоочулардын айтымында, маркум кыздардын денеси азыркыга чейин табыла элек. Балким, кыздардын эжеси бул окуянын күбөсү болбогондо үрөй учурган кылмыш иши жабылуу аяк боюнча калмак беле, ким билет?..
Асхат Субанбеков
koom@super.kg