ЭӉ КЫМБАТ СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

Бүгүнкү күндө спорттун бардык эле түрү менен шугулдануу үчүн материалдык чыгым талап кылынат. Спорттук кийим, ыӊгайлуу бут кийим, спорттук шаймандар жана машыгуу үчүн каражат талап кылынат. Ошондой эле баарынын эле колу жете бербеген асман чапчыган каражат коротулуучу спорт түрлөрү да бар. Кээ бирлерине сарпталган каражат кичирээк бир мамлекеттин жокчулук көрбөй тиричилик өткөрүшүнө жетмек. Кызыгы, алдыӊкы бештикке эӊ популярдуу делинген спорт түрлөрү: футбол, баскетбол жана хоккей кирген эмес. Анда спорттун эӊ кымбат түрлөрү менен таанышып алыӊыз.

ЭӉ КЫМБАТЫ – ФОРМУЛА-1
Эӊ кымбат спорт түрлөрүнүн тизмесинин алдыӊкы сабын «автоспорттун ханышасы» аталган Формула-1 ээлеп келет. Жарыштарга жыл ичинде бир командага эле миллиарддаган доллар акча сарпталат. Мындай олчойгон каражат жарыш трассаларын курууга, аны камсыздоого, жарышчылардын экипировкасына, персоналдын маянасына, болиддерди чыгаруу жана тейлөөгө кетет. Жарыштарга катышууга укук алуунун тартиби да чоӊ каражатты талап кылат. Жарышчылардын жылдык маянасы 500 миӊден 10 миллиондогон долларга жетет. Мисалга, атактуу учкуч Фернандо Алонсо 2014-жылы 22 миллион евро маяна алган. Бирок, тилекке каршы, жарыштын жыйынтыгы учкучтун өлүмү же болиддин оӊдоого жарабай бузулушу сыяктуу кайгылуу аякташы мүмкүн.

•Болиддин баасы 1 миллион долларга чейин жетет.
•Кыймылдаткычынын баасы 150 миӊ доллардын тегереги. Ал ар бир 1600-2000 чакырым жүргөн соӊ алмашып турат.
•Бир дөӊгөлөгүнүн баасы орточо 800 доллар, бир сезонго 720 даана дөӊгөлөк керектелет.
•Жарыш убагында болид 100 чакырымга 75 литр күйүүчү май сарптайт.
•Ар бир жүргөн чакырымы орточо 500 долларга бааланат.

ПАРУСТУУ СПОРТ
Экинчи орунду парустуу спорт ээлейт. Мында яхта сатып алууга жана аны андан кийин тейлөөгө каражаттын эӊ көбү жумшалат. Ошондой эле клубдук мүчөлүк акы төлөөгө, мелдештерге катышууга жана кеменин мыкты абалда болуусуна кам көргөн персоналга маяна берүүгө каражат сарпталат. Парустуу спортту сүйүүчүлөрдүн айтымында, мелдешти карап отургандагы кумарды казинодон да алууга мүмкүн эмес.

МЫКТЫ АРГЫМАК МЫКТЫ ЯХТАДАН ДА КЫМБАТ
Үчүнчү орунда ат спорту турат. Ат спорту көркөмдүүлүгү, ак сөөктүүлүгү менен айырмаланат. Күлүктүн көрктүү басыгы, атайын костюмчан чабандес жана ат чабыштагы атмосфера ат спортуна кызыгуу жаратып келет. Бирок мындай ырахат үчүн кымбат төлөө керектелет. Эӊ башкысы, бул аргымактын өзү. Илгертеден эле адамдар мыкты күлүктү алуу үчүн баарына даяр болушкан. Ал эми аргымакты эл аралык мелдештерге катыштыруу үчүн чет өлкөгө алып барып келген каражатты эсептебегенде да, аны күнүмдүк багууга жана кымбат машыгууларына кеткен чыгым жөнөкөй адамдын чөнтөгүнө чак келбейт.
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун да күлүк сатып ала коём деп ээрден шыпырылган жайы бар. Ошол убакта депутаттар анын Islander One деген күлүгү 500 миӊден 1 жарым миллион долларга чейин бааланат деп айтып чыгышкан эле.

ГОЛЬФ – АШКЕРЕ БАЙЛЫКТЫН СИМВОЛУ
Гольф көптөгөн жылдардан бери эӊ абройлуу спорт түрлөрүнүн рейтингинде өз ордун кармап келет. «Ак сөөктөр оюну» аталган гольф падышалар менен бизнесмендердин, музыкант менен кино жылдыздардын оюну. Беделдүү делинген гольф-клубдарга мүчө болуу үчүн өтө чоӊ каражат талап кылынат, бирок ал макам короткон каражаттан да маанилүү болуп эсептелет. Ал жакта гольф ойноп эле ырахаттанып калбай, жогорку чөйрөдөгү адамдар менен баарлашууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби гольф аянты иш боюнча сүйлөшүүлөр, келишимдер жана керектүү тааныштарды табуу үчүн расмий эмес жай болуп эсептелет. Гольф боюнча мелдештерге аябагандай чоӊ суммадагы байге сайылат жана ага катышуу үчүн спортчулардан аз эмес өлчөмдөгү акы алынат.

Ошондой эле...
Жогоруда айтылып өткөн спорт түрлөрүнөн сырткары кымбат түрлөрүнө авиаспорт, мотоспорт, парашют спорту, теннис жана башкалар кирет.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
semakg
2015-06-01 13:52:31
Кызык эмне учун Футбол,Бокс,Хоккей кирген эмес? Кымбат футболчулар 100млн. Доллардан жогору бааланат жана жылдык гонорарыда ошол сумманы чапчыйт. Ал эми боксту кордунорго утканы 120млн. Утулганы 100млн. алды окшойт.
+1
Patriot...kg
2015-06-01 15:05:44
Неге? Номер биринчи фудбол эле го
+1
don_quixote
2015-06-01 16:42:06
Patriot...kg, Себеби, жогорудагы оюндарга баарынын эле чама-чаркы жетпейт. Футболду баарыбыз эле ойноп жатабыз го.
0
bazarkyl
2015-06-01 16:18:45
Футбол популярдуулук жагынан. булар акча каражаты жагынан
+3
Nuke_A
2015-06-04 11:22:41
мисалга, футбол ойноо учун шорта, футболка жана бутсы алуу жетиштуу. ал эми гонкага катышуу учун спорттук машина алгандан сырткары да толтура каражат керек экен.
-1
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан