Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «КАЙРАДАН ЖАРАЛСАМ ҮЙ-БҮЛӨНҮ ТАНДАП, БАКТЫЛУУ ЖАР БОЛМОКМУН»

«Сахна жаштыкты сүйөт» деп коёт. Динара Акулова жаштар менен теӊ тайлашып, 35 жылдан бери сахнада популярдуулугун сактап келет. Албетте, ал үчүн тынымсыз эмгек, күйөрмандын табитине жаккан репертуар, кооз костюмдар, айтор, күчтүү эрк керек. Бүгүн биз сиздер сүйгөн Динара Акулова менен жагымдуу маек курдук.

– Динара эже, жакында эле Кыргызстанды түрө кыдырып гастролдоп келдиӊиз, эл кандай кабыл алды?
– Ооба, «Сүйүүм сага» аттуу жаӊы программадагы концерт менен региондорду кыдырып келдик. Буга чейин гастролго күзүндө чыкчу элем. Бул жолку концертим жаз мезгилине туш келди, учурда талаада жумуш башталып, элдин баары эгин эгип, чарбачылык менен алек. Ошентсе да чын жүрөгү менен сүйүп күткөн күйөрмандарга эч нерсе тоскоол боло албайт экен. Ыраазы болуп кайттым.
– Жаш кезде гастролго көп чыкчу элеӊиз, жаш өткөндөн кийин жол жүрүү оорчулук жараткан жокпу?
– Көптөн бери жол жүрбөгөнгө аябай чарчап калдым. Мурун кыздарым кичинекей болгондуктан гастролго чыкканда жаныма алып алчумун. Күндүз баланын түйшүгү менен алек болуп, кечинде концерт берчүбүз, ошентип эс алчу эмеспиз. Шаардан чындап эле чарчайсыӊ, айылдын абасы таза, эли да жөнөкөй, кичипейил, жыргап эс алып келдим.
– Мындан 5 жыл мурун «сахнада мурункудай секирип бийлей албай калдым» дедиӊиз эле, бирок азыр деле секирип бийлеп жатасыз го?
(Күлүп) Мен бийди аябай жакшы көрөм, профессионалдык деӊгээлде бийлей албагандыктан, жок дегенде кызым бийлесин деп Маликаны кичинекейинде бийге бергем.
– Кино жаатында да өзүӊүздү сынап көрдүӊүз окшойт...
– Тасмада роль жаратууну ойлоп жүргөм. Киного тартылып өзүмдү сынап көрдүм, чындыгында образга кирүү өтө кыйын экен. Биринчи тартылган кинодо аракет кылып, араӊдан зорго ойногом. Экинчисинде андан да жакшы образ жаратайын дедим эле, бирок кандай болду билбейм. Үчүнчүсүндө комедия жанрындагы тасмада баш каармандын, толук аялдын ролун ойнодум. Режиссёр «сен толушуӊ керек» десе, мен «семирбейм» деп жатып тартылгам. Өзүмдү көргөндөн уялып, кинону дагы деле көрө элекмин. Экинчи киного тартылбайм деген элем, «ат баспайм деген жерин миӊ басат» болуп өзүм жөнүндө кино тартсамбы деп турам.
– «Малика сахнадан ордун тапса, мен сахнадан кетем» деп айтканыӊыз бар эле...
– Ооба, антип айткам, быйыл күзүндө отчёттук концерт берип, чыгармачылыкты жаштарга өткөрүп берсемби деп ойлогом. Бирок сахнага чыкканда элдин колдоосун көрүп, чарчаганымды деле унутуп калдым. Азыр кыргыздар дүйнөнүн көп жерлерине тарап кетпедиби, ошол жактардан ырларымды суранышат. Ошентип турса сахнадан кетмек турсун эргүү келип иштегиӊ келет экен. Менин колумдан ырчылыктан башка жумуш келбейт. Элдин адамы болуш өтө кыйын, ушак ээрчийт. Интрига, түйшүгү көп жумушту эми араӊ өздөштүрүп, күйөрмандарым урматтап-сыйлап калган кезде сахнаны жөн гана таштап кетип калыш мен үчүн өтө оор.
– «Атактуу адамды ушак ээрчийт, интрига көп» деп жатпайсызбы. Ушундай ушактарды укканда өзүӊүздү кантип алаксытасыз?
– Мурун ушак укканда жүрөгүмө жакын кабыл алып капа болчумун, анда жаш экенмин да. Кийинчерээк мен жөнүндөгү айтылган кептерге өзүм эле эмес, эл деле көнүп калды.
Кызым Мэри Питерден үй-бүлөсү менен көчүп келди эле, «Динаранын улуу кызы ажырашып келиптир» деген сөз чыгарып ийишти. Үй-бүлөдө ким чатакташпайт, таарынышат, табышат дегендей. 3 бала менен ажырашып кетүү оюнчукпу? Күйөөсү да, өзү да намаз окуйт, жакшынакай эле жашап жатышат.
Айрыкча жаӊыдан өсүп келе жаткан таланттуу кыздарды ушактай берип, биздин шоу-бизнесте ырчы кыздар калбай калды көрүнөт. Кээ бирлери күйөөгө тийип кетишсе, айрымдарын ата-энелери ырдатпай койду. Таланттуу кыздардын ырдабай, сахнадан четтеп кеткендери мени өкүндүрөт.
– Ата-энеси ырдатпай койду деп кайсы жаш ырчыны айта аласыз?
– Алыс барбай эле өзүмдүн кызым Маликаны айтайын. Кичинекейинен ырдап-бийлеп сахнада чоӊойду. Бышып калган кезинде мен деле кызымды «ырдабайсыӊ» деп токтотуп койдум. «Кызым, сен мага окшоп кыйналба, үй-бүлө куруп бактылуу эне, жароокер жар бол» дедим эле, Малика Америкадагы окуусун бүтүп келип, менин сөзүмдү да эске алды окшойт, сахнага чыкпай калды.
– Чындыгында, Маликанын таланты күчтүү, эми бул талант катылуу бойдон калабы?
– Туура айтасыӊ, өзүмдүн кызым деп мактагым келбейт, бирок таланттуу. Маликанын ырдаганын угуп кадимкидей эс алам. Бийик үнү бар, бий жагынан да сөз жок. Гастролго чыксам да «Малика келдиби?» деп сурагандар көп. Бирок кызым бир жыл же бир жарым жылдай сахнага чыкпайт. Ийгиликтин эрте-кечи жок, сахнада ашыкча кеп болбошу үчүн кыз бала токтолуп калган кезде ырдашы керек. Сахнага чыкканда да жалгыз эмес, жолдошу колдоп алып чыкса чыксын, болбосо жубайлык, энелик милдетин аткарып үйдө отурсун. Маликанын таланты катылуу калат деп ойлобойм, бир күнү жарылып чыгат болуш керек.
– Кыз баланы тарбиялап турмушка узатуу эне үчүн түйшүктүү болуш керек?
– Кыз баланы тарбиялаш өтө оор. Үйдөн чыкса эле сарсанаа болосуӊ, энесиӊ да, кечиксе ойлоруӊ ар кайсы жакка кетет. Эркек балдарга салыштырмалуу кийген кийимине да каражат көп кетет экен (күлүп).
– Кыздарыӊызды турмушка узатыптырсыз. «Он балам болгуча осурак чалым болсочу» дегендей, балким, кобурашып отурганга бирөө керектир?
– Жашоомдо көп балалуу болууну кыялданчумун. Кайра баштан жаралсам ырдабай, үй-бүлөнү тандап бактылуу аял, мээримдүү эне болмокмун. Бирок Кудайга шүгүр, 2 кызым, 3 неберем менен үйүм толуп, бака-шака болуп калабыз. Неберелеримдин улуусу мектепке барып калды. Турмуш курайын десем мага теӊдүүлөрдүн үй-бүлөсү бар, үй-бүлөсү жоктор менден кичүү. Кыздарымды турмушка узаттым, эми мындан ары өзүм үчүн жашайм. Кыздарымдын буга каршылыгы жок, алар түгөйүн тапкандан кийин апасынын деле жалгыз калуусун каалабайт да.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!

"Кыздарым тентек кылышса урушчу элем, эмнегедир неберелеримди такыр уруша албайм".

"Улуу кызым сиӊдиси Маликаны көтөрүп жүрүп чоӊойтту эле, учурда өзү 3 баланын энеси болду".

"Меринин үй-бүлөсү динге берилген, ал эми Маликанын кайын журту такыр эле заманбап".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
sadolin
2015-06-01 18:54:24
Кыздарды турмушка бериптирсиз. Эми мындан да коптогон ийгилик жаратыныз. Сиздин угармандарыныз сизден коп-коп жаны чыгармаларды кутот.
0
Otunbaeva.
2015-06-01 20:43:11
Адамдар кыйын элге билгизбей эле тийип кетет.
+3
Aksy-13
2015-06-01 23:05:33
Маликанын уну чынында жакшы болчу, качан турмушка чыкты откондоле Нурлан Насиптин концертинде ырдап чыккан элего бир заматта тийип, боюнда болгонго да жетишип калыптыр бизге ушундайлардан кабар берип турсаныздар супер инфо замандан артта калтырбай, элдерго инстаграмдан окуп билип алат экен мен бир гана сизер аркылуу кабар билип турам, Чон кызынын дин жолунда, ыймандуу экендиги жакты, Малика анын алдында кызыктай корунуп калат экен, Бактылуу болушсун!
+2
momuntay
2015-06-02 01:00:21
Ошондо Мэр Динара Акулованын биринчи куйоосунонбу?
Эмнегедир Динара эженин биринчи турмушу канча жылдан бери сыр сандыка катылуу. Айтор эч бир гезит ача албай койду.
Маликанын дуркурогон тоюн кутуп журо бериптирмин. Уже эле тийип кетиптир да. Бактылуу болушсун! Эжеге да ийгилик бакыт кааалайм.
+2
mersedes2013
2015-06-02 02:09:43
Динара Акулова таланттуу сулуу айым.Урмат сыйга татыктуу.!Сахнадан кетпей эле коюнуз биз сиздин ырларынызды суйот жана угат.Ушунча жыл эмгектенип сахнадан кеткениниз болбос.
+2
azhibaeva.2012
2015-06-02 02:53:40
Чыгармачылык ийгилик сизге кыздарыныз бактылуу болушсун
+1
gulnara2014
2015-06-02 15:59:31
Динара эженин эки кызы бар экенин биринчи жолу угуп жатам. Мурда бир эле кызым бар дечу эмес беле. Маликаны айтчу
0
dil_bara
2015-06-02 18:12:26
динара эже сизге ийгилик.
0
Jaz3
2015-06-03 00:09:53
чон кызы неберелери кыргызга окшобойт экен 1куйоосу кыргыз эместигинен ачыкка чыкпаса керек да
+1
asya_555
2015-06-03 03:04:30
Jaz3, чон кызынын куйоосу озбек да ошон учун кыргызга окшобойт
+1
agarai
2015-06-03 11:54:09
Малика куйоого тийиптир да ээ, жакшы, бактылуу болсун,
0
admin_superstan
2015-06-03 11:59:25
agarai, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
+1
admin_superstan
2015-06-04 10:10:25
toocool, саламатсызбы!
Сиз колдонуучунун бардык билдирүүлөрүн окуган жоксуз. Андыктан, бул жерде сайттын башкармалыгын талкууга албаңыз! Эскертүү!
+1
Aipri
2015-06-04 19:11:37
Малика Дина таланттуу, уну бийик кыз. Маликадай кызды сахнадан чанда гана кездештиребиз. Динара эже, Маликаны ырдада берсениз эле жакшы болмок.
+1
ainuska00
2015-06-05 09:59:00
улуу кызы озбек бала чыккан эле турмушка
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-05 22:18:49
Таланттуу айым!Кыздары бактылуу болсун!
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан