«Евразия Экономикалык Союзу жөнүндө» келишимдин 26-бөлүмүнө ылайык, ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартибин кыйла жеӊилдеткен шарттар түзүлөт. Ал шарттар келишим Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын парламенттеринде бекитилген соӊ күчүнө кирет.
КАТТООСУ ЖОК КАНЧА КҮН ЖҮРҮҮГӨ БОЛОТ?ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн аймагында 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. ID-карт паспорту менен баргандар миграциялык картаны толтурушу кажет. Чет жерлик паспорт менен барса, ал картаны толтурбай койсо деле болот. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алат. Андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтү иш берүүчү менен түзгөн эмгек келишиминин мөөнөтү боюнча аныкталат. Мигрант өлкөгө кирген күндөн 90 күн өткөндөн кийин эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулса, ал 15 күндүн аралыгында жаӊы эмгек келишимин түзүүгө, ошол эле учурда башка иш берүүчү менен мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.
ЭМГЕКТЕНҮҮ ҮЧҮН УРУКСАТ АЛУУ ЖОЮЛАТ
Мигранттарды ишке тартуу чектөөнү эске албастан ишке ашырылат жана эмгектенүү үчүн милдеттүү уруксат кагазын албай эле ишке орношууга болот. Патент алуу жана сынак тапшыруу жоюлат. Педагогикалык, юридикалык же медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкары, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.
АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨБҮ?Мигранттар ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей деӊгээлде профсоюздарга кирүүгө укуктуу. Алардын балдары ишке орноштурган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, мектепке чейинки мекемелерге барып билим алышат. ЕАЭСке мүчө мамлекеттер мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тез жардамды өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруу полисинин бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.
«КАРА ТИЗМЕ» МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?ЕАЭСке мүчө болуу менен «кара тизме» маселеси дароо чечилбейт. Айрым кыргызстандыктарды андан чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Маселен, Кыргызстандын жаранынын никеде турган түгөйү Орусиянын жараны же Орусиянын окуу жайында окуган кыргызстандык студент болсо, «кара тизмеден» чыгуу жагы каралат. Депортацияланган жарандар Орусиянын аймагына паспортундагы жеке маалыматтарын өзгөртүү менен кирүүгө аракет жасаса, ал жазаланат.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg