БИР БҮРКҮМ

  • Май айынын башынан бери Баткен облусунда 3 кыз ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин ага инспектору Алтынбек Эрдикулов маалымдады.
  • АДАХАН МАДУМАРОВ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин башкы катчысынын орун басарлыгынан кетти. Ал бул чечимин парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү.
  • Депутаттар өкмөткө электр энергиясынын 1 киловатт-саатын орточо баа менен 85 ТЫЙЫНДАН сатууну сунушташты. «Биздин өлкөдө башка мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергиясы арзан. Бирок тарифти калктын айлык маянасына жараша өзгөртүү туура»,- дешти алар.
  • «Кыргызстанда бир эле «мыйзамдагы ууру» бар, ал – КАМЧЫ КӨЛБАЕВ. 4-5 «мыйзамдагы ууру» бар деген маалымат ушак»,- деди Жогорку Кеӊештин комитеттик жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев.
  • Орусияда чет жердик жарандардын улуттук АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮН дагы 2 жылга, 2017-жылдын 1-июнуна чейин колдонуусуна уруксат берилди.
  • Бишкекте 1916-жылкы окуяда каза тапкандарга эстелик орнотулат. ҮРКҮНДҮН 100 жылдыгын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан 10 миллион сом бөлүп берди.
  • Журналист СЫРГАК АБДЫЛДАЕВДИН өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Айып тагылгандардын сап башында Жаныш Бакиев жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2015-06-05 05:20:18
электр энергиясынын 1 киловатт-саатын орточо баасын 0,09 тыйын кылыш керек.
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан