Улан Примов, Ош шаардык кеӊешинин депутаты: «ӨЛКӨ ӨЗГӨРҮҮДӨ, ЭЛИТА ЖАӉЫРЫШЫ КЕРЕК»

  • Улан Примов 1978-жылы Ош шаарында туулган.
  • Ош технологиялык жана Ош мамлекеттик университеттеринен экономист жана юрист адистигине ээ болгон.
  • Алай райондук финансы бөлүмүндө жетектөөчү адис, бөлүм башчы жана «Пэрити Коал» компаниясында директор кызматтарында эмгектенген.
  • 2007-жылдан тарта Ош шаардык кеӊешинин депутаты.
  • 2014-жылдын башынан бери Ош шаардык кеӊешинин төрагасы.
  • Үй-бүлөлүү. Төрт перзенти бар.

– Ош окуясына беш жыл болуп калды. Жүрөк титирээрлик окуя баарыбызды сынады, кайтыш болгон жана жабыркаган адамдар да, материалдык чыгымдар да болду. Азыр туш тараптан Оштогу кырдаал кандай деген суроо коюлуп жатат?
– Ооба, чоӊ сыноо болду. Бирок биз ал сыноодон намыс менен чыгып кеттик. Адам баласы канчалык оор сыноолорду башынан өткөрбөсүн, сабыр кылса убакыт баарын дарылап, өз ордуна коёт экен. Учурда Ош шаарыбызда кырдаал туруктуу. Мамлекетибиздин тынч өнүгүшүн көрө албаган күчтөр бар экенин эл билип калды. Кыргызы да, өзбеги да мындай тирешүүдөн пайда таппастыгын, тескерисинче, орду толгус жоготууга учурай тургандыгын түшүндү. Ошондуктан мындан ары эки тарап теӊ чагымчылардын тукуруусуна жол бербейт деп ишенем. Шаар тургундары менен жолугушууларда көп улуттуу элибиз мурдагыга караганда кыйла көрөгөч, ынтымактуу жана саясий деӊгээли өскөндүгүн байкайм.
– Кайсы бир чет элдик эксперттин «Ош шаарынын сейрек кездешчү касиети бар. Мисалы, өзбектерден кыргыздар, тескерисинче, кыргыздардан өзбектер үйрөнө турган өнөрлөр, сапаттар бар. Бул тажрыйба өз ара айкашса, Кыргызстандын эӊ күчтүү ордосуна айланмак» деп айтканы бар. Муну
канчалык чындыкка жакын деп ойлойсуз?
– Мен бул көз карашка толугу менен кошулам. Кыргыздар менен өзбектер бири-бирин толуктап турганын, жанаша жашоо менен алга озорун сезди. Кыргызда «курама темир курч болот» деген накыл сөз бар. Эгерде чагымчыл күчтөргө каршы жергиликтүү тургундар улутуна карабай чогуу турушса, ынтымактуу болушса, албетте, шаарыбыз Кыргызстандын күчтүү ордосуна айланары анык. Ош шаарынын көп улуттуу калкы чагымчыларга алданбайт деп ишенем.
– Акыркы мезгилде эки эл ортосунда чыр чыгат экен деген ушакты таратышты. Мына ушундай кырдаалда ар кайсы улуттан, ар кайсы аймактык кеӊештен шайланган эл өкүлдөрү кандай иш кылышы керек? Сиз төрагалык кылган Ош шаардык кеӊеши улут аралык мамилени чыӊдоого кандай салым кошуп жатат?
– Ош шаардык кеӊеши жаӊы Конституциянын негизинде 2012-жылы биринчи жолу партиялык тизме менен шайланды. Жаӊы мыйзамга ылайык, шаардык кеӊеш көп улуттуу болуп куралды. Эки туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы жана орун басарларымдын бирөөсү өзбек улутунан. Биз мына ушундай жол менен шаардын маселелерин чечүүдө чогуу, ынтымактуу болууну элибизге сөз менен да, иш менен да көрсөтүп жатабыз.
Шаардык кеӊеште улут аралык ынтымакты чыӊдоо, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу боюнча маселелер дайыма талкууланып турат. Калк жыш отурукташкан аймактарда тез-тезден жолугушуулар өткөрүлүүдө. Чечимдер да боордош эки этностун кызыкчылыктарын шайкеш келтирүү менен кабыл алынат.
– Былтыр Өзбекстан эскертпей туруп газ берүүнү токтотуп койгондо Ош шаарынын тургундары дагы бир сыноого дуушар болду го. Ошондо «Ош элинин чыдамы түгөндү, эми нааразы болгондор чыгат» деген сөздөр айтылды эле. Бирок эл чыдамкайлыгын жана намыстуулугун көрсөтүп, сыноону жеӊгендей болду, туурабы?
– Чынында, коӊшулар тарабынан газдын өчүрүлүшү биз үчүн күтүүсүз болду. Бир жагынан оорчулук бизди такшалтты, намысыбызды ойготту. Кышка даярдык жумуштарын эртерээк баштап, элибизди суукка тоӊдурбай кыштан алып чыгуунун ар түркүн айласын издедик.
Президентибиз Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы кышка даярдыкты жеке көзөмөлүнө алып турду. Натыйжада жетиштүү өлчөмдө акча каражаты бөлүнүп, 65 подстанция жаӊыланып, 27 жатакананы, 52 көп кабаттуу үйдү борбордук жылытуу системине коштук. Ош шаарынын тургундары электр энергиясы менен кыштан аман-эсен чыга аларына көзү жетти. Эл электр энергиясын сарамжал пайдаланууну, газдын ордуна көмүрдү жагууну үйрөнүп калды. Анткени энергетика тармагы боюнча коӊшуларга көз каранды болбош керектигин түшүндү. Мындай сыноолор Ош элинин ынтымагын ого бетер чыӊдады.
– Соӊку мезгилде саясий элитаны жаӊылоо керек деген көз караш көбүрөөк айтыла баштады. Жаш төрага катары айтсаӊыз, элитанын жаӊылануусу кантип, кандай жол менен ишке ашышы керек?
– «Элүү жылда эл жаӊы, жүз жылда жер жаӊы» деген сыӊары, биздин саясий элитанын жаӊыланышы – бул доордун талабы. Учурда мамлекеттин жоопкерчилигин моюнга коркпой ала турган жаӊы муун өсүп жетилди. Менимче, саясий элитанын жаӊылануусуна коомчулук даяр. Ошол эле кезде улуттун мыкты касиеттерин өзүнө сиӊирип жүргөн ага-эжелер бизге акылын, бай тажрыйбасын берип, жаштарга өрнөк болушу абзел. Улуу Британияда, Кытайда улуттун жүзү болуп калган ишмерлер 70-80 жашында да саясатта, коомдук турмушта ролун ойнойт. Кыргызстанда, сөз жок, кан жаӊылануусу керек. Улуулардын тажрыйбасы менен жаштардын күч-кубаты, умтулуусу шайкеш келгенде жаӊылануу жакшы өтөт деп ойлойм.
– Азыр глобалдык доор келди. Адамзатта бири-биринин тажрыйбасын, өнөрүн тынымсыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кеӊейди. Сиз заманбап башкаруу өнөрүӊүздү кантип өркүндөтүп жатасыз?
– Албетте, азыр жаӊыча башкара албасаӊ, алыс барбайсыӊ. 2010-жылдан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга кадам таштады. Алынган чечимдер ачык, ар бир жаранга жеткиликтүү болуп калды. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, парламентте бири-биринин кемчилигин ачык айтып, эл бийликти көзөмөлдөп калды. Бул жагынан биздин өлкө алдыда бара жатат. Азыр кабинетке бекинип алып, жалгыз өзүӊ же жакындарыӊ менен чечим кабыл ала албайсыӊ, башкалар менен, эл менен кеӊешип чечим кабыл алууга туура келет.
Азыркы менеджерлер аз дегенде үч тилди билүүгө тийиш. Эне тилден тышкары орус, англис тилин билбесек, инвесторлор, чет жердик өнөктөштөр менен иштешүү кыйын. Жаштарыбыз мекенчил болуп, 3-4 тилди үйрөнүп жатышат. Мен да четте калган жокмун, мектепте, жогорку окуу жайда англис тилин окугам, азыр аны тереӊдетип жатам. Шарты келсе чет жакка чыгып, башкаруу өнөрү боюнча курстарга барсам деген максатым бар.
– Кыргызды аксаткан, артка тарткан эмне деп айтат элеӊиз?
– Биздин элдин меймандостугуна, айкөлдүгүнө, адилеттүүлүктү сүйүү сезимине суктанбаган улут жок. Анан ушундай асыл сапаттарыбыз туруп ичи тардык, көрө албастык, анан жердешчилик деген касиеттерибиз жанаша жүргөнүнө таӊ калам, капа да болом. Эмнеге бири-бирибиздин ийгилигибизге кубанбайбыз, эмнеге өсүп келе жаткандарды түртмөлөбөйбүз деген суроого баш катат.
Жердешчиликке, албетте, базар мамилеси сокку уруп жатат, соода баарын аралаштырды, бири-бирине шерик кылды. Эми ушул жагдай саясатта да болууга тийиш деп ойлойм. Совет заманында кадрларды ротациялоо деген мыкты тажрыйба бар эле, ошону кайра жандантуу зарыл. Оштук барып Ысык-Көлдө, нарындык Баткенде, жалал-абаддык Таласта дегендей кадрлар аралашып иштегенде саясатта жердешчилик деген дарттан айыгабыз деп ишенем.
– Байлыгыӊыз жетиштүүбү, бош убактыӊызда эмнелерди эрмек кыласыз?
– Атам Бердибай Примов ишкерликте да, саясатта да ийгиликке жеткен адам. 1990-жылдары Жогорку Кеӊешке депутат болгон. Материалдык жактан Кудайга шүгүрчүлүк. Бирок ата-энем балдарын эрке-талтаӊ кылып чоӊойткон эмес. «Жөнөкөй, элге-жерге жакын болгула» деп кулагыбызга куюп турушат.
Бош убактымда футбол ойнойм, тил үйрөнөм. Кызматыма жараша убактым тарып эле баратат. Ошентсе да топ тепкенге убакыт табам.

Тургунбай Алдакулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА