КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бермет менен Адыл бири-бирин таӊ кала карап калышты. Жаӊылыш угуп алдыкпы дегенсип баштарын ийкеп, «эмне дейсиӊ?» деп жарыша суроо узатышты.
– Адыл, сен убара болбой эле кой.
– Эмнени айтып жатасыӊ?
– Берметти мен алам,- деп ишеничтүү сүйлөдү. Адыл жооп бергенче Бермет жарыша сөзгө аралашты:
– Сүзө качырып эле алам дегендей сен кимсиӊ? Мен сага эч убакта тийбейм.
– Сен эмнени чечмек элеӊ?- деди Акыл керсейип. Досунун кылыгына жаны ачыган Адыл тим тура албады. Качыра басып келип жакадан алды:
– Биздин махабатыбызга бүлүк салгыдай эмне кегиӊ бар? Сүйүүӊдү башка адамдан изде! Бизге тоскоол болбой кетип кал!- деди ачууланганынан колу-буту титиреп.
– Эч кайда кетпейм! Керек болсо сен кетишиӊ керек,- деп мыйыгынан жылмайды Акыл.
– Кет дегенде кетип калбайсыӊбы!- деп катуу кыйкырып алды Бермет.
– Ой, мени кет дейсиӊ го. Мен сени сүйөм.
– Акыл, эсиӊди жыйчы! Сен соосуӊбу? Жүрчү, жигиттерче сүйлөшүп алалы,- деп аны колтуктан кармап баратканда Бермет ортого түшө калды.
– Адыл!
– Сен аралашпа!
– Урушпагылачы!
– Үйгө кире бер. Буга кыз талашканды көрсөтүп коёюн.
Экөө жол тарапты көздөй чыгып кетишти. Берметтин тынчы кетип, башына заматта түркүн ойлор келип-кетип жатты.
Эки дос ээн жерге барып эркекче сүйлөшүштү. Көк жалдардай кармашышты. Муштум түйүп, жигитче күч сынашты. Акыл Адылга караганда карылуу да, чапчаӊ да эле. Улам үстүнөн басып жыгылып, муштум менен койгулап бети-башын түзүк эле жанчты. Чарчагандыктан демдери чыкпай, энтигип калышты. Акыл досун алдына баса жыгылып:
– Берметке эми тийишпейсиӊби? Экинчи анын короосуна келбейсиӊби?
– Келем, мени тыя албайсыӊ!
– Өлтүрөм азыр. Келбейм деп убада бер!- деди күчкө салып.
– Берметти эч кимге бербейм! Сага окшогон акмакка андай кыздар кор болот.
– Тилиӊди тарт!
– Акмак болбосоӊ, атаӊды абакта чиритет белеӊ?!
– Сен өзүӊдү ким деп ойлоп жүрөсүӊ? Арам экениӊди билесиӊби? Ата-энеӊ багып алганын айта элекпи сага?
– Коё бер дейм, энеӊди урайын!
– Сенин арамдан туулганыӊды Берметке айтайынчы, жанына жакын жолотор бекен.
– Коё бер! Аа-аа!- деп катуу кыйкырып, тыбырчылады. Акылдын да колдору чарчаган белем, ордунан туруп Адылды тепкиледи да, эрдик кылгансып басып кетти.
Адыл бир чети таяк жегенине жаны ачыса, экинчиден Акылдын «ата-энеӊ башка, сен арамсыӊ» деген ачуу сөзүнө ызаланып, ыйлап жатты. Улам жерди муштуму менен койгулап, көзүнөн аккан жашын тыя алган жок. Адыл өзүнүн бакма бала экенин билчү. Багып алышкан ата-энесинин жумушуна байланыштуу алар бул айылга көчүп келишкен. Ошого көпчүлүк бакма экенин билишпечү. Анын үстүнө ата-энеси да аны бакма баладай көрүшчү эмес. Адыл беш жашка толгончо балдар үйүндө тарбияланды. Ал жакка ким, качан таштап кеткенин билбейт. (Урматтуу окурман, ушул жерден Адылдын балдар үйүнө кантип түшүп калганын айта кетейин).
Балдар үйү... Жаз айлары... Колуна чүрпө көтөргөн, санаа, ойдон чарчаган жашы жыйырманын тегерегиндеги келин келди. Балдар үйүндөгү тарбиячылардын бири келиндин чоо-жайын сураштырды.
– Кызым, эмне болду? Кайдан, эмне максат менен келдиӊ?- деди кызыгып.
– Эже, мен бул жерге баламды убактылуу таштап турсам болобу?
Алсырап турган келинден ушул үн чыкты. Тамагы кысылып, уялган иреӊин жашырып, көзүнөн аккан жашын көргөзбөйүн деди.
– Таштасаӊ болот. Күйөөӊ каякта?
– Жолдошум жок.
Кесе жооп берген келинден чочуркап:
– Ай, келин, жолдошуӊ жок болсо кайдан төрөдүӊ?
– Боюмда болгонун уккан соӊ таштап кетти. Эже, мага жардам кылыӊызчы. Окуумду аяктасам эле баламды бул жерден алып кетем.
– Эх, заман каякка баратат?- деп үшкүрүнгөн аял макул дегенсип алдыга түшүп жөнөдү. Артынан баласын көтөргөн келин илкий басып келе жатты. Баштап келген аял
кызматтык бөлмөсүнө кирип керектүү кагаздарга кол койдуруп, документтерин бүтүргөн соӊ:
– Келе баланы. Бейкүнөө наристе. Окууӊ качан бүтөт?
– Эки жылда аяктайм. Ага чейин келип-кетип турам.
– Окууӊду аяктап ишке орнош да, уулуӊду алып кет. Ар бир наристе энеси менен чоӊойсо гана. Азыркы жаштар эмне болуп, каякка бара жатасыӊар?- деди кейип.
– Рахмат, эже. Сөзсүз алып кетем,- деди да, көзүнөн аккан жашын аарчып, артын карабастан жолуна түштү.
Андан бери туура 18 жыл өттү. Ал келинден дале кабар болгон жок. Адыл беш жашка толгончо аны багып алабыз дегендерге тарбиячы берген жок. Акыры апасы келбегенине көзү жеткен соӊ Адылдын азыркы ата-энесине бала кылып берген. Алар өз баласындай асырап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай асырап келе жатышат. Адылдын ата-энеси баласынын бети-башы канаган калыбын көрсө, эстеринен танбаса болду. Айткандай эле үйгө кирери менен апасы кыйкырып жиберди:
– Эмне болду? Ким сени мынчалык урганга батынды? Атаӊ жумуштан келсин, сазайын колуна бердирбесем!- деп жулунду. Адыл унчуккан жок.
– Кел, кийимиӊди алмаштыр, бетиӊди жууп берейин.
Өзүнүн бети көгөргөнсүп, эненин жүрөгү сыздап турду.
– Апа, бакма экенимди билем. өз ата-энемден артык кылып өстүрдүӊөр. Бирок өз ата-энемди тапкым келет.
– Бизчи?- деп апасы шашып кетти.
– Силерди эч убакта таштабайм. Окууну да аяктаганы турам. Шаарга барып, мен тарбияланган балдар үйүнөн апамдын аты-жөнүн тактайм.
– Адыл, уулум!
– Апа, бизди таштап кетет деп кооптонбоӊуз. Силер жашоомдогу эӊ кымбат, эӊ ыйык ата-энем бойдон каласыӊар.
Бой жетип калган баланын оюн чектеп, «бул жакка бас, бул жакка барба!» деп кармап туруу кыйын эмеспи. Апасы Адылды токтотуп калуу мүмкүн эместигин түшүндү. «Силерди таштап кетпейм» деген сөзүнө топук кылып, үн катпай калды.
Түнү менен түйшүк тарткан Бермет мектепке эрте келди. Адыл менен Акыл көрүнбөйт. Терезеден башын улам чыгарып, жол жакты карап бушайман болуп жатты. Бир убакта башын жерге салып келе жаткан Адылды көрүп сүйүнүп кетти да, жолун тосуп чыкты. Бети тытылып, көзү көгөргөн сүйүктүүсүн көрүп:
– Жанагы акмактын кылганыбы? Колу сынып калса болмок. Ооруп жатабы?- деди бетинин сыйрылган, көгөргөн жерлерин кармалап.
– Баары жакшы. Кийин сүйлөшөбүз.
Адыл маанайы суз калыбында сүйлөбөстөн мектепке кирип кетти. Моюнунан байлаган иттей болуп Акыл да мектепке кирип келди. Ачуусу келип, ызаланып турган Бермет эки колун бөйрөк тушка таяп, маӊдайына кадала турду да:
– Эркек деген сендей болбойт. Сага окшогон алсыз эркекке тийгенче бойдок өткөнүм жакшы.
Акыл калыбын бузбай камырабастан туруп:
– Атам жакында камактан чыгат. Куда түшүп барышса кайда бармак элеӊ?- деди ишеничтүү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Munarka
2015-06-08 09:10:17
Адылды эмне кылат Акыл жонундо жаза беришпейби
0
aydarken
2015-06-08 15:57:49
Кызыгы Эми башталдыго даагы бир жума кутом уфф
0
Mirlan9292
2015-06-09 13:59:11
Кызыгы башталды
0
Serenada
2015-06-09 15:39:28
Эч кызык эмес адатагы эле чыгармадай
0
Serenada
2015-06-09 15:44:11
Нарагында жок адамга бирөөнүн акылы акыл болбойт акыры Бермети алып аныда кордоп өзү камалып апасы өлүп акыр аягы ушундай өмүр бою баласын күткөн атасы сүрөтөлөт да
0
Anarbek87
2015-06-11 22:50:48
ото кызыктуу болбой жатат чыгарма.
0
Pantherka
2015-06-13 16:08:03
Ушу сериал коп жага бербей калды аягына чыгарайын деп эле окуп жатам, ушул жерден деп башка окуяны эстеп кеткендери тажатты уже.
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА