Кызганыч. Бул тууралуу канчалаган сөздөр айтылып, канчалаган китептер жазылып, канчалаган тасмалар тартылбады. Мунун айынан канчалаган үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып, андай үйдөгү жашоо тирүүлөй тозокко айланып, канчалаган үй-бүлө урап, ал тургай өлүм менен аяктаган кайгылуу окуялар да кездешпеди?.. Жакында Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон окуя да буга далил. 10 күн артынан аӊдып, күйөөсү өзүнөн 9 жаш улуу келин менен жүргөнүн билген аялы өч алуу үчүн күндөшүнө кол салган.
КҮЙӨӨСҮНҮН ОЙНОШУНА БЫЧАК САЙЫП...
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой окуя төмөнкүчө болгон. Алик менен Айперинин (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) үйлөнгөнүнө 3 жылдын жүзү болгон. Тилекке каршы, бул убакыттын ичинде экөө балалуу боло алышкан эмес.
Акыркы күндөрү Алик өзгөрүп, кээде үйгө түнөбөй да калган. Ансыз да шекшинүү жүрөгүн өйүп жүргөндө, коӊшу келин «сенин күйөөӊдүн башка бирөө менен жүргөнүн көргөндөр бар экен» деп айтып калат. Айпери 10 күндөй күйөөсүнүн артынан аӊдып, көзүнө чөп салып жүргөнүн билет.
3 күн үйүнө келбей жүрүп 7-апрель күнү кечинде келген Алик келинчегинин «кайда жүрдүӊ, кайда барасыӊ?» деген суроолоруна жооп бербей, кийимин алмаштырып үйдөн чыгып кетет. Айпери ачуусу менен ашканадагы бычакты колуна кармап, анын артынан чыгат. Сыртка чыгып үйдөн анча алыс эмес жерде күйөөсүнүн автоунаасы турганын көрүп басып барат. Барса, унаанын айдоочулук ордунда күйөөсү, жанында бейтааныш келин отурат. Ачуусун кармай албай калган Айпери колундагы аш бычак менен күйөөсүнүн унаасында отурган Фариданын моюнуна 1, курсагына 2 ирет бычак сайганга үлгүрөт. Алик Фариданы ооруканага алып келет. Дарыгерлер бычактан алган жарааттар менен келген оорулууну көрүп, милиция бөлүмүнө билдиришет да, көп өтпөй кылмышка шектүү кармалат.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН КҮЙӨӨСҮ ЖАБЫРЛАНУУЧУГА ҮЙЛӨНҮП АЛГАН»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:– Бул кылмышка шектелип Б.А аттуу 1995-жылы туулган Кара-Суу шаарынын Заводская көчөсүнүн тургуну кармалды. Анын үстүнөн Кара-Суу
ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал күйөөсүнүн артынан 10 күн аӊдып жүргөн. Акыры жолдошу менен жабырлануучуну бирге кармап алган да, жабырлануучуга бычак сайган.
1986-жылы туулган жабырлануучу 20 күн ооруканада жатып дарыланган. Кылмышка айыпталып жаткан келиндин күйөөсү жабырлануучу ооруканада жатканда ага каралашып турган жана ал ооруканадан чыккандан кийин экөө үйлөнүп алышкан. Кылмышка шектелип кармалган келин бул кылмышка кызганычтын айынан барганын түшүндүрүп, кылганына өкүнүп жатат. Ал тергөө изоляторуна киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кызганычтын айынан кылмышка барып, башка бирөөнүн эле эмес, өзүнүн да келечегине кара так түшүрөрүн каарманыбыз убагында сезди бекен?!
Ал эми аны кызганычка түртүп, андан соӊ абакка түшүшүнө себепкер болгон күйөөсүнүн кылыгына жол болсун! Андыктан аял, эркек дебей сезимдер алдында алсыздык кылып, баш аламан мамиле түзүүдөн этият болушса дейт элек.
Теманы улай
Гезитибизге буга чейин чыккан чуулгандуу кылмыш иштеринин кээ бирлерине сот чыгарган өкүмдү окурмандарга тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.ӨЗ КЫЗЫН УУРДАГАН АЯЛ ШАРТТУУ ТҮРДӨ КЕСИЛДИ
Үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү Ысык-Көл облусунда детектив кинодогудай кылмыш катталган. Анда Жети-Өгүз районунун 35 жаштагы Айзат Рыскулова аттуу тургуну кайын сиӊдисинин 7 жаштагы кызын уурдап, туугандарынан акча талап кылууну көздөгөн. Кылмышы билинип калбашы үчүн ал кайын сиӊдисинин кызы менен кошо өзүнүн да 8 жаштагы кызын уурдап, экөөнү айыл четиндеги эски сарайга алып барып, колдору менен ооздорун скотчтоп муздак бөлмөгө камап койгон. Бир сутка өткөн соӊ кыздар эптеп бошонуп чыгып, жолдон бир малчыга жолугуп калышкан. Ал кыздарды үйүнө жеткирип барган. Кийин белгилүү болгондой, Айзат Рыскулова өзү эркекче кийинип, көз айнек тагынып жана жасалма мурут чаптап туугандарынын автоунаасын сурап алып, ал унаа менен кыздарды уурдап кеткен. Андан соӊ ал кыздарды бошотуу үчүн 10 миӊ доллар жана 300 миӊ сом талап кылган. Кармалган соӊ ал бул жолго карызы көбөйүп, аны төлөө үчүн барганын айткан. Анын үстүнөн Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 123-берене (адам уурдоо) жана 329-берене (атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлүп берилген.
19-майда Каракол шаардык сотунун чечими менен Айзат Рыскулова 2 жылга шарттуу түрдө кесилген. Сот айыпталуучунун балдардын ден соолугуна залал келтирген эмес жана жаш балдары бар деген жүйөөлүү себептерин эске алган.
СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНДАРГА ӨКҮМ ЧЫКТЫОш облусунун Өзгөн районунда секелек кыз таятасынын агасы жана анын 2 уулу тарабынан зордукталганы билинген. Ал кыз 10 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, аны апасы туугандарынын колуна таштап, Казакстанга иш издеп кеткен. Тайлары тарабынан көп кордук көргөн кыз мектепте да жарытылуу билим алган эмес. Кийин гана анын буга чейин зордукталганы билинип, өткөн жылдын декабрь айында атасы укук коргоо органдарына кайрылган. Ошондо гана ал кыздын таятасынын агасы, 65 жаштагы Раимжан Айдаркулов, анын 32 жана 28 жаштардагы 2 уулу кармалып, зордукташкандыгын моюндарына алып көрсөтмө беришкен. Бул факт боюнча Өзгөн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо), 111 (кыйноо) жана 161-беренелеринин (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Бул кылмыш боюнча 10-апрелде Өзгөн райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты. Соттун өкүмү менен 1949-жылы туулган Раимжан Айдаркулов 20 жылга, ал эми анын уулу Мирлан Раимжан уулу 10 жылга эркинен ажыратылды. Экөө күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Белгилей кетчү жагдай, мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, Мирлан Раимжан уулуна белгиленген жаза мөөнөтү үчтөн бирине, Раимжан Айдаркуловго белгиленген жаза мөөнөтү бештен бирине кыскарган. Ал эми Руслан Айдаркуловдун акыл-эси жайында эместиги аныкталып, ал психиатриялык ооруканага мажбурлоо иретинде дарыланууга жөнөтүлдү.ЗОРДУКЧУ СОТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАЗА АЛЫШТЫ
Өткөн жылдын 30-декабрында Талас облусунда 3 сот кызматкери Калия Арабекова аттуу айымды зордуктаган деп шектелген. Калия Арабекованын айтымында, Талас облустук сотунун судьясынын жардамчысы Алтынбек Алыбаев, Кара-Буура райондук сотунун сот аткаруучусу Мукаш Кененсариев, Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу Илгиз Карымбаев аттуу жарандар мурунку күйөөсүнөн алимент өндүрүп беребиз деп алдап, Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барып күч колдонуп зордуктап салышкан. Ал тургай жабырлануучунун оозуна заара да ушатышкан. Бул окуядан кийин Калия Арабекова «мени зордуктап коюшту» деп сот кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазган. Бирок коркутуп-үркүтүүлөрдү башынан өткөргөн жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенге аргасыз болгон. Ал эми тергөө органдары бул ишти жабууга аракет кылышкан. Андан соӊ ал кайрадан президентке, Башкы прокуратурага кайрылып, акыйкаттык издей баштаган. Бул окуя коомчулукка жайылып кеткен соӊ гана кылмыш иши кайрадан жанданган.
Бул ишти караган Сокулук райондук соту үчөөнү теӊ күнөөлүү деп таап, ар бирине 8 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакта жаза өтөө чечимин чыгарды.
Маалыматтар Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошевадан алынды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg