Суюк тамактардын дүйнөдө жүздөгөн түрлөрү бар. Алардын кээ бирлери муздак түрүндө берилсе, айрымдары ысык даярдалат. Бирок кандай түрү болбосун суюк тамактар кулинарияда негизги орунга ээ.
ТООКТУН ЭТИ ЖАНА СЫР МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун сулп эти – 500 грамм
Эритилген (плавленый) сыр – 200 грамм
Картошка – 3 даана
Пияз – 1 даана
Каймак май – 50 грамм
Лавр жалбырагы – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Тоголок жана талкаланган мурч, ашкөк – каалоого жараша
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Казанга 3,5 литр сууну куюп, этти салып, отко коёбуз. Суу кайнаганда туз, мурч, лавр жалбырагын салып, 25-30 мүнөт жай отто кармайбыз. Анан этти алып чыгып, муздатып, майда туурап алабыз.
2. Картошка менен пиязды майда чарчы кылып туурайбыз. Сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Кайнап жаткан шорпого картошканы салып, бышырабыз.
4. Көмөч казанга каймак майды салып, пияз менен сабизди кууруп, туз, мурч кошобуз.
5. Куурулгандарды шорпонун үстүнө салып, 7 мүнөт кайната түшөбүз. Анан этти, 5 мүнөттөн кийин жакшылап чалынган сырды кошуп, 1 мүнөт кармасак, тамак даяр. Идиштерге куйганда үстүнө ашкөк себеленет.МАШ ЖАНА ЭТ МЕНЕН
Маш же мунг буурчагынын мекени – Индия. Учурда аталган өлкөдөн тышкары Таиландда, Кытайда, Индонезияда көп өстүрүлөт. Машты ичеги оорусу барлар тамак-ашка аз колдонушпаса, оорусун күчөтүп алышат.
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 250 грамм
Маш буурчагы – 4 аш кашык
Күрүч – 2 аш кашык
Картошка, помидор – 2 даанадан
Сабиз, пияз, болгар калемпири – 1 даанадан
Сарымсак – 2 тишче
Томат пастасы – 1 чай кашыкАчуу калемпир жана кумшекер – 0,5 чай кашыктан
Каймак жана өсүмдүк майы – 3 аш кашыктан
Мурч, ашкөк жана кориандр, паприка – каалоого жараша
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Маштын үстүнө суу куюп, 1 саат тыныктырабыз. Уйдун эти майда тууралат.
2. Пияз, сабиз, болгар калемпири, картошка, помидор жана сарымсакты майда төрт чарчы туурайбыз.
3. Көмөч казанга майды куюп, уй этин кызарта кууруйбуз. Үстүнө пияз, мурч, кориандр, туз, паприканы кошуп аралаштырабыз. Татымалдардын жыты чыккан соӊ сабизди, болгар калемпирин, помидорду кошуп, 10 мүнөттөй кууруш керек. Аягында томат пастасын, кумшекерди кошуп, отто дагы 5 мүнөт кармайбыз. Эми булардын үстүнө ысык сууну куябыз. Суу куурулгандардын үстүн 6 эли жаап турушу шарт.
4. Суу кайнаганда картошка менен машты салып, 30 мүнөттөй жай отто кармайбыз. Маш көөп чыкканда (бирок жарыла элек) күрүчтү кошобуз. Күрүч бышканда тамак даяр.
5. Тамакты идиштерге бөлүп куюп, үстүнө майда тууралган ашкөк, сарымсакты, каймакты салабыз. Тамагыӊыз таттуу болсун!
БОРЩ
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 500 грамм
Кызылча, сабиз, пияз – 1 даанадан
Картошка – 2 даана
Капуста – 200 грамм
Ашкөк – 5-6 талча
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Уксус – 1 чай кашык
Каймак – 4 аш кашык
Тоголок кара мурч – 3-4 даана
Лавр жалбырагы – 1-2 даана
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Уйдун этин жууп, чоӊ-чоӊ кылып туурайбыз. Үстүнө 3,5 литр суу куюп, отко коюп, туз салып бышырабыз.
2. Кызылчаны тазалап, ичке таякча түрүндө туурайбыз. Сабизди жууп, тазалап, сүргүчтүн чоӊ көзүнөн өткөзөбүз. Пиязды жана капустаны майдалап, ал эми картошканы
төрт чарчы кылып туурайбыз.
3. Көмөч казанга майды куюп, пиязды, анан кызылча, сабизди 5-7 мүнөт кууруп, үстүнө уксус менен томат пастасын салабыз.
4. Эти бышкан шорпого картошка менен капустаны салып, 10 мүнөттөй кайнатабыз. Анан куурулгандарды жана лавр жалбырагын, мурчту кошуп, дагы 7 мүнөттөй кайната түшөбүз. Бышкан борщту 15 мүнөттөй тыныктырып, анан үстүнө тууралган ашкөктү салып, идиштерге куябыз. Каймактан кошуп, дасторконго коё берсеӊиз болот.
АШКАНА СЫРЛАРЫНАН
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg