СУУ КОДЕКСИ ТОО-КЕН ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ИРИ КЕНДЕРДИ ИШТЕТҮҮГӨ ШАРТ ТҮЗӨТ. БИРОК АГА ЧЕЙИН ЖОГОРКУ КЕӉЕШ «ТОЛУКТООЛОР ЖӨНҮНДӨ» ДОКУМЕНТ КАБЫЛ АЛУУГА ТИЙИШ

Кыргызстандын эксперттер коомчулугу менен алдыӊкы тоо-кен өндүрүшчүлөрү мыйзамдын жыйынтыгын күтүүдө, себеби бул толуктоолор ири ишкана «Кумтөрдүн» гана эмес, калган иштетиле турган 14төй кендин тагдырын чечмекчи. Ал иштер башталабы, жокпу, канадалык инвесторлордун ишмердүүлүгү уланабы же жыйыштырылабы – бул азырынча чоӊ суроо. Жакынкы убакытта парламент «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолор жөнүндө» мыйзамын жыйында карашы керек. Бул мыйзам азырынча фракцияларда талкууланууда.

Өлкөнүн, анын ичинде «Кумтөрдүн» экологиясы, республика аймагындагы мөӊгүлөрдү сактап калуу жөнүндө суроолорду парламент депутаттары өткөн жылы көтөрүп чыгышканын эске салабыз. Улуттук баалуулуктарды сактоо жана коргоо максаты менен эл өкүлдөрү «Мөӊгүлөр тууралуу» мыйзамын сунушташкан. Анда түбөлүк тоӊ болгон жерлерде бардык ишмердүүлүккө тыюу салынышы керек эле. Бирок бул коомчулукта талаш-тартышты жаратып, жыйынтыгында өлкө башчысы казынага түшүп жаткан каражатка коркунучсуз, рационалдуу жолдорду ойлоп табуусун айткан. «Мөӊгүлөр тууралуу» мыйзамынын макулдашуу комиссиясы жаӊы мыйзам киргизүүнүн ордуна Суу кодексине толуктоолорду киргизүү керектигине токтолгон. Мында өлкөнүн казынасын түптөөчү стратегиялык ишканаларга жеӊилдетүүлөр берилет. Мыйзам кабыл алуучулар буга каршы же макулдугун бериши керек.
Депутаттар Айыл чарба жана мелиорация министрлиги иштеп чыккан мыйзамды талкуулап жатканча, эксперттер негизги эки учурду баса белгилеп келишет: тоо-кен өндүрүшүнүн мөӊгүлөргө таасири чын эле орчундуубу жана депутаттардын чакан тобун канааттандырыш үчүн келечектүү тармактан баш тартуу канчалык туура.
«Депутаттардын кароосуна сунушталган мыйзам долбоору ушул бойдон кабыл алынышы мүмкүн эмес болчу, анткени ал мөӊгүлөр аймагында жайгашкан лицензиясы бар кен ишканалардын ишин бууп салуу менен барабар»,- деп белгиледи экологиялык журналисттердин клубунда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин укуктук баа берүү адиси Элдияр Муканов. «Айыл чарба министрлиги киргизген Суу кодексиндеги толуктоолор мөӊгүлөрдөгү ишмердүүлүккө тыюу салат. Бирок мында эскертмелер жана өзгөчөлүктөр бар. Анда «казына түптөөчү» жана «стратегиялык» ишканалар деген түшүнүктөр киргизилген. Бул мыйзам «Кумтөргө» окшогон ири ишканалардын иштешине жол берет. Бизде башка альтернатива жок».
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тоо-кен тармагы келечектүү болгону менен, эксперттердин баамында араӊ өнүгүп жатат. Бул процессти артка тартып, саясатчылар козутуп жаткан коомдогу каршылаш маанай, алардын популисттик кептери, далилге негизделбеген бир жактуу бүтүмдөрү, мыйзамсыз лицензиялардан ажыратуу, рейдердик чабуулдар жана өндүрүш ишканаларды улутташтыруу коркунучу. Акыры жыйынтыгы бир гана: өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу болуп көрбөгөндөй начар.
«Мени таӊ калтырганы, мыйзам тоо-кен өндүрүшүнө каршы болгону»,- деп Кыргыз тоо ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Валентин Богдецкий абалга комментарий берет. «Эмне үчүн геологдордун ишин гана талкуулап, чарбачылык боюнча жалпы сөз кылбайбыз? Бийик тоолуу кендерди иштетүүгө тыюу салуу акылсыздык жана натыйжасыз. Акыры айлана-чөйрөгө таасир этүүнүн нормалары бар жана биз аларды күчөтө алабыз. Эксперттин пикиринде «Кумтөрдүн» жаратылышка жана мөӊгүлөргө тийгизген таасири бар болсо да, минималдуу.
Мен 1980-жылдары «Кумтөрдүн» айланасын толук изилдеп чыккам. 1942-жылдардан 1963-жылдардагы аэросүрөттөрдү салыштырсак, мөӊгүлөр 200-250 метрге дейре эрип азайган. Адамзаттын эч кандай кийлигишүүсү жок, мөӊгүлөр табигый эриген».
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов Давыдов мөӊгүсү алтын казылбаса деле өзү эрип кетмек деп кошумчалайт:
– Климаттын глобалдуу өзгөрүшүнө адамзат эч кандай туруштук бере албайт. Биз жөн гана мөӊгүлөрдүн адаптациясы менен мониторинг иштерин жүргүзө алабыз. Мурун өлкөдө 8 миӊден ашуун мөӊгүлөр болсо, он жыл аралыгында алар 2 миӊге азайды. Муну токтотуу мүмкүн эмес. «Кумтөр» келтирген зыянды толукташы керек деп айтабыз. Бирок аны ким эсептей алат? Орчундуу жоготуулар жок. Тоо-кен өндүрүшү болсо чыгаша эмес, кайта ири экономикалык түрткү берип жатат.
Эксперттер жолугушуусун жыйынтыктап жатып экономика илиминин доктору, Мамлекеттик геология агенттигинин өкүлү Асылбек Аюпов экология боюнча суроо
көтөрөрдөн мурда аны чечүү жолдорун кошо сунуштоо ашыкча болбосун эскертет:
– Мындай суроолорду көтөрүп жаткан депутаттар тиешелүү билимге ээ болбой туруп, эмоцияга алдыруу менен билдирүүлөрдү жасап, электоратка ээ болуш үчүн элди дүрбөтүп жатышат. Инвесторлорсуз экономика өнүкпөйт. Муну биринчи орунга коюп, экология туурасындагы сөздөрдү токтотуу керек. Бул куру популизм,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaazira13
2015-06-08 18:00:16
башында улутташтыруу, анан БИ, анан монгу мызйамы эми кайрадан суу кодекси менен инвесторлорду кысып башташты
+1
marik10
2015-06-22 22:18:16
откон жылы деле кумторду планына колду жон коюшкан эмес, азыр деле суу кодексине озгортуулорду откорбой тозок кылып атышат
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА