Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эл үркүп кеткен. Жер ээн, кыштак ээн, саратан чызылдап, үлп-үлп этип ысык керимсел гана жортуп турду.
Ордонун аскерин Султанмурат бек баштап келди. Ал көлтөйүп, буту кыска эмеспи, үзөӊгүнү аттын омуроосуна карай тээп, айлананы ныксырап карап, «Бул жер эмне үчүн бош калган? Эли кайда?» деп да сурабай, кызыкпай, ичинде канчалык коркунучу болсо да ат үстүндө үргүлөп, талыкшып, тердеп камыгып келатты. Жанында Абдулазиз ясаулбашы. Жүз башылардын чарчаӊкы үнү, чаалыккан аттардын бышкырыгы арттан угулат.
– Бек,- деди Абдулазиз ясаулбашы, – кошуунду түштөнтөлү...
– Майли...- деди да, Султанмурат бек аттын башын көлөкөнү карай бурду.
Түштөнүүгө буйрук берилген соӊ көп аскер туш келди аттарын коё беришип, өзүлөрү ээн жаткан коонго жайылып, бирден коон, дарбыз көтөрүп, бапырашып, суу боюна, камыш арасына көлөкөлөп киришти. Эми алдыга дасторкон жайып, удайчы Султанмурат менен Абдулазиздин алдына ширин тордомо союп коё баштады эле, бирөө чаап келип, атынан ыргып түшүп, төбөсү менен тик сайылып таазим кыла берди.
Абдулазиз ясаулбашы обдула:
– Эмне?- деди катуу. – Тилиӊ байланып калганбы?!
– Таксыр... жоо келип калды...
Абдулазиз ясаулбашы ордунан атылып туруп:
– Ур!- деди дабылпаска, өзү шашып жоо кийимин кие баштады. Дабылпас дүӊгүрөтүп дабыл согуп кирди. Султанмурат бек улам жоо келчү жакты каранып, ичинен титиреп, титирегенин билдирбеске тырышып, эрдин бек кымтып, айланчыктап, ары-бери бастырып, көз көрүнө тынчы кетип турган эле. Абдулазиз ясаулбашы сулуу чертилген, кыска, быжыгыр кара сакалын сыйпалап, алагар көзү ойлуу, Султанмурат бекке бурулуп:
– Бек,- деди сылык, муӊайым, – качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт, Кудайга сыйынып ушундайча уруш кылабыз эми. Дагы кандай асыл акыл бергейсиз?..
– Эмне айтайын?- деди Султанмурат бек, – сиздин билгениӊиз менин билгеним, сиздин буйругуӊуз менин
буйругум, ясаулбашы!..
Бир убакта утуру бет маӊдай жактагы дөбөдөн бир атчан көрүндү. Атчандар көбөйүп, дөбөнүн эки жагына кыркар тартып токтоло башташты. Улам көбөйүп келди. Дөӊгө айчыктуу туу сайылды. Дөӊдөгү чоюндан жасалган өӊдүү алп киши, алдындагы кулан чаар аты жер жыттап, жер чапчыйт. Султанмурат бектин көзүнө ал баатыр кара чаар жолборс минип тургандай көрүндү.
Бекназар баатыр булдурсунду бүктөй кармап чекесине алып, жер танабын көзү менен өлчөп, бет маӊдайындагы өмбүл-дөмбүл жерди, кылка камышты, алдында шырдактай жайылып жаткан түздү көзү менен аӊтарып карап турду. Эки жагында эки кайгуулчу турган эле. Бекназар баатыр:
– Саны канча,- деп сурады ордо аскеринин өӊүтүнөн көзүн албай. Кайгуулчунун бири:
– Беш миӊ ашуун көрүнгөн, Бекназар аке...- деп жооп кылды.
– И, андай болсо бул турган беш миӊ чыкпайт, тандалган миӊ сыпай тетиги жал камыштын артында бугуп турган экен анда. Замбиреги кайда экен булардын?
Бекназар баатыр унчукпай ойлонуп көпкө туруп, оӊ ийни жакка башын бурду. Оӊ канатка чапчу жигит теминип келди:
– Лап-бай, баатыр ага...
– Урушта туруш жок, биз азыр тийише баштайбыз,- деди Бекназар, – Уали саркерге чап, алысыраактан тездеп өтүп жоонун бугуп турган колуна тийсин, «анын энчиси ошол жакта бөлүнүп коюлуптур» де.
– Куп, баатыр ага!- жигит чү коюп жүрүп кетти.
Ушу учурда тиги дөӊдө Абдулазиз ясаулбашы жүз башыларына керектүү жаӊы буйруктарын берип турду. Анын жүрөгүн өйүгөн көтөрүлүшчүлөрдүн көптүгү. Улам арты чаӊ ызгыйт, ат кулагы тийишип, адам башы кылка-кылка, жер майышкан көп кол. «Канча сан болду экен?» деп жүрөгү сыздап ойлонду. «Жоо жарагы чактуудур! Жыгачтан учтаган куу найза, табылганын дүмүрүнөн кургаткан чокмор, баарында кылыч, азында кара мылтыктыр?! Тийишип көрсөк бекен?..» деди бир ою, жарымпаша берген жүз бат атар мылтык бар, ал ошону медер тутту.
– Сиз бери келиӊ!..- деп мерген башын өзүнө чакырып буйрук айтты. – Сиз тээтиги жал камышты көрүп турасызбы? А жакшы көрүп турсаӊыз, жүз мергенди так ошол жал камыштын жээгине жаткырасыз, ок текке кетпесин, ашыкпай, коркпой түз мелжитип ок чыгартасыз. Кайраттуусун! Куралы мыктысын! Уктуӊузбу?..
– Куп болот, аскер башы!
– Куп болсо барыӊ энди...
Күн так төбөгө келип, аба үп болуп дымып турган эле. көтөрүлүшчүлөр чабуулду биринчи баштады.
Султанмурат бек «Жараткан, өзүӊ калка боло көр!..» деп калчылдай баштады. Кумсарып турган Абдулазиз ясаулбашы анын кебетесин көрүп:
– Бек, сиздин азиз каллеӊиз үчүн бу дүйнөдө да, о дүйнөдө да сурак бергим келбейт,- деди кыжыры келип, – сиз буктурмага өтсөӊүз, ал жердеги аскерге баш-көз болуп,
биздин урушту алыстан көзөмөлдөсөӊүз. Дагы керек чакта мен кабар кыламын, өз удайчыларыӊыздан башкасын толук бизге көмөккө салсаӊыз.
– Жакшы кеп!.. Макул...- деп ошол жерден эле аттын башын артка кайрыды Султанмурат бек. Абдулазиз «Жаны эле ширин булардын!» деп жек көрүп артынан чакырая тиктеп:
– Бек! Галавачы пашага жигит чаптыра көрүӊ, бек,- деп үн салды. Буларга тутумдаш генерал Головачёв, генерал Троицкий аскерлери менен келаткан болучу. Султанмурат бек кайрылып кароого жарабай, сөз маанисин толук да укпай, «Макул... Макул...» деп сопоӊдото желдирген бойдон артын карабай кетти.
Абдулазиз ясаулбашы тагдырына сыйында.
– Кернай,- деди ясаулбашы эрдемсий. Ошол замат кернайлар жер жарып, дабылдар дүӊгүрөп кирди. Чыкый кара аргымакты чимирилтип:
– Йа, Алла!- деди Абдулазиз ясаулбашы. Кулан чаар аргымак төрт аягы менен теӊ бийлеп:
– Йа, ата арбагы!- деди Бекназар баатыр. Эки жоо теӊ ат коюп жиберишти. «Ур!», «Сок!» деген өчтүү, заардуу үндөр зиркилдеп, эӊ алды куюн сыяктуу аралашып кетти.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jetinur90
2015-06-08 12:22:41
Тарыхта ушул Бекназардын оз аты,Абилдин оз аты ким,админ эже,мумкун болсо маалымат берип коюнузчу?
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА