ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА ОШ ДРАМА ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Ош шаарында 5 күндүк жеке концертин коюп келген ырчы Гүлнур Сатылганова нааразы ойлору менен редакцияга кайрылды:
– Мен Ошко концерт коюп көп жылдан бери бара элек элем. Ошого жараша мыкты концерт даярдап бардым. Мени менен кошо коллективде 35 киши болду. Эл абдан ыраазы болуп, «Баары сонун болду, мындай концерт бизде биринчи жолу болуп жатат. Сахнаны укмуш жасапсыӊар» деп айтып жатышты. Ушул концертке чейин Ош драма театрынын директору Асан Мансуров, аялы Самара Каримова менен таанышып, чогуу чай ичкенбиз. Мен «колдоп койгула» деп сурансам, «колдойбуз, келе бериӊиз» дешкен. Анан менин концертиме чейин Бишкекте Самаранын концерти болуп калды. Асан менден «катышып бериӊиз» деп суранган. Ошол учурда дене табым 39га көтөрүлүп, ооруп жаттым эле, «бара албайм го» десем, «Самараны колдоп коюӊуз» дегенинен барып ырдап кеткем. Ошко концертиме барганда Самара "жылдызыбыз" бир чалып "кандай келдиӊиз?" деп сурап койгон жок. Адамгерчилик өлгөн экен дедим. Демек, менин концертиме болгон ар кандай тоскоолдуктардын болушуна ушундай мамилесинен улам Самара кызыкдар экен деп ойлодум.
Нааразы болгонум элге сапаттуу концерт тартуулайлы деп аракет кылып келсек, бизге көмөк көрсөткөндүн ордуна, билет сурап келгендерге кассир кыз "билет жок!» деп кыйкырып, аябай орой мамиле жасап 2 күн билет сатпай коюптур. 1-2 киши айтса да ишенбейт элек. 10 чакты адам келип, «кассада билет жок экен, эртеден бери таппай жүрөбүз» дешти. Бул эмнеси деп кыздарды жиберсем, «кассада билет толтура экен» деп келишти. Анан түшүндүм иштин жайын. Дагы жакшы анча-мынча билетти тааныш досторубузга таратып жибердик эле. Театрдын жетекчисине «бул эмне кылганыӊар?» деп кирейин десем, Асан мырза аялы менен гастролдоп кетиптир. Анан телефон чалып «Эмнеге билеттерди сатпай жатат?» деп ызы-чуу салдым. Күнүгө бизге сатпай койгон 200-300 билетти кайтарып берип жатышты. Угушума караганда, булар келген ырчыларга ушундай мамиле кылышат экен. Кассадагыларына «сатпагыла!» деп команда берип коёт окшойт. 8 жылдан бери келе элек болсом, эч ким менен урушпасам, мен эмне кылдым аларга, ал театрга деген суроо пайда болот. Демек, Самара 19 күн концерт берсе эл келет, Эл артисти Гүлнур Сатылгановага эл аз келди деп сөз чыгарыш керек болчу буларга. «Атыӊ чыкпаса, жер өрттө» деген ушул экен да. Сөзсүз эле "звезда" болуп атын чыгарыш үчүн бирөөгө бут тосуш керекпи?
Ар кимдин өз ырыскысы бар, Кудайдан буюрган нерсени алат. Булар өзүнчө мафия болуп театрды башына кийип, өз билгендерин кылып, театрды өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат экен.
Биринчи күнү репетициябызды баштаганда эле мага вахтада отурган аял кат берди, бергенде да башын жерге салып араӊ берди. Ачып окусам, көӊүлүмдү ооруткан, жаман сөздөр менен жазылган "анонимный" кат экен. "Сенин концертиӊ 200 сомго да татыктуу эмес" деген сөздөр бар экен, театрдагылар эле жазып жибергенин дароо түшүндүм, унчуккан жокмун. Кандай ырчы экенимди өз ишим, чыгармачылыгым менен далилдедим.
Элге рахмат, билетибиздин 500 сом экенине карабай күнүнө 400-500 адам келип жатты. Биз башкаларга окшоп элди кыйнап-кыстап, мэрия аркылуу же башкалар аркылуу билеттерибизди өткөргөн жокпуз. Мен мунун баарын күйгөнүмдөн айтып жатам. Биз эмнеге жаап-жашырышыбыз керек? Мен жаӊы чыгып келе жаткан же катардагы бир жаш ырчы болсом бир жөн. Мага, Эл артистине ушундай мамиле кыла тургандай алар ким, театрды менчиктеп алышты беле? Театр деген таланттар үчүн, эл үчүн кызмат кылышы керек.

Ош улуттук драма театрынын директору Асан Мансуровго ырчынын нааразычылыгы боюнча оюн билүү үчүн кайрылганыбызда мындай деп жооп берди:
– Гүлнур эженин концерти болгон учурда мен Лейлекке, 30 жылдык кечеге кеткен элем. Ошол учурда мага Гүлнур эже телефон чалып «сенин кассириӊ билеттерди сатпай жатыптыр» деди. Бирөөлөр концерт койсо кассадагы билеттерди кантип саттырбай коёбуз. Мындай сөз өзү намыска туура келбейт да. Биз дагы чыгармачыл адамдарбыз. Ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Бирок элди кысымга алып концертке алып бара албайсыӊ, эл алам десе билет табат. Эл аз келсе, бизге доомат кылганга болбойт да. Бул тууралуу кассир менен администраторго айтсам, 1-катардан 8-катарга чейинки билеттерди концерттин администратору өзү сатканы алып кеткен дешти. Арткы билеттерди көрсөтсөк, эл албайбыз деп жатышат деген жооп алдым. Анан билет баасын 300 сомго арзандатканда эл келип билетин алыптыр. Гүлнур эже Эл артисти болуп туруп "бут тосуулар болду" дегени туура эмес.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (588)
Sema04
2015-06-14 21:07:56
Гулнур эже менин алыскыы тууган женеме жаман окшош да(ажырашып кетишкен) А женем мага жаман жагат да.Алигече жагат...Так что Гулнур эже абайланыз....))))
+1
Amantur.
2015-06-15 00:46:55
Самара Каримованын бир да ырын уга элекмин,жүзүн болсо ошол чырлуу 19 күн берген концертинен кийин ушул суперден көрдүм.Бул жердеги Самара Каримованы колдоп,жактап жазып аткандар жалаң анын тууган-туушканы,айылдашы,жердеши,дос-тааныштары,андан акча карыздар)) экендигине 80 пайыз ишене берсеңер болот.А Гулнур эжебиз эл ырчысы,ошон учун ал эжебизди тааныбагандар деле жактап жазып атышат!
-1
akus
2015-06-15 10:38:41
Amantur.,аяш авалары десен
-1
Aksy-13
2015-06-15 00:58:14
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХХ эми Самаранын жообун кутуп калабыз
+1
admin_superstan
2015-06-15 10:56:23
Aksy-13, талкуудан алыстабаңыз!
0
admin_superstan
2015-06-15 10:54:04
akus, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
FREELove, сиз БАНдан чыкканыңыз үчүн бул жакка комментарий жазып жатасыз.
0
erlandyky
2015-06-15 11:39:31
500сом билет элге оор келген ошто 200-300сомдон ашыгы ашык
0
Santta
2015-06-15 19:24:28
"Ит уро берет Кербен журо" берет дегендей ичи куйгондор жер тээп жер тээп кала берет,Конул болбо Самара сен жогоруда тушундурупда кетипсин элге соз мн,тушунсо ошо тушунбосо кулагындын сыртына кой Гулнурдун жактоочуларын, эн негизгиси Самара таланттуу сулуу кыйын ырчылардын катарында турат,Гулнур эженин баласы мн тен кыз ушу даражага жетип олтурат,Гулнур эженин жашына чейин оохо Самара Кыргыздын Алла Пугачевасы болот мен ишенем эч качан пас кетпе ар дайым алга ийгилик Самара Азаматсын!
-2
Santta
2015-06-15 19:34:28
Бир эле Гулнур эже эмес башка ырчыларга деле айтаарым озунордун куйормандарынардын арасында айройунар канчалык денгээлде ошого карап суйлогулочу эл аз кирип аз акча тушуп калса эле бироону жаман аттуу кылып чыкпай,Самара айтып жатпайбы 1ряддан 10 рядка чейин озунун адамдары алып кеткен экен сатканы деп,алар балким оз кызыкчылыгы учун эл кобойуп билет талаш болгондо 500 эмес 700дон сатабыз деген, мен коп концертте уктум билетти сатпай жок дедирип эл кобойуп калганда кымбат сатышаарын ошо жугабы?
-4
uulbu92
2015-06-16 00:01:14
Santta,туп туура айтасын
-2
joker80
2015-06-27 22:34:25
Santta,туура соз ачык эле
0
uulbu92
2015-06-16 00:04:16
Озунор корбогондон кийин бироону жамандаган тура эмес да.Бул учун кудайдын алдынды да жоок беришинерди унутпагыла.Самара чыныгы очпос талант.....
0
uulbu92
2015-06-16 00:13:42
мен да кассада иштегем андай учурду жакшы тушуном кассадагы билетти канчалык коп сатса кассирге да пайда. Анан пайдасын билип туруп кантип сатпай койот эле. Оштуктарга 500сом кымбат келет
0
aia-s
2015-07-04 02:21:10
uulbu92,500 сом оштуктарга кеппи кымбат дейсин да. азыр наоборот оштуктарда акча коп
0
admin_superstan
2015-06-16 14:52:18
nurzada1992, жеке билдирүүнү темадан алыстабай, купуя менен жазыңыз!
0
joker80
2015-06-27 22:29:41
Эээх гулнур ушу силерге ыразы болот бекен
0
joker80
2015-06-27 22:31:32
Ммм
0
admin_media
2015-06-30 12:00:46
joker80,
1. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга!
2. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө!
3. Башка колдонуучуларды кемсинтип, мазактоого жол берилбейт! 30 күн БАНга!
0
Seda
2017-04-11 15:02:06
Самара ким?картан куйого тийип алып ырайынды ХХХ ХХХ жакшынакай аял экен озу
0
admin_superstan
2017-04-11 17:29:40
Seda,Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Seda
2017-04-11 15:03:49
Ал эмне менчиктеп алганбы картан куйосу менен ?!
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан