ЧЫНЫГЫ МЫРЗАЛАРДЫН ДОСТУГУ ҮЧҮН 10 ТОСТ

Дос-курбулар менен жолугушуу ар дайым майрам, бирок жайкысын бул жолугушууну шаардан алыс, жаратылыш коюнунда өткөрсөӊ андан да сонун. Мындай шартта эч ким эски достордун маегине тоскоолдук кылбай, кызуу баарлашуу каалагандай убакытка созулат. Эс алууга ачкачылык бөгөт болбошу үчүн, жаратылышка чыгардын алдында дасторконго коюлчу тамак-аштарды бөлүштүрүп алуу зарыл. Ал эми суусунду достордун кызыктуу аӊгемелери, жакшы каалоо-тилектер жана албетте, чыныгы мырзалардын компаниясында өткөндү эске салган, бокал көтөрүүгө себеп болчу «Достук» сырасы кандырмакчы. Эгер өткөндү эске салуу учурунда сөзүӊүз түгөнүп, унчукпай отуруп калсаӊыз, анда биздин жашоодогу ар кандай кырдаалда эркектерге арналган «тост жол көрсөтүүчүбүз» жардамга келип, сиздин сөз байлыгыӊызды арттырмакчы.

1. Достор тууралуу тост:
Кыргызда «достор менен өткөргөн убакыт жаш курак менен ченелбейт» деген ырым бар. Андыктан биздин жаштыгыбызды сактаган достук үчүн ичели!

2. Бакыт тууралуу тост:
Кудай ылайдан адамды жасайт, анан колунда бир аз ылай калганда адамдан сурайт:
– Сага эмне жасап берейин, адам?
Адам ойлонуп туруп:
– Мага бул ылайдан бакыт жасап берчи,- дейт.
Кудай баарын көрүп-билип турса да жасабайт. Анын ордуна адамдын колуна ылайды карматып мындай дейт:
– Өз бактыӊды өзүӊ жасап ал!
Келгиле, ар бир ишке чыгармачылык менен мамиле кылуу үчүн кружкаларды көтөрүп жиберели!

3. Эӊ сонун көз ирмем үчүн тост:
Жаш кезде бакыт – алдыда жүргөндөй, ал эми карыганда – артта калгандай сезилет. Бакытты канткенде өткөрүп жибербеш керек? Эӊ негизгиси – учур чакка кубануу
керектир…
Азыркы эӊ сонун көз ирмем үчүн, достор!

4. Көптөн бери айтыла элек тост жөнүндө тост:
Бир акылман айткан экен: «Өмүрдү тосттордун арасындагы созулган убакыттай эч нерсе кыскарта албайт»,- деп. Келгиле, өмүрүбүз болушунча узун болушу үчүн алып
жиберели!

5. Ийгиликтин марттыгы үчүн тост:
Акылман карыялар айтат: «Качан ийгилик силердин тарабыӊарды алып, жашоодо жардамын тийгизгиси келген учурда чыныгы, берилген досторду белек кылат!»
Андыктан «Достук» сырасы куюлган бокалдарыбызды мага ийгилик тартуулаган досторум үчүн көтөрөлү!

6. Достук мыйзамы үчүн тост:
Эгер кыйын кезеӊде достор жаныӊда колдоп турса, жамандыктын жарымы гана калат. Ал эми жакшылыкта досторуӊ жаныӊда болсо, жакшылыгыӊ эки эсе көбөйөт. Кружкаларды чыныгы достордун арасында болуучу мыйзамдары бар туура арифметика үчүн көтөрүүгө убакыт келди!

7. Мырзалар үчүн тост:
Байыркы чыгыш элинде: «От менен алтынды, алтын менен аялды, аял менен эркекти сынап көр» деген накыл кеп бар. Келгиле, жогорудагы сыноолордун баарынан татыктуу өткөн мырзалар үчүн алып жиберели!

8. Бири-бирибиз үчүн тост:
Чыгыштагы бир акылман айткан экен: «Сүйүүдө бири-бирин билишет, анткени бири-бирин сүйүшөт. Достукта бири-бирин сүйүшөт, анткени бири-бирин таанышат». Анда эмесе, бири-бирин жакшы тааныгандар үчүн, тактап айтканда, биз үчүн ичели!

9. Махабат үчүн тост:
Бир накыл кеп бар: «Жан дүйнө керектөөсү – достукту, акыл керектөөсү – сый, дене-бойдун керектөөсү – каалоону жаратат. Ал эми 3 керектөө биригип чыныгы сүйүүнү жаратат» деген. Бизде дайыма керектөөлөр болуп турсун, сүйөлү жана сүйүктүү бололу! Чөйчөктү ушун үчүн көтөрөлү!

10. Шамал тууралуу тост:
Жакшы дос – шамал сыяктуу. Башка мүшкүл иш түшкөндө жамандыкты, маселелерди күздө түшкөн сары жалбырак сыяктуу учуруп кетет. Башка бак конуп турган учурда кубаныч отун үйлөп чоӊойтуп, ал отко айланадагылардын баарына жетерлик эт бышырып, алардын курсагын тойгузууга жардам берет. Күмөндүү иш учурунда сени сүрөп, алдыга кадам таштоого көмөкчү болот! Эмесе, чыныгы «Достук» сырасы куюлган бокалды колго алып, жашоо океанында бирге бараткан кемебиздин парусун жел менен толтурган чыныгы достор үчүн ичели!
«Достук» – жагымдуу баарлашуу үчүн атайын даярдалган, сапаттуу жана арзан баадагы даамдуу сыра. Салт-санаанын тереӊ даамы, учу-кыйырсыз алтын талаа жана тоо этегиндеги үлп эткен жел, бийик достукту даӊазалаган ырлар – мунун бардыгын ар ким «Достук» сырасын ичкен соӊ сезе алат. Сыранын даамын таткан адам өз өлкөсүнүн маданияты, байлыгы менен сыймыктанып, жүрөгү сыйга толуп, бул кубанычын ак дасторкон үстүндө достор менен бөлүшкүсү келет.
Кылдат куурулган тандамал угут суусундукка жумшак даам, ал эми кулмак (хмель) өсүмдүгүнүн тандамал түрлөрү өзүнө мүнөздүү жагымдуу назик жыт берип турат. Мамлекеттик стандарттарга ылайык кайнатылган сыра ак дасторкон үстүндө достор менен кенен маек курууга эӊ ылайыктуу жана жагымдуу суусундук.
Таза аба, алоолоп күйгөн от, ишеничтүү достор менен жашоонун оош-кыйышын талкуулаган кызыктуу маек жана «Достук» сырасы куюлган бокалдардын шыӊгыр эткен добушу – мына, достор менен өтчү идеалдуу дем алыш күндөрүнүн рецепти. Мындай айкалыш эстен кеткис эс алууну, толгон-токой жагымдуу көз ирмемдерди тартуулайт. Ишенип коюӊуз, бул көз ирмемдер сиздин эсиӊизден өмүр бою чыкпайт!

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Алкоголду ашыкча ичүү ден соолукка зыян. Алкоголду 18 жашка чыга элек жарандарга сатууга тыюу салынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
A3A
2015-06-08 12:09:24
Кудай колдосун деп алып жиберген кантип болсун???
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан