ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-июндан 21-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эч кандай чечкиндүү кадамга барбай турганыӊыз оӊ. Абалды аӊдап билгенге азыр сиздин күчүӊүз жетпейт.Жылдыздар аптада сизде терс энергия күч аларын эскертишет. Сизди шаштырган адамдардан алыстай туруӊуз. Аптанын аягында башыӊызга көптөгөн пландар келет, аны ирети менен ишке ашырасыз. Ден соолугуӊузду жакшылап карап, өзүӊүзгө көӊүл буруӊуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Энергияӊыздын көбүн эс алууга, достор менен чер жазышканга кетиресиз. Бардыгын ченем менен кылганыӊыз оӊ, иштериӊизден кемчилик издеген адамдар чыгат. Ошондой эле бул аптада сизди жаӊы таанышуулар күтөт. Эгерде бойдок болсоӊуз, ал таанышуунун аягы үй-бүлө куруу менен аякташы мүмкүн.Аптанын аягында досторуӊуз менен чогулуп, табият коюнунда эс алышыӊыз күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сиздин жашооӊузда өзгөрүү күтүлөт. Эпчилдик менен ийгиликти кармап калыӊыз. Эгерде учурду кармап калбасаӊыз, башкалар оӊой эле сизди артка ташташы мүмкүн. Кимдир бирөө сизге күчтүү ийинин тосот, андан колдоо табуу менен алдыга кадам таштаӊыз. Электр приборлорун колдонууда сак болуӊуз, машина айдап жүрсөӊүз жол эрежесин бекем сактаӊыз, болбосо кырсыкка кабылышыӊыз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта сиз үчүн ийгиликтүү болушу үчүн жети өлчөп, бир кескенге туура келет. Өнөктөштөр тараптан келишим бузуулар болуп, иштериӊиз аксашы ыктымал. Ага карабастан жыйынтык жакшы болоруна ишене бериӊиз. Жылдыздар сезимдерди билдирүүгө, баш кошууга аптанын ортосу ыӊгайлуу дешет. Тамактан уулануу, суукка урунуу коркунучу жогору, абайлаӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Көнүмүш адатыӊыздан четтеп, жашооӊузга өзгөчөлүк жарата турган апта. Үй тиричиликке да көӊүл буруп, жакын адамыӊыздын көӊүлүн алуу ашыкча эмес. Керексиз чыгымдарга жол бербеӊиз.Көӊүл ачуучу жайларда өзүӊүздү туура алып жүрбөсөӊүз, ыӊгайсыз абалга туш келишиӊиз мүмкүн. Аптада жеген тамак-ашыӊызды ылгап, спортко жакын болууга туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Финансылык жактан оор боло турган апта. Карыз алганга туура келсе ишенимдүү адамдан алыӊыз, болбосо кийин чырлуу окуяга туш келип каласыз. Эгерде кимдир бирөө сизден жардам сураса, ага жардам бергенге аракет кылыӊыз, анткени азыр сизди колдогон адамдар керек.
Жеке жашооӊузда да өзгөрүүлөр болот. Ички туюмуӊузду угуп чечим чыгарсаӊыз, жаӊылбайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында ишти бүткөрүүгө жумшаган күчүӊүз текке кетет. Андыктан анны кийинкиге калтырганыӊыз оӊ. Шаршембиде эмоцияга алдырып, ката кетирип алуудан сак болуӊуз. Аптанын экинчи жарымында жакын адамыӊыз сизге күтүлбөгөн сюрприз жасашы ыктымал. Аптанын аягында алыска сапарга чыгышыӊыз мүмкүн, андыктан даяр болуӊуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада бардыгынын көӊүл борборунда болосуз. Сизди бардык жактан ийгилик курчайт. Жан дүйнөӊүз балкып, мээримдүү болуп чыга келесиз. Ал эми түгөйлөр ортосунда майда иштерден улам түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Чырды ырбатпаш үчүн эмоцияга алдырбаӊыз. Жакын досторуӊуз интрига чыгарып, адамдардын сизге болгон ишеничин бузушу ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакындарыӊызга жетиштүү көӊүл буруп, жанында болуӊуз. Бул сизди кубандырып, жашоонун жаӊы барактарын ачууга туура келет. Ишиӊиз көп болуп, бир топ нерсеге алыӊыз келбей, чачыранды болуп калышыӊыз мүмкүн. Андыктан бир ишти бүткөрүп, андан кийин экинчисине киришкениӊиз оӊ. Алыс жактан кабар алып кубанасыз. Эс алуу күндөрүн досторуӊуз менен өткөрүӊүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта сиз үчүн ийгиликтүү болмокчу. Баштаган ишиӊиздин жыйынтыгы жакшы көрсөткүчтөргө ээ болот. Алдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн майда-чүйдө иштерге алаксыбай, алдыга умтулуӊуз. Аптанын экинчи жарымында жумушуӊузда жетекчи менен пикир келишпестик жаралмакчы. Бирок жетекчиӊиз сиздин оюӊуз туура экендигине ынанат. Апта аягында жакындарыӊыздын курчоосунда эс алыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде оптимист болуп чыга келесиз. Көздөгөн иштериӊиз оӊой бүтөт. Үй-бүлөӊүзгө киреше кириши мүмкүн, акчаӊызды тиричилик буюмдарын алганга жумшайсыз. Кимдир бирөөгө жардамыӊыз тийип, аны ыраазы кыласыз. Көптөн бери тынчыӊызды алган маселе чечилип, жеӊил дем аласыз. Апта аягында жаш балдардын чөйрөсүндө болуп, алар сизге жакшы маанай тартуулашат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ден соолугуӊузга көӊүл буруӊуз. Бойдокторго сүйүктүүсү менен үй-бүлө куруу маселесин чечишип алууга ыӊгайлуу учур. Аптанын соӊунда жалган жалаа, ушактардын курмандыгы болуп, маанайыӊыз бузулат. Далили жок ушактар туугандарыӊыздын сизге болгон мамилесин суутуп коюшу ыктымал. Бардыгын сабырдуулук менен чече аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан