Бул маектешүүнү көпкө күтүүгө туура келди. Себеби бул түгөйлөрдүн ар бир күнү пландалган. Бирде байланышсаӊ Москвада, бирде Алматыда, кыскасы акыры кезигүүчү күндү күтпөй да калдым. Капыстан телефонума келген коӊгуроо төмөндөгү маекке өмүр берди. «Саламатсызбы? Биз Бишкекке азыр гана келдик, дароо сиздерге берген убаданы аткаралы деп жатабыз» деген Камила Абдил жана анын жолдошу, «Азия Mix» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен шаардагы жайлуу кофейнялардын биринде маегибизди уланттык.
ЖУБАЙЛАР ТУУРАЛУУ
Кененсаров Элдияр Эламанович
31 жашта.
Кесиби – Банк иштери боюнча адис.
Туулган жери – Ысык-Көл облусу.
Учурда – "Азия Мix" КВН командасынын капитаны.
Абдил Камила Онайбек кызы
33 жашта.
Кесиби – Маркетолог, финансист.
Туулган жери – Казакстан, Актау шаары.
Учурда – "Азия Мix" КВН командасынын директору.
– Ар бир сүйүү романы таанышуудан башталат. Бул нерсе силерде кандай болгон?
Камила: – Элдияр экөөбүз мындан 7 жыл мурун таанышканбыз. Анда мен АКШда окуп, иштеп жүргөн кезим эле. Бир күнү Кыргызстандын «Чи-Ли» КВН командасы орусиянын СТС телеканалындагы «Улуттар лигасы» («Лига нации») аттуу сынакта ат салышып жатканын көрүп калдым. «Казак-кыргыз бир тууган» деп коюшат го, биздин азиялык жигиттердин орусиялыктардан озуп чыкканын көрүп ушунчалык сыймыктандым. Анан интернет аркылуу команданын баракчасына колдоо сөздөрүмдү жазып жиберсем, Элдияр жооп берип жатпайбы «Рахмат! Кандайсыӊ?» деп. Мага жооп келет деп күткөн эмес элем. Ошентип сөздөн сөз уланып, интернет аркылуу жазыша баштадык. Ал учурда Элдияр жеке ишкердик менен алектенейин деп жүргөн экен, а мен финансистмин да менден кеӊеш сурачу. Жумуштан башка сүйлөшчү темабыз деле жок эле. Себеби Элдияр кечелердин көркүн ачкан шайыр, жаш жигит, а мен окуу, окуу жана окуу деген, АКШдагы ири ишкананын маркетинг боюнча бөлүм башчысы элем. Чынында, ушул жигит менин жолдошум болуп калат деп ойлобогом. Жарым жыл жазышкандан соӊ телефон номеримди сурай баштады. 2 ай назданып айткан жокмун, анан макул эми деп бердим. Ошондон тарта телефондон сүйлөшүп баштадык. Эми телефондук байланышка кеткен акчанын көптүгүн айтпа, 2-3 саат бизге эч нерсе эмес эле. Бирок анда деле дос катары эле сүйлөшчүбүз. Бир да жолу сүйүү тууралуу кеп козгогон жокпуз.
– Кызык, а турмуш куруу чечимин кантип кабыл алып калдыӊар?
К.: – Таанышкандан тарта эле Элдияр мага «көлгө келип кет, Бишкекке келип кет» деп чакыра берчү. Анан классташ кызым турмушка чыгып, Бишкекке тоюна чакырып калды. Ошентип бир ок менен эки коёнду атып, Элдияр менен жолукмай да болдум. Аэропорттон мени Элдияр тосуп алды. Аны көрөр замат эле колу-бутум титиреп, ортобузда башкача жылуулук пайда болгонун туйдум. Ал деле эки сөзүн кошо албай сүрдөп жатты. Анан ичимден «Кудайга шүгүр, мен да ага жагыптырмын» деп ойлодум.
Элдияр: – Чынында, жолукканда эле мага Камиланын көздөрү көрүндү. Анан узун буттары, дене түзүлүшү көзүмө урунду. Албетте, ары-бери өтүп, ар тараптан байкаштырып көрдүм (күлүп).
К.: – Ошентип мен Бишкекте жүргөн 3 күн ичинде экөөбүз шаар айландык, сейилдедик. 3-күнү Элдияр «мага турмушка чык» деди.
Э.: – 3-күнү дейби? 2-күнү эле айтпадым беле... Мен бир көрүп сүйдүм да баарын түшүндүм. Анан колдон чыгарып жибербейин, бир күн болсо да үнөмдөп калайын дедим. Камила тарбиялуу, билимдүү кыз да, жообун дароо айткан жок, «ойлонуп көрөйүн» деген бойдон кетип калды. Ошентип бир ай ойлонбодубу. Анан телефондон «сен алгач аксакалдар менен ата-энемдин астына келип, улуулардын батасын алып, анан мени үйүмдөн алып кетесиӊ» деди.
К.: – Ошондогу кызык окуя эсиме түшүп кетти. Кайын журтум айтып аябай күлүшкөн. Биз жаӊы үйлөнүп Ысык-Көлгө келгенде, Элдияр экөөбүз машинанын арткы отургучунда элек, астында айдоочу аялы менен болчу. Шоопур байкенин жубайы тырмактарын өстүрүп, көзүн капкара кылып боёп алыптыр. Кызыгы, элдин баары Америкада окуган, билимдүү, супсулуу келин күтүп отурушкан да. Унаа токтору менен тиги айдоочунун аялы түшүп, керилип-чоюлуп жатпайбы. Күтүп жаткан туугандардын баарынын ээси ооп калыптыр да, (күлүп) «ушул беле Элдияр жактырган кыз» дешип. Ошентип экөөбүз салт боюнча баш коштук, а расмий түрдө жумуштан кийин Бакыт үйүнө барып, каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алып келгенбиз. Азыркы жаштар тимеле укмуш чоӊ той өткөрсөк дешет. Той бере албайт экен деп көп тагдырлар талкаланып жатканы мен үчүн аябай кейиштүү...
– Жаӊы келин болгондогу күндөр эсиӊиздеби?
К.: – Казактар келинди алгачкы 3 күн «конак» дешип жумуш жасатышпайт да. А мени абысындарым бир сынагылары келди окшойт, дароо эле пияз аарчытып коюшту. Мен болсо кенебей ишке кириштим. Пияз ушунчалык ачуу экен, ашканадагылардын баары бырылдап-шырылдап, көзүнөн жаш куюлуп чыдабай калышты. А мен эч нерсе болгон жокмун. Баары эле «кантип көзүӊ ачышкан жок?» деп таӊ калышат. Мен болсо «казактын кыздары ушундай чыдамкай болушат» деп койдум. Кайдан, көзүмө линза кийчүмүн да. Ал эч нерсени өткөрбөйт экен. Ушул сырымды абысындарыма айткан эмесмин, эми окуп билишет го (күлүп).
– Шаардын жашоосуна көнүп калган кыз айылда депрессияга кабылган жокпу?
– Жок, мен айылда эле өскөн кызмын. Аракетимдин артынан ири шаарларда жашадым десем болот. А бирок сүйүктүүм жанымда болсо, Африкада дагы жашай берем. Бул менин тандоом, экөөбүз үй-бүлөбүз, кандай шартта, кайсыл жерде өмүр сүрөбүз – маанилүү эмес. Жаӊы Бишкекке көчүп келгенибизде ушунчалык кыйналган күндөрүбүз болгон. Тыйындарыбызды чогултуп, батирден батир которуп жүргөнбүз. Бирок биз бардык кыйынчылыкка чогуу туруштук бердик.
– Элдияр мырза, айтсаӊыз, эгерде жубайыӊыз «мен билимдүүмүн, баарын билем, АКШга кетем» деп чыкса, эмне кылмаксыз?
Э.: – Мен дал ушул нерсе болбошун түшүнгөн соӊ баш кошуу сунушун киргизгем. Камиланын акылдуу аял болоруна көзүм жеткен.
К.: – Көпчүлүк келиндер өзүм билемдикке салышат, бирок эркек киши дайыма өзүн кожоюн сезиши керек да. Түгөйүм деп тандаган соӊ мен Элдиярдын ою менен болушум керек.
– Мүнөзүӊөр окшошпу?
К.: – Экөөбүз такыр эки башка адамбыз. Көз караштарыбыз, ой жүгүртүүбүз дал келбейт, бирок ага карабай чогуубуз.
Э.: – Айырмачылыктарыбыз толтура. Мисалы, үйлөнгөн соӊ Камила «балалуу бололу» деп баштады, мен дароо эле «мен төрөбөйм, өзүӊ төрөй бер» дедим. Анан аргасыздан өзү төрөп алды (күлүп).
К.: – Ушундай маанайы жарык, тамашакөй адамды кантип сүйбөй коёсуӊ анан (күлүп).
– Иш графигиӊиздер аябай тыгыз экен. Эс алууга убакыт табылабы?
Э.: – Биз аябай саякаттаганды жакшы көрөбүз, колдон келишинче саякаттайбыз.
К.: – Бир эле жолу Италияга барганбыз го. Анда дагы кокустан эле жумушубуздан бошоп калбадыкпы.
Э.: – Мурун кызым Эмилия жалгыз болгондо эс алуу оӊой болчу, азыр эки бала менен эс алуу чындыгында кыйыныраак. Кичүү уулубуз Элер 8 айлык болду.
К.: – Азыр баарыбыз чогуу жүрсөк ошого да кубанабыз. Ошондуктан учурда Элдияр Алматыда казак телеканалдарынын бирине сериалга сценарий жазып жаткандыктан балдарым менен батирде болсо да жанында бололу деп Алматыда жашап жатабыз.
– Турмуш курганыӊарга 6 жыл болуп калыптыр, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка болгон көз карашыӊар кандай?
К.: – Менимче көп нерсе аялзатынын колунда. Кыздарга жаштайынан бул нерсени түшүндүрүп өстүрүү керек. Мисалы, Элдияр КВНден бир кезде алыстап кеткен. Анан сыналгыдан КВНди көрүп калса, башкача болуп кетерин байкачумун. Ошондо мен «кечигип калып өкүнгөндөн көрө аракеттен, а балким ийгилик жылмаяр» дедим.
Эгер аялзаты жолдошун колдоп, туура жол көрсөтүп, анын бутка туруусуна түрткү болсо, зордук-зомбулук азаят беле деген ойдомун. Бардык маселени акырын сүйлөшүп чечүүгө болот, болгону өз убагында туура чечим кабыл алуу зарыл.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg