Былтыр мамлекеттик каржылоо менен «Курманжан датка» тасмасы тартылып, кыргыз киноиндустриясында чоӊ жаӊылык жараткан. «Бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, кино жарыкка чыккан соӊ мактоолор менен катар сын пикирлер да жакшы эле айтылды. Бул кинону улай кыргыздын коомдук саясий ишмери Шабдан баатыр тууралуу тасма тартылуу алдында турат. Коомчулукта кинонун сценарийи боюнча өтө чоӊ талкуу жаралууда. «Талаштан тактык жаралат» демекчи, талкуу жараткан инсандардын ойлоруна орун берели.
Алгач Шабдан баатыр жөнүндө кино тартам деп чоӊ жүктү артынып турган режиссёр Эрнест Абдыжапаровго байланыштык.
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр: «ҮЧ ДАСЫККАН ТАРЫХЧЫ-КЕӊЕШЧИБИЗ БАР. АЛАР ТАРЫХТЫ БУРМАЛАТПАЙТ»– Былтыр Каныбек Иманалиевдин Шабдан баатыр жөнүндө жазган романынын бет ачарында Тайырбек Сарпашев «Шабдан баатыр тууралуу кино тартылсын, ага мамлекет 10 миллион сом бөлөт» деп жарыялаган. Шабдан баатырдын 170 жылдык мааракесинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев расмий түрдө тапшырма берди. Андан кийин Кыргызфильм «сценарийди ким жазат, ким тартат?» деген сынак жарыялады. Буга чейин баатыр жөнүндө маалымат чогултуп жүргөндүктөн, катышуу ниетимди билдирип кат жөнөткөм. Көрсө, менден башка бир да киши кат жөнөтпөптүр. «Кыргыз киносунун» жетекчилери карап, «Эрнесттен башка эч ким жок экен» деп мага табышташты. Алар деле өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Ошонун негизинде 2 айда 122 беттен турган сценарий жазып чыктым. Аны киночулардын тобу, Көркөм кеӊеш, Шабдандын чөбөрөсү Жаӊыл эже окуп, өз ойлорун айткан соӊ кайрадан оӊдоп-түзөө киргизип, 2-вариантын жаздым.
Интернеттен коомдук активист Гүлжигит Исаков «биз да өзүбүздүн ой-пикирибизди айтсак болобу?» деп калды. «Сөзсүз болот» деп ага сценарийдин 2-вариантын салып жибердим. Алардын жообу узакка созулуп кетти. Ал ортодо 2-варианты талкууланып, 3-варианты жазылды. Аны да салып жибердик. Алар мени чакырбай туруп 3-варианты боюнча өздөрү талкуу кылышып, интернетке жарыялап жиберишиптир. 3-вариантын чөбөрөсү Жаӊыл эже, Тынчтыкбек Чоротегин, дагы көптөгөн тарыхчылар болуп талкууладык.
Андан көп өтпөй эле кайрадан эски 2-вариантын «бизге мындай Шабдан керекпи?» деп Тынчтык Чоротегин гезиттерге жар салып калды. Ушундан улам ой кетти, 25 жыл батыштын тамагын ичип, батыштын түшүн жоруп калган мырзабыз орус саясатын жүргүзгөн Шабдандын өзүнө кыянаттык жасап жатабы деп. Аргасыз ушинтип ойлойт экенсиӊ. Киностудия расмий түрдө Илимдер академиясына кайрылып, тасмага үч дасыккан тарыхчы-кеӊешчи бекитилген. Алар Дөөлөт Сапаралиев, Аскар Беделбаев жана Өскөн Осмонов. Ал эми Гүлжигит Исаковдун тобу айткан сунуштарды эске алып, бүгүнкү күндө 5 версиясын теӊ Көркөм кеӊешке сунуштадык. Болбой эле баягы эски варианттарды мисал келтирип элди дүрбөтүп, догурунуп жатышкандары таӊ калтырат.
Албетте, режиссёрду сындап жаткан Гүлжигит мырзанын пикири да баарыбызга кызык.
Гүлжигит Исаков, коомдук активист: «ӨЗҮНҮН АКЧАСЫНА КААЛАГАНДАЙ ТАСМА ТАРТСЫН»– Ким кандай пикирди карманат өз эрки, кеп жеке көз караштын коомго чындык катары таӊууланышында. Менин көз карашымда, тарых бурмаланбашы керек. Манасыбызга, тарыхыбызга сөз тийгизбешибиз зарыл. Мен саясатчы эмес, кыргызга күйгөн атуул катары айтып жатам. Бурмалоолорду көрүү үчүн тарыхчы болуунун деле кереги жок. Кичине эле кыргызга күйүп коюу жетиштүү. Улуттук маселени күнүмдүк саясатка садака чапкыдай акылсыздыкка барбайм.
Азыр сценарийдин 5-6-варианттары жазылды, андан кабарыбыз жок, анткени бербей жатышат. Режиссёр жакшы кино тартам десе каталарды оӊдосо маселе жок, тарыхчы эмессиӊ деп бизди тоготпосо, анда тарыхчыларды уксун. Өзүм билем десе өзүнүн акчасына тарыхый эмес, өзү каалагандай көркөм тасма тартсын. Шабдан баатырды катынпоз көрсөткөн жерлери бар. Көрүнгөнгө жолукканда эле «мага уул төрөп берчи» деп жалдырай берген кантип болсун? «2 саатта патриоттук сезимдерди ойгото турган кино тартса болот» деп 8 тарыхчы өз сунуштарын айтышты эле, болбой эле өз билгенин кылам деп жатат. Менде кайсы тарыхчы кайсы жерин сындаган протоколдор бар. Анан «мени тарыхчыларга тепкилеттиӊ, аларга бербешиӊ керек эле» деп мага доомат коюп жатат.
Мен тасма кыргызды ынтымакка чакырабы же ыдыратабы деген жагын карадым. Тарыхчылардай сын айта албайм, карасам Тарыхчылар ассоциациясынан «биз сценарийди окуп чыктык, жакшы жазылыптыр» деген кат жаздырып алышыптыр. Эч кимге жаман оюм жок, бирок кыргыздын баалуулугуна сөз тийип жатса унчукпай коюу кылмыш.
Бул талаш маселе жөнүндө Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаӊыл эже төмөндөгүдөй оюн билдирди.
Жаӊыл Абдылдабек кызы, Шабдан баатырдын чөбөрөсү: «ЧУУНУ САЯСИЙ ОЮН КАТАРЫ КАБЫЛ АЛЫП ЖАТАМ»– Менин оюмча, сценарийди тереӊдетип иштеп чыгуу керек. Жакында сценарийдин талкуусуна катышкам. Көпчүлүк сын-пикирлер туура айтылды деп ойлойм. Мага да сценарийдин айрым жерлери жакпай турат. Жалпысынан Абдыжапаровду колдойм. Бирок «бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, сценарийдин кээ бир жерлери оӊдолбосо, «өз билгенимди жасайм» деп Шабдан баатырдын аброюна шек келтире турган, ага таандык болбогон нерселер оӊдолбосо, мен да каршы чыгам. Шабдан баатырдын образы туура ачылышы керек. Ал эми сценарийдин тегерегиндеги чууну саясий оюн катары кабыл алып жатам.
Аялдарга көбүрөөк орун берилиптир, сценарий жазган кишинин фантазиясы ойноп дегендей. Бирок тарыхта да, санжырада да Шабдан баатыр «ала жипти аттабаган инсан» деп айтылат, демек, ошол сакталышы керек. Тасма мамлекет тарабынан каржыланып жаткандан кийин тарыхый инсандын иштери, жүрүм-туруму жаштарга, саясатчыларга үлгү боло тургандай ачылышы керек.
Ушул сыяктуу сындарды уккан «Курманжан датка» тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз төмөндөгүлөргө токтолду.
Садык Шер-Нияз, кинорежиссёр : «ЭЛДИН БААРЫНА ЖАККАН ТАСМА АЛИ ДҮЙНӨДӨ ЖАРАЛА ЭЛЕК»– Талаш-тартыш болгону түшүнүктүү, бирок ошол эле учурда режиссёрдун да оюн сыйлаш керек. Ар ким киришкенге аракет кылып жатат. Анда жакшы чыгарма эмес, тарыхый эмгек жаралышы мүмкүн. Көркөм фильм тартууда режиссёр, сценарист тажрыйбалуу киши болсо ошого ишениш керек. Анткени тарыхчы деген өзүнчө кесип, жазуучу деген өзүнчө. Тасма тартуу режиссёр, сценаристтин оюна жараша болот деп айтам.
Учурда Эрнест Абдыжапаров аябай катуу иштеп жатканын билем, ал ар бир сөзүнө, ар бир сүйлөмүнө көӊүл бурат. Сценарийдин акыркы вариантын окуй элекмин. Кыргызфильмдин Көркөм кеӊешинин айтымында, бардык сындар эске алынып, даяр болуп калыптыр.
Өзүӊүздөр көрүп жатасыздар, азыркыга чейин мен тарткан «Курманжан датка» тасмасына сындар айтылып келет. Көркөм тасманын негизги максаты – көрүүчүнү бир нерсеге үндөө, инсан жөнүндө бир ой калтыруу. Төлөгөн Касымбековдун чыгармасын деле жүз пайыз чындык деп айтуудан алысмын. Анткени кошумчалабай, көркөм чыгарма жазууга мүмкүн эмес. Антпесе ал жөн эле супсак тарыхый илимий эмгек болуп калмак да.
Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов эмне дейт?
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «СЦЕНАРИЙДИ ОӉДОБОСО, ЭКИ ӨРӨӨНДҮН ЭЛИН ЧАБЫШТЫРАТ»– Сценарийдин 3-вариантын окуп чыктым, Шабдан баатырдын бейнеси толугу менен ачылбай калган. Эгерде сценарийди тасма тартылгычакты оӊдобосо, көркөм тасма максатына жетпейт. Көркөм тасма дегенди мен деле түшүнөм, бирок жөнөкөй жагдайлар эске алынбай, окуяларды бурмалап, болбогонду болду деп окуя болгон жылдарды алмаштырып ийишине макул эмесмин.
Башка өлкөлөрдүн деле тарыхый көркөм тасмаларын көрүп жүрөбүз, мүмкүн болушунча чындыкка жакын кылып тартышкан. Шабдандын образын толук ачып бере турган 10 чакты окуянын кирбей калганын билем. Ошол эле мезгилде жасалма окуя, образдар кошулуп кеткен. Бул нерсе эки өрөөндүн элин чабыштырып коюшу мүмкүн. «Курманжан датка» боюнча Садык Шерге кеӊешибизди айталы десек, ал кабыл албай койгон. Эрнестке «сиз да ага окшоп ката кетирбегениӊиз жакшы» деп айттым.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg