Мусулмандар көптөн күткөн орозо айы башталганы турат. Орозодо береке бар, бул айда ашыкча тамактан дене гана эмес, адамдын жан дүйнөсү да тазаланып, азга канагат алып шүгүрчүлүккө үйрөнөт дешет. Орозо айы жалпыбыз үчүн жемиштүү болсун!
ОРОЗО КАРМООГО КИМДЕР МИЛДЕТТҮҮ?
Орозону бойго жеткен, акылы толук, ар бир мусулман кишиси тутуусу милдет.
Жаш балдар жана оорулуу адамдар, кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдар, жолдо жүргөн адам жана айызы келген же төрөт канын көрүп жаткан аялдар убактылуу каны токтогуча орозо кармашпайт.
ОРОЗО ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР
ОРОЗО КҮНДӨРҮ ЭМНЕДЕН ТЫЙЫЛУУ КЕРЕК?
ОРОЗО БАШКА ДИНДЕРДЕ...
Православ христиандарында – Орозонун христиандарда бир нече түрлөрү бар. Анын максаты – Кудайга жакындоо, күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөө, адамдын руху күнөөдөн жана денеси көп тамак ичүүдөн тазалануу болуп эсептелинет. Көбүрөөк кармалганы Рождество майрамынан кийинки орозо. Ал 7-январдан 18-январга чейин кармалат. Бул убакыт ичинде эт, балык, май, сыр, сүт азыктарын, спирт ичимдиктерин пайдаланганга болбойт. Бул күндөрү орозо кармаган адам өзүнүн күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп жана башкаларды да кечирүү керек. Католиктерде – Көрүнүктүүсү Иса пайгамбардын төрөлүшүнө карата арналган орозо. Муну 21 жаштан 60 жашка чейинки адамдар кармашы керек. Аптанын шаршемби жана жума күндөрү кармалат. Бул күндөрү эттен баш тартуу жана курсакты чала тойгузуу кажет. Ошондой эле Кудайга жалынып жардам суроо, тилек айтуу менен коштолот.
Иудаизмде – Орозонун түрү көп, алардын бири Йом–Кипур деп аталат. Бизче которгондо «акыр заман» деген түшүнүктү берет.
Бир күн кармалган орозодо тамак ичүүгө, кумарга батууга, жуунууга, жакшы кийимдерин кийүүгө жана тамаша, оюн-зоок кылганга, машина айдаганга тыюу салынат. Көп убакытты Кудайга жалынуу менен өткөрүшөт. Күн чыккандан баштап жылдыз көрүнгөнгө чейин тамак-аштан карманышат.
Буддизм менен индуизмде – Орозо кармачу күндөрдүн системи татаал. Айрымдар аптанын бир күнү дайыма тамак-аштан баш тартышса, айрымдар бир айда бир жолу. Шива, Хануман, Дева деген Кудайларына сыйынуу үчүн ар ким кайсыны тандаса, ошого карап тамак ичишпейт. Мында тамактан толугу менен баш тартылбайт: сүт, айран ичип, жер-жемиш жегенге болот, бирок нан, эт, пияз, сарымсак кошулган даамдар бул күндөрү желбеши керек. Убактысы да ар кандай, көбүнчө таӊ аткандан күн батканга чейин карманышат.
ОРОЗО КАРМОО МЕДИЦИНАДА
Бир жылда бир жолу тамактан баш тартуу организмге зор жардамга келери тууралуу окумуштуулар далилдеп келет. Алардын айтымында, организмге тамак барбай калганда ал өзүнөн өзү тазаланып, иштебей жаткан клеткалар иштеп, жашоо үчүн күрөш башталат. Ар кайсы өлкөнүн окумуштуулары тамактан баш тартуунун пайдасы тууралуу төмөнкүчө ойлорун айтышат:
Германия: Окумуштуулар денедеги шлак, микробдор чыгып адам сергек боло түшөрүн, ачкачылык кылган адамдардын көзү курчуп, мээси жакшы иштерин далилдешкен.
АКШ: Эксперттер ашказандын иштөөсү жакшырып, адамдын түнкүсүн жакшы уктоосуна шарт түзөрүн айтышкан. Кандагы холестериндин өлчөмү да азаят.
Кытай: Бир жылда бир жолу ачкачылык кылуу менен өмүрдү узартып, сулуулукту артырарын белгилешкен.
Украина: Одессадагы медициналык институттун окумуштуулары организмдеги уу заттарды ачкачылык жакшы чыгарарын айтышкан.
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАКТАРЫНДАГЫ УБАКЫТТЫН БИШКЕКТЕН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ
Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоӊ-Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин
Чүй облусу Бишкек шаарынын убактысы менен
Кадыр түн –13-июлдан 14-июлга караган түнү
Орозо айт –17 же 18-июль
Курман айт –23-сентябрь
Муфтияттын фатва бөлүмү эскертет! Орозо болжолдуу түрдө 18-июнда башталат деп белгиленүүдө. Айдын чыгышына карата Орозонун башталышы, Кадыр түн, Орозо айт жана Курман айт 1 күнгө ары-бери жылып кетиши мүмкүн.
СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таӊ аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.
ИӉИРДЕ ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аълайка таваккалту, ва аъла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүӊ үчүн орозо кармадым. Өзүӊө чындап ишендим, өзүӊө таяндым, өзүӊ берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg