Өлкөнүн тоолуу аймактарында бээнин сүтүн ичип дарылануу мезгили жүрүп жаткан учур. Себеби элде бээнин сүтү көптөгөн ооруларга дары деп айтылып келет. Мунун канчалык чындыгы бар? Чын болсо кайсы ооруларга жардам берет? Муну билүү үчүн салттуу жана элдик медицина өкүлдөрүнө кайрылдык.
«УЙДУН СҮТҮНӨ КАРАГАНДА ЖАКШЫ СИӉЕТ»
Болот Турусбеков, Улуттук госпиталдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын поликлиникасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, терапевт-гастроэнтеролог:– Уйдун сүтүнө караганда бээнин сүтүндө белок жана май 1,5-2 эсе аз, ал эми лактоза 1,5 эсе
көп. Ошондой эле кычкылдуулугу аз. Андыктан бээнин сүтүндөгү белок жана май адамдын организмине жакшы сиӊет. Сүттүн курамындагы иммуноглобулин организмге сырттан кирген микроб жана вирустар менен мыкты күрөшөт.
Дем алуу жана заара жолдорундагы былжыр челдерди инфекциядан коргойт. Ошондуктан бээнин сүтү курамы жана биологиялык касиети жагынан эненин сүтүнө жакын.
Бээнин сүтү кандын айланышын жана зат алмашууну жакшыртып, клеткалардын кайрадан калыпка келүүсүнө шарт түзүү менен, картаюуну кечеӊдетет. Ушундай касиеттердин арты менен көптөгөн оорулардан айыгууга жардам берет. Андыктан аны бир айга чейин ичсе болот. 100 грамм бээнин сүтүндө 49 килокалорий бар.
Витаминдер: B1, B2, B3, B5, B7, B9, B12, A, C, D3, D2, E, KМинералдык заттар: Алюминий, кобальт, марганец, жез, цинк, темир, фосфор, калий, натрий, магний, кальций жана башка
Кайсы ооруларда ичилет?
Кандай ооруларда ичилбейт?
Канча өлчөмдө ичүү туура?
Адам организминин көтөрүмүнө жараша иче берсе болот. Кээ бирлер аз ичкенде эле ичин алса, айрымдар көптөн ичсе деле эч нерсе болбойт. Андыктан ичин ала тургандар 5 маал 30-50 граммдан ичип, ашказанын көндүрүп, анан өлчөмүн көбөйтүүсү кажет. Кош бойлуулар жана жаӊы төрөгөндөр көтөрүмүнө жана кан басымы жогорулар аздан ичсе болот. Бирок оорулар курчуп турган кезде ичүү сунушталбайт. 2 жашка чейинкилерге кээде гана 1 ууртамдан берүү оӊ.
Косметикада:
Бээнин сүтү косметикада сапаттуу жана экологиялык таза сырьё катары кээ бир өлкөлөрдө чыгарылган гель, шампунь, лосьон жана башкалардын курамына кошулат.
Бээнин бруцеллёз менен оорубаганын тактаӊыз!
Кийинки кездерде чанда болсо да жылкылардын бруцеллёз менен ооругандары катталууда. Андыктан ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп, бруцеллёз менен оорубайт деген маалымдама берилген жылкынын гана сүтүн ичиӊиз.
«БЭЭНИН УУЗУ ТАРАЙ ЭЛЕК СҮТҮНҮН ГАНА ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР»
Кудайберген Зайнебеков, табып. Токтогулдун Сары-Камышынан.
Кайсы ооруларга жардам берет?
– Бээнин ууз сүтүндө гана иммунитетти, гемоглобинди көтөрүүчү, ооруларды сакайтуучу дарылык касиет бар. Мен элдик медицина боюнча өт, боор, ичеги, өпкө (анын ичинде кургак учук), ашказан, кан тамыр, бөйрөк, нерв жана айрым тери ооруларында ичүүнү сунуштайм. Бирок оору кармабай турган учурда ичилет. Ал эми псориаз, ичеги жарасы, миома, геморрой, рак, жатын түтүктөрүнүн барсылдагы (киста), кант диабети, жогорку кан басымы барларга ичүүгө болбойт.
Бээнин уузу тарай элек сүтүн саалары менен жылуу бойдон 15 күн ичүү кажет. 15 күндөн соӊ ууз тарап, дарылыгы жоголо баштайт. Эгер 15 күндөн көп ичем десеӊиз, анда жаӊы тууган башка бээни таап, сүтүн ичүү керек. Үзбөй 3-4 бээнин сүтүн ичсеӊиз, иммунитетиңиз жогорулайт. Айта кетчү нерсе, жайлоодогу дары чөптөрдү жеген бээнин сүтүнүн дарылык касиети чоӊ.
Сүттүн ичти тазалоочу касиети болгондуктан аз-аздан ичип көнбөсө, ооруларды козгойт жана алгачкы күндөрү ичти алат. Сүт ичкен убакта дары ичпөө керек. Айталы, 1-күнү 30 граммдан (бээ 5 маал саалса 150 грамм, ал эми 7 маал саалса 210 грамм), 2-күнү 60, 3-күнү 90 граммдан ичүү керек. Башкача айтканда, ар күнү 30 граммдан кошуп ичилет. Керектүү өлчөмгө жеткен соӊ кайра ар күнү 30 граммдан кемитип ичүү сунушталат.
Жаш куракка карап ичилүүчү өлчөм:
2-5 жашка чейинки балдар үчүн – 200-350 грамм
5-15 жашка чейинкилерге – 400-700 грамм
15-60 жашка чейинкилерге – 1-1,2 литр
60 жаштан жогоркулар ден соолугу чыӊ болсо 1 литр, начар болсо 600 грамм
Бээнин сүтүнүн дарылыгы Үркөр чыгып (июндун ортосу), чөп каткыча сакталат. Чөп каткандан кийин күчүнө кирип, бээнин сүтү күчтүү тартып калат. Ага карабай каалагандар сүт ичкенден өнөкөт оорулары козголбосо, жаӊы тууган бээнин сүтүн аз-аздан иче беришет. Бирок баары бир ичүү-ичпөө тууралуу врачка же табыпка кайрылып, кеӊеш суроолору зарыл.
Сүт ичүү маалы алгач жаз эрте келген түштүк жергесинде башталып, акыркы кезек бийик тоолуу аймактарга (Нарын, Суусамыр, Алай) жетет. Дал ошол бийик тоолуу аймактардын жайлоолорундагы бээнин сүтү менен кымызы күчтүү болот. Себеби ал жактарда жылкы дарылык касиети күч жүздөгөн чөптөрдүн бүрүн жейт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg