2010-жылдын 10-июнунан 11-июнга караган түнү Ошто жаӊжал чыккан. Кандуу окуя 3 күнгө созулуп, Оштон ары Жалал-Абадды да камтып, кыргыз тараптан да, өзбек тараптан да бейкүнөө набыт болгондор, жаракат алгандар, үй-мүлкү таланып-өрттөлгөндөр жүздөп-миӊдеп саналды. Арадан 5 жыл өттү. Элдин эсинен эзели кеткис бул каргашалуу окуядан сабак алдыкпы? Мындай тирешүүлөрдү эми болтурбай коё алабызбы? Бул тууралуу жалгыз гана бийлик эмес, Кыргызстандын ар бир жараны ойлонуп, жыйынтык чыгаруусу абзел.
КАРТТАНГАН ЖАРА КАЧАН АЙЫГАТ?
1990-жылы июнь айында болуп өткөн этностор аралык жаӊжал менен 2010-жылы июнда өткөн кандуу каргашаны салыштыргандар толтура. Туура 20 жылдан кийин
кайталанган каргашанын окшоштугу жалгыз болсо керек: ал түшүндүрүү иштеринин жеткиликтүү деӊгээлде жүргүзүлбөй келгендиги.
Азырчы? Ооба, бейкүнөө кайтыш болуп кеткендердин жакындарына жардам берилди, жаракат алгандардын кай бири бүгүнкү күндө да дарылануусун улантып жатат. Ош менен Жалал-Абадда өрттөлгөн үй-имараттардын ордуна жаӊы курулуштар тургузулуп, дүкөндөр менен ашканалар ачылды. Күл додого айланган шаарлар кайрадан гүлгө оронуп, күндөн-күнгө, жылдан-жылга Июнь окуясынын изи өчүп бара жатат. Беш жыл мурунку окуя эмнеден келип чыкты, кандай кесепеттерге алып келди, тыянак чыгарылдыбы, тирешкен эки элдин мамилеси мурунку калыбына келдиби деген
сыяктуу суроолордун жообу бүгүн да табыла элек. Ошко отту чагымчылар жакты дегенибиз менен, эл кыргын салган башкы адамдардын жазага тартылганын көрбөдү. Каргашанын чыгышына кызыкдар болгон тарап бүдөмүк бойдон калды.
«ИЮНЬ ОКУЯСЫН УЮШТУРГАНДАР ӨЗ ЭЛИНЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛЫШТЫ»
Президент Алмазбек Атамбаев Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата кайрылуу жасады:
– Июнь окуясын уюштургандар өз өлкөсүнө, өз элине чыккынчылык кылышты. Адилет соттон качкан башкы күнөөкөрлөр мекенинен безип, бөтөн жерде жүрүшөт. Аларды жазалоо журт алдындагы милдетибиз.
Июнь трагедиясынын отун сырткы күчтөрдүн тукуруусу менен ички бузуку күчтөр тутандырышты. Сепаратисттердин анабашчылары Кыргызстандын жаӊы бийлигине өз эркин таӊуулап, күч көрсөткүсү келди. Элдик революциянын эпкини менен кулаган мурдагы режимдин өкүлдөрү да өлкөнү бөлүп-жаруу менен болсо да, бийликке кайра келүүнү самашты.
Бузукулар кыргыз жана өзбек коомчулуктарынын ортосунда ондогон жылдар бою топтолуп келе жаткан карама-каршылыктарды гана эмес, атайын кызматтардын эӊ булганыч ыкмаларын колдонуу менен кырдаалды курчутуп, эл ичин дүрбөлөӊгө салышты. Кагылышуу башталганда адамдар чагымчыларга алданып, кызыкдар күчтөр таркаткан имиштерге ишеништи. Бирок эки этносту кагыштырган күчтөр кыргыз элинин кеменгерлигин эске алышкан жок. Өлкөбүз этностор аралык кагылышууну токтотуп, тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү.
Трагедиянын оор кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана оор иштер бүгүнкү күндө да уланып жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу этностор аралык мамилелер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлдү.
Кыргызстандын эли ушул күнгө чейин башынан кечирген оор сыноолорду унутууга эч кимдин акысы жок. Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоӊ сабак болууга тийиш.
ПАН ГИ МУН ОШКО БАРДЫ
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 10-июнь күнү Кыргызстанга келди. Ал иш сапарынын алкагында 11-июнь күнү Ош шаарына кырдаал менен таанышуу үчүн барды. "Кыргызстандын бийлиги Июнь окуясынын териштирүү иштерин толук бүтүрүшү керек деп эсептейм жана мындай окуялар кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөр жазасын алышы зарыл. Өлкөдө бардык жарандардын теӊдигин камсыз кылууга, улуттар аралык макулдашууга жетүүгө бардык шарттар бар. Жаӊжалдар кандай болбосун, анын түп тамырындагы маселелерден баштап кароо керек",- деди Пан Ги Мун.
Эльвира Караева
politika@super.kg