“БАНД`ЭРОС” тобу

ЖАҢЫ ЖАНРДАГЫ ТОП
Россиядагы «Банд`Эрос» тобу 2005-жылы март айында түзүлгөн. Орус шоу дүйнөсүнө жаңы аренби жанры менен келген бул топтун түзүлгөнүнө бир жылдын жүзү болсо да бир топ популярдуулукка жетише алды. Бул албетте, топтогу солисттердин мыкты ырлары бардыгынан жана ар биринин музыкалык жөндөмдүүлүгү жогору экендигинен кабар бе­рет. Топтун солисттери бири-бири менен топ түзүлгөнгө чейин эле тааныш болушкан. Тактап айтканда, баары тең бир үн жаздыруучу студияга барып жүрүшүп, ошол жерден таанышышкан. Музыкалык табиттери төп келген булар студиядан жолугушкан сайын бири-би­ри менен чыгармачылыктагы идеялары менен бөлүшүп, кеңешип келишкен. Бир күнү Рада, Наташа, Игорь, Батишта, Руслан болуп дасторкон үстүндө чогулушуп отурушуп, сөз­дөн-сөз чыгып топ түзүүнү пландаша кетишет. Бул идея ар бирине жагып, убакытты соз­бостон чогуу иштешүүгө өтүшөт. Ар бири үчүн музыка жашоонун маңызы болгондуктан, чоң изденүү жана берилүү менен киришишет. Булар рэп да эмес, хип-хоп да эмес, өзгөчөлүү аренби жанрындагы топ түзүүнү көздөшөт. Ошентип, алар алгач топко ат издеше башташат. Башында топко башка ат коюуну ойлошот, бирок, топту «Банд`Эрос» деп атап алышат. Топко бул ысымды ыйгаргандарынын себеби, «Банд`Эросчулар» башынан эле ырларынын тексттерин өздөрү жазып келишет. Топтун алгачкы ырлары даяр болгон кезде ырларын угуп көргөн топтун жакшы мамилелеш досу: «Ырларыңарда жалаң бандитизм жа­на эротизм камтылыптыр» дейт. Бул сөз балдарга абдан жагып калат. Алгач балдар бул сөздү тамаша сөз катары кабыл алышса кийин топтун атын дал ушул эки сөздүн муундарынан кураштырып ат коюуну чечишет. Ошентип, топтун атын бандитизм жана эротизмден улам «Банд`Эрос» деп атап алышат.

ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛГЕН ЫРЛАР
Топтун биринчи “Бум Сеньорита” аттуу ыры 2005-жылы топко популярдуулук алып келген. Өзгөчө белгилүү ди-джейлердин бири иштеп чыккан ырдын ремикс түрүн жаштар шаңдуу тосуп алышкан. Көпчүлүк жаштардын көңүлүн көтөргөн бул ыр аз убакыттын ичинде телерадиолордон тынбай кетип, хит параддардын алдыңкы орундарын багындырууга жетишет. Андан көп узабай топту дагы бир тепкичке жогору көтөргөн экинчи “Не зарекайсяаттуу ыры жарык көрөт. Аталган ыр чыгаары менен MTV, МУЗ-ТВ каналдарынан, ”Европа плюс”, «Хит-FM» радиолорунан такай берилип, хитке айланат. Ушундай ийгиликтерден улам «Банд`Эростун» профессионалдуулугуна көз арткандардын саны кескин көбөйөт. Ири музыкалык компаниялардан иштешүү сунуштары түшө баштайт. Акыры «Universal Music Russia» компаниясы менен «Банд`Эрос» тобу келишим түзөт. 2006-жылы аталган топ дагы бир оригиналдуу “Коламбия Пик­черз не представляет” аттуу ыры менен дүң эле дей түшөт. Бул ыр 2006-жылдын жай мезгилинин хит ыры болду десек болот. Ыр менен бирге клиби да теледен кете баштайт. Ырдын клибин белгилүү клипмейкер Хиндрек Маасик тарткан. Ыр клиби менен эфирден кетээри менен көпчүлүктүн көңүл борбо­рунан орун алып, өзгөчө жаштардын сүйүп ук­кан ырына айланат. Ырдын тексти жөнөкөй тил менен жазылса да көптөргө жагып келет. Ырдын клибинин ачылыш аземи Москвадагы белгилүү «Инфинити» клубунда өт­көн. Аз убакыттын ичинде орус шоу-бизнесин багындырган «Банд`Эрос» тобу эми дүй­нөлүк аренага чыгууну көздөөдө.

ШОУ ТАРТУУЛАГАН ТОП
«Банд`Эрос» тобунун концертин көп­чүлүк жаштар чыдамсыздык менен күтүп келишет. Анткени, бул топ өз күйөрмандарына ырларын гана тартуулабастан, ар кандай шоу уюштурууну жакшы көрүшөт. Башкача айтканда, топтогулар сахнада өздөрүн өтө эркин алып жүргөн­дүктөн, эч тартынбастан сахнада ар кандай оюндарды уюштуруп жиберишет. Топтун концерттеринин шаңдуу өткө­нүнүн да сы­ры ушунда. «Бир жолу концерт берип жатканбыз. Сахнанын жанында бассейн бар эле. Руслан бийлеп, сальто атып барып бассейнге түшүп кетти. Зал «дуу» дей эле түштү. Анан көрүү­чүлөр дагы кийимдери менен Русландын артынан сууга секире башташса болобу. Ошол чыныгы шоу болгон. Бир гана ошол учурда съёмка болбой калганына абдан өкү­нүп калганбыз. Анткени, клипке жакшы кадр болуп бермек» дейт топтун солисти Батишта.

БАТИШТА
Батишта – Россиянын шоу дүйнө­сүндөгү жаш, таланттуу жана профессионалдуу музыканттардын бири. Батиштанын хип-хоп жанрында түшүнүгү өтө кенен. Анткени, ал «Банд`Эрос» тобу тү­зүлгөнгө чейин «Децл», «Лигалайз» өңдүү хип-хоп топтору менен иштешип келген.

НАТАША
Наташа Нидерландыдагы консерваториянын жаз жана вокал бөлүмүн бүтүргөн. Төрт жыл Голландияда окуп, иштеп да келген. Ал жактан келгенден кийин чыгармачылыкка чоң кызыгуу менен киришип, Банд`Эроско кабыл алынат. Спорт менен машыкканды жактырат. Наташанын үнү гана эмес, сырткы келбети да суктанаарлык.

ИГОРЬ
Топко кошулганга чейин Игорь Москвадагы эң популярдуу клубдарда ди-джей болуп иштеп келген. «Айкидо» менен машыгат. Маданият университетинин режиссёр адистигин бүтүргөн. Учурда чыгармачылык менен кошо өзү окуп бүткөн окуу жайда болочок режиссёрлорго сабак берип эмгектенүүдө.

РАДА
Рада – кесиби боюнча тарыхчы. Топко кошулганга чейин жеке ырдап келген. Маданият институтунун имиджмейкер бөлүмүн бүтүргөн. Раданын таланты менен бирге келишимдүү келбети да арзууга татыйт. Негизи, топтун кыздарына «Виа Гранын» кыздары да суктанса болот.

РУСЛАН
Руслан – брейк бийи боюнча адис. Анткени, топко кошулганга чейин «Almost» аттуу топто брейк бийлеп келген. Ошондой эле бийдин бул түрү боюнча бир топ мелдештердин жеңүүчүсү. Анын аткарган кыймылдарын оңой менен башкалар кайталай албайт. Русландын өз кесиби юрист.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан