Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Исхак курама Абдымомун бекти катчы наиби, кыдыршаа Сулайман удайчыны казына башы, адигине Өмөр бек датканы парваначы, өз уругу бостондон молдо Мусаны ынагы, кутлук-сейит Момунду эшик ага кылды. Өзгөчө ишенимдүү Абдылла бек Коконго бек, кыпчактардан Уали менен саруу Бекназар кошуундун эки канатына аскер башы болушту. Ал хан тукумунун атын жамынбай “Исхак-хан” деп өз ысмына мөөр ойдурду.

ххх

Атакул баатыр башы колго түштү. Исхактын чаар иреңи кумсарып, көзү кайнап, каны кызып турду.
– Мени Абдырахмандын удайчылары кармаганда жанымда элең, ары карап кеттиңби ошондо? Далыңды эле көрүп калдым. Чыккынчы! Канча төлөдү Абдырахман сага? Саткын!
Атакул күнөөсүн моюндап, ажалын да моюндап башын ийкеп отурду.
– Кана, эми өзүң жазаңды айт...
– Өлүм...
Исхак шалдырап отуруп калды.
– О, атаңдын көрү, көп жолду бирге бастык эле, теңтуш элек, тилектеш элек... Сени өлүмгө берүү ушу бизге жеңилби?.. Бирак сен чыккынчысың... Кечире албайбыз! Өзүң бетиңе жугузган кара такты өзүң гана жууйсуң...
Атакул кайгылуу жылмайды, “кара тагымды кызыл каным менен жууйм го?..”
– Уктуңбу, Атакул! Өзүң бетиңе жугузган кара тагыңды... ак кызматың менен жууйсуң! Адал ниетиң, ак кызматың менен...
Исхак Атакулду Маргалаңдын беги кызматынан бошотподу. Аны жарым паша бек кылган эле. “Ошол ашыналыкты, ошол алаканы улантасың. Биз орус менен урушпайбыз, аны өзүң билесиң. Чатагыбыз ордо эле, мына, ордо бизге өттү. Өлкөнүн ээси биз. Эми биз менен сүйлөшсүн жарымпаша. Сенин вазийфаң ушу, биз менен алакага, ымга келүүгө ийгер” деди ал.
– Исхак,- деди Атакул шалдырай, – өнбөс доого жумшадың...

ххх

Ташкен шаары...
Түркстан генерал-губернаторунун мекемесинин күтүү залында чоң дивандын эки учунда эки гана адам отурду. Бирине-бири далысын салып тиктешпейт, ортодо оңолгус кастык, о дүйнөдө да жүз көрүшпөй турган таарыныч сезилет. Генералдын эшиги ачылып, штабс-капитан мундирин кийген жаш офицер чыгып, генерал бошобой жатканын, кабыл албай турганын айтты. Булар Кудаяр хан менен Насирдин хан болучу.
Ушул учурда эшиктен Атакул баатыр башы кирди. Штабс-капитан аны тааный койду:
– А-а, Маргалаңдын бегимин деңиз!.. Өзгөрүп кетиптирсиз го?.. Жүрүңүз. Бийик даражалуу жарыктык сизди күтүп отурат...
Үч күндөн бери кабыл алынбай отурган эки хан аң-таң болуп кала беришти.
Кудаяр да, Насирдин да оюндан чыкты. Эми губернатор кимге таянат? Күчүк да болсо өстүрүп ит кылып, мына ушул Атакул өңдөнгөн ийкемдүү адамдарды колго алуу керек эле. Алар губернаторго ордону талашууга укук болуп бере албаса да, көтөрүлүштү өз ичинен ыдыратып, былгытып, ынтымагын кетирүүгө жарамак. Бул элдин кимиси гана болбосун көтөрөм десең алына, акылына карабай көтөрүлөм дей берет. Ал үчүн баарына кайыл, от кеч десең от кечет, сууга чөк десең сууга чөгөт. Атакул ким? Темтейген бир айбан. А Маргалаңга бек бол десең акылдап жүгүрдү. Тагдыры кан менен кошулган үзөңгүлөштөрүн сатты. Былк эткен жаңылыкты күндү күн, түндү түн дебей жеткирип турат.
– Иш кандай? Жакшыбы? А жакшы болсун. Жалган хан кандай? Сизге тийген жокпу? Тие албайт. Кам көрөбүз. Жакында ал кара өзгөй күм-жам кылынат. Сиздей баатырлардын көмөгү зарыл.
Тилмеч которду.
– Улук төрөм... Таксыр... Жаман ой албагыла, улук төрөм, менде эч кеп жок... Исхак кеп салат, эгер урматы улук төрө жарымпаша макул болсо жүз көрүшсөм дейт, орус менен ата-бала бололу дейт... Менде эч кеп жок... Чыны ушул ки, Исхак Кудаярга, Кудаярдын тукумуна гана эрегишип чыккан адам. Кудай акы, Исхак элге тынч хан болот. Ошон үчүн эл артынан ээрчип жүрбөйбү, Кудаярдан алда канча жакшы хан болот...
Тилмеч которду. Генерал фон Кауфман эрдин бек кымтып, томсоруп тиктеп калды. “Гм... ууру качан да болсо ууру бойдон калат! Оозуна Исхагы кайра кирип калган турбайбы. Кудаярдан жакшы хан болот? Хи, биз силерди жакшы хандуу болсун деп келип отурган экенбиз го?!” деди ичинен.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adik01219
2015-06-25 15:54:20
Жакшы жерине келди узбой окуп келе жатам
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан