АЙДООЧУ МАИЧИНИН ОГУНАН КАЗА ТАПТЫ

11-июнь түнү Чүй облусуна караштуу Беловодск айыл аймагынан Жол кайгуул кызматынын кызматкери 23 жаштагы жигитти атып салды. «Адамды ит аткандай атып салат деген эмне тамтык? «Карга карганын көзүн чукубайт» кылып ишти жаап салбай, укук коргоо органдары акыйкат чечим чыгарышын күтөбүз» дейт маркумдун туугандары.

«КАЛЫСТЫК БОЛБОСО ӨЗҮМ ӨЛТҮРӨМ»
Маркум Тилек Шабаев жерге берилген. Уулунан айрылып буурчактап аккан көз жашын тыя албаган атаны кайдигер карап туруу мүмкүн эмес. Маркумга куран түшүргөн соң, атасы Шурубек Шабаев «балама ушинтип алакан жайып куран окуп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес» деп окуя тууралуу айтып берди.
– Уулум Тилек 1992-жылы туулган. Апасынын каза болгонуна жыл да айлана элек. "Апамдын ашын бергенден кийин үйлөнсөмбү?" деп жүргөн эле. Тилек Москва райондук мамлекеттик каттоо кызматында иштечү.
11-июнь күнү эртең менен жумушка кеткен. Мен аны дайыма эртең менен "жумушка бар" деп ойготчумун. Кечиккенине кабатыр деле болгон жокмун. Анткени ал жумуштары бүтпөй калса кечке чейин калып иштей берчү. Түн кирип калганда улуу балама кесиптештери телефон чалып, "иниң автокырсыкка кабылды" дешиптир. Ызы-чуу түшүп ооруканага бардык. Балам өзүнө келет деген үмүтүм эң акыркы болуп өчтү. Жандандыруу бөлүмүнүн врачтары аны сактай албай калышканын угузушту.
Күбөлөрдүн айтымында, уулум өзүнүн Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасына кесиптештерин салып, жумуштан кийин эс алууга барышыптыр. Кечки саат 21:30дар чамасында аларды үйлөрүнө жеткирүүгө бара жаткан экен. Ошол маалда Жол кайгуул кызматкерлери кызматтык эмес, жеке менчик унаасы менен кууп келип, уулумду токтотууга аракет жасашыптыр. Айласы жок токтогон уулумду алардын бири эч кандай эскертүү бербей эле атып салыптыр. Айдоочу отурган тараптан, оң жактан келип аткан экен, ок Тилектин колун тешип өтүп, боор, ашказанын жойлоп барып кабыргага такалып калыптыр. Ушул алган жаракатынын айынан ичине кан толуп, кан басымы түшүп, эсине келбей каза болду. Тилекти аткан Вахиджан Салимбаев деген МАИ кызматкери тергөөдө берген көрсөтмөсүндө «Унаанын айдоочусу тосконубузга жана жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай жогорку ылдамдыкта айдап өттү. Биз артынан кубалап айдасак, ылдамдыгын ого бетер жогорулата берди. Айдоочуну токтотуу үчүн биринчи асманга ок аттым. «Токто, атам!» деп эскерттим. Шабаевдин көрсөткөн каршылыгынан жыгылып бара жатып тапанчамдан дагы бир ок атылып кетти» деп көрсөтмө бериптир. Ушул кантип болсун? Ишти дагы «карга карганын көзүн чукубайт» дегендей, эптеп-септеп чампалап жаап салбасын деп Асыл-Баш айылынын эли, туугандары, кесиптештери баары биригип прокуратуранын алдына чогулдук. Мага баламды аткан Салимбаевди көрсөтүштү. «Баламды эмнеге аттың, айтчы?!» десем, «Кечирип коюңуз, байкабастыктан кырсык болуп атып алдым» деди. Ушинтип эле кызмат абалынан пайдаланып, адамды итче көрбөй ата берген болчу беле?
Демократиялуу өлкөдө эч качан бейчеки адам өмүрү кыйылбашы керек болчу. Баламдын өлүмү мени мындай ишенимден тайдырды. Эгер менин баламды аткан кызматкерди жеңил жаза менен бошотуп жиберсе, анын өмүрүн өзүм кыюудан кайра тартпайм!

«ТИЛЕК ИЧИМДИК ИЧКЕН ЭМЕС»
Окуя болгон убакта маркумдун жанында чогуу болгон кесиптештеринин бири КЕРИМ АКМАТОВ окуяны төмөнкүчө сүрөттөп берди.
– Тилек мага инимдей эле болуп калган. Ал улуулардын айтканын эки кылчу эмес. Ошол күнү Тилектен башка дагы 3 кесиптешим болуп тамактанып, ичимдик ичкенибиз да чындык. Бирок Тилек унаа башкарып жүргөндүктөн ичкен эмес. Кечинде ал баарыбызды жеткирип коёюн деген. Бир маалда ал «күзгүдөн карасам бизди жанатан бери эле бир унаа аңдып келе жаткандай болуп жатат» деп калды. Ылдамдыгын жогорулатты, бирок тигил унаа артыбыздан калган жок. «Качайынбы, эмне кылайын?» деп бизден сураганынан биз да эмне кылышыбызды билбей, «токтобой эле кой» дедик. Кандай унаа, ичинде кимдер бар, балким, карасанатайлык менен бизди бир нерсе кылып, унаабызды тартып алалы деген немелерби деп оюбузга ар нерсе келди, корктук. Бир маалда катарлаш келип калган унаанын ичинде МАИнин формасын кийген киши бар экенин көрдүк. Ошондо гана бизди кубалап келе жаткан унаада МАИ кызматкерлери бар экенин билип, Тилек унаасын токтотту. Бирок көз ачып жумгуча ичинен бирөө түшүп келип Тилек отурган жактын терезесинен аны атып таштады. Сынган айнектин майда бөлүкчөлөрү бизге чачырап кетти. Тилек тырмалап жатып эшикти ачып, жерге кулап түштү.
Баарыбыз дендароо болуп эле туруп калдык, унаадагы кыздар кыйкырып ыйлай башташты. 15-20 мүнөт аралыгында МАИ кызматкерлери өздөрүнүн унаасына Тилекти салып, ооруканага алып кетишти. «Тез жардам» чакырабыз дегенибизге алар көнгөн жок. Жарым сааттан ашык убакыттан кийин алардын кызматтык унаасы келип, бизди прокуратурага алып жөнөштү. Менчик унаалары менен эмнеге антип кубалашат? Эгер патрулдагы унаа болсо, биз деле Тилекке качпа демекпиз да.

«ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ»
Учурда Тилек Шабаевди атып өлтүргөн Москва РИИБинин Жол кайгуул кызматынын кызматкери 2 айга камакка алынган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын инспектору ТИЛЕК ОТОРОВ билдирди:
– Бул ишти Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы иликтеп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Маркум Шабаев кызыл жарыктан өтүп кеткенби же ичимдик ичкенби мунун баары тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Ал эми биздин кызматкерге келсек, анын айтымында, Тилек Шабаев салонуна ичимдик ичкен адамдарды салып алып, Жол кайгуул кызматкерлеринин тосконуна токтобой, башкаларга коркунуч жараткан жогорку ылдамдыкта айдап бара жаткан.
Ооба, орган кызматкерлеринин укук жана милдеттеринде көрсөтүлгөн алгач асманга ок атуу же унааны токтотуу аракетинде дөңгөлөккө атуу сыяктуу ыкмалар Жол кайгуул кызматкери тарабынан аткарылган эмес. Анын үстүнөн прокуратура тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кайгуул кызматкери тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айдоочу МАИ кызматкеринин огунан каза болду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
elburs82
2015-06-23 19:33:21
Жаткан жери жаннаттан болсун!
0
Jaka1978
2015-06-23 23:58:53
jaka1978;жаткан жерин жайлуу болсун
0
arash96
2015-06-24 10:31:03
Озу Кыргызстандын маичилери абдан тартиби жок.Мен Кыргызстанда жургондо правасы жок шаар айланып журсом маи токтотту .Салондо москвадан алып барган бир блок сигарет бар эле.Эки почка берип койсом документ сураган да жок.Мен корктум эле машинаны алып коёт деп.
+1
AizaSumaya
2015-06-24 11:18:52
Эшектин этин жешти Бир дун болдук башка элге
Эми минтип ит айткандай эле атып салганы дагы Бир дун кылды го теги Бизде кандай Заман болуп баратат Сокулукта да трассада эмес кочолордо эле бекинип туруп алышканын коп кором гаилердин президенттибиз да конулу болоттур Бул окуядан сон
+1
rus9203
2015-06-24 14:50:10
Jatkan jeri jailuu bolsun.4ynynda tuugandar mai4ilerdin kursagy a4kanda jolsun boiuna.uuga 4ygat kursagy toigonda adamdardy tonogongo otot karapaiym eldi
0
rus9203
2015-06-24 14:50:45
kyinait.
0
ne-gramytnyi
2015-06-24 15:05:11
Булар мафия болуп алышканго бир эки жылга камаа анае коёберетда колдорунан эчтеке келбейт деп корком.
0
Jigitronic
2015-06-24 15:35:07
Ал эч нерседен түшүнүгү жок,чабан болуп жүргөн жеринен эле МАИ кызматкери болуп алган неме окшойт.Кинодон милицияларды көрүп алып эле ошондой болсо керек деди да.Андай сабатсыз дагы канча МАИ бар экенин бир кудай билет.
0
soccer_boy95
2015-06-24 15:58:34
Менттер ХХХ ХХХ
+1
admin_media
2015-06-24 17:36:17
soccer_boy95,
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
0
kubinez
2015-06-26 18:10:10
Бул жакта МАИчинин куноосу 100% билинип жатат озунун кызматык укугу менен пайдаланып жаш баланы иттей эле атып салып жатпайбы кантип эле капыстан эле атып алсын. Эми ушуга туура чечим чыгарып Куноолулор оз жазасын 100% пайыз алыш керек. Негизи акыркы убакта МАИчилер абдан кооп кеткен. Бул чындык муну моюнга алыш керек...
0
007muni
2015-06-27 22:20:29
Байкуш маркумдун жаткан жери жайлуу болсун омииин!

Ал эми МАИ кыхматкерлерине келсек аларга мамлекет тарабынан эркиндик бериле баштаганынан бери чоноюп келе жаткан курсактары эки эсе чонойо баштады десек жанылпайм!

Ошондой эле быйыл Россияда иштегендердин стройкасы журбой эле ГАИде иштегендердин стройкасы катуу журуп жатат. Себеби жеке машина же аялынын машинасы эмес жон гана велосипед минип алып деле тосуп жатышпайбы эптеп бир шылоону айтып таягын которуп!
0
007muni
2015-06-27 22:23:04
анан да мамлекет ГАИде иштегендерге эркиндик берээрден алдын жолдорун жакшылап ондоп койсо болмок. ГАИлер ар шылтоону айтып чогулткан акчалынан жок 10% мамлекеттин казнасына берип турушканда жолдор толук турдо ондолоор эле
0
007muni
2015-06-27 22:29:06
Бул ГАИ кызматкерин турмодогулор оздору бир сонун тартипке келтиришип коюшат!
0
ooki8888
2015-07-04 22:04:41
Эки жак тен куноолуу.
0
dasta
2015-09-25 17:50:12
кыскасын айтканда пара коорчулук та
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан