Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин чакыруусу менен 6-июндан 14-июнга чейин кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү бул өлкөнүн маданияты, каада-салты, туризм тармагы менен жакындан таанышып кайттык. Бир нече ири улуттардын башын бириктирип, тынчтыкта, биримдикте, өнүгүүнүн үстүндө келе жаткан Малайзия өлкөсүнө болгон сапар жакшы маанай, пайдалуу маалыматтар менен коштолду.
ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ...
"ЭҢ МААНИЛҮҮ ДЕП ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРДҮК"
Эл аралык туризмди өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары ИСХАК ИСМАИЛ: – Биз алгач өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө туризмдин ролу кандай экенин изилдеп чыктык. Ошого жараша эң маанилүү деп тейлөө тармагын өнүктүрдүк. Азыркы учурда тейлөө тармагында Малайзия дүйнө жүзү боюнча 13-орунда турат. Албетте, туризм өнүгүшү үчүн өлкөдө ыңгайлуулуктар түзүлүшү керек. Бул үчүн спорт, шоппинг, эс алуучу жайлар жана башка тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Эске сала кетчү нерсе, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары 30 күндөн 90 күнгө чейин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 90 күнгө чейин бул өлкөдө эркин жүрүшөт.
«ЧЕТ ЖЕРДЕН ИНВЕСТОР ТАРТУУ ҮЧҮН ӨЛКӨДӨ СТАБИЛДҮҮЛҮК БОЛУШУ КЕРЕК»
Сапарыбыздын аягында Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин босогосун аттап, элчи КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ журналисттерди кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди:
– Кылычбек Камчыевич, Малайзиядагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
– Малайзияда болжол менен 1000дей кыргыз жараны бар, алардын ичинен 200дөйү каттоого турса, көпчүлүгү келишпейт. Анткени каттоого туруу милдеттүү түрдө эмес, өз каалоосуна жараша жүргүзүлөт. Бирок кандайдыр бир чукул кырдаалдарда өзүлөрүнүн эле кызыкчылыгы үчүн каттоого туруп койсо ашыкча болбойт.
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Мен өзүмө бир нече милдеттерди коюп алдым. Биринчиси – кыргыз диаспорасынын башын бириктирүү.
Дагы бир аракет эки өлкөнүн ишкерлерин байланыштыруу үчүн түз авиакаттам түзүү. Бул жердин ишкерлерине, маалымат каражаттарына, бийлик өкүлдөрүнө биздин жердин артыкчылыктарын айтып, аларды кызыктырууга аракет кылып жатабыз. Кызыгуу болбосо эч кимди мажбурлап алып бара албайсың да.
Кийинки аракет Кыргызстанды таанытууда эки жактын маалымат каражаттарын тартуу, байланыш түзүү. Малайзияны маалымат менен камсыздап турган эки ири компанияга бардыңыздар, ишмердүүлүгү менен тааныштыңыздар. Мен келгенден бери ушул маалымат булактарынан кичинеден болсо да Кыргызстан тууралуу маалыматтар чыга баштады. Сиздер келип байланыш түздүңүздөр, эми маалымат алмашып турсаңыздар, бул кыргыз мамлекетин Малайзияга тааныштырууга өбөлгө болот. Андан сырткары кыргыз мамлекетин жарнама кылуу максатында бул жердин маданият өкүлдөрүн, журналисттерди Кыргызстанга алып барып келүү ойлорубуз бар.
– Кыргызстанга ири көлөмдө инвестиция тартуу, экономикалык байланышты чыңдоо үчүн эмне керек?
– Баарыбыз эле билебиз, чет жерден инвестиция тартуу үчүн өлкөдө стабилдүүлүк анан мыйзамдуулук болушу кажет. Бизде бир жаңылыш ой калыптанып калган, инвесторлор биздин байлыгыбызды алып кетет деген. Буга эл күнөөлүү деп айта албайм, чиновниктер күнөөлүү. 90-жылдардан бери бийликке, чиновниктерге болгон ишеним азайды. 25 жылдан бери кризис болуп келе жатат. 90-жылдардын башында Малайзия менен салыштырганда бирдей эле деңгээлде болчубуз. Бул аралыкта Малайзия алдыга өнүксө, биз тескерисинче артка кетип жаттык. Бийликтеги адилетсиздиктен улам 2 жолу бийлик күч менен алмашты. Өлкөдө стабилдүүлүк орносо, адилеттүү бийлик элди башкарса эле инвесторлор келет.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg