Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыкканына 22 жылдан ашты. Андан бери бир нече ирет жаңы сериядагы банкноттор чыгып, улам барган сайын жаңыртылган акчанын заманбап коргоо белгилери жогорку сапатта жасалып жатат. Бул азыркы учурда өтө маанилүү. Анткени акчадан пайда табуу көпчүлүк кылмышкердин көздөгөн максаты болуп саналат.
«Адамдан амал качып кутулбайт» демекчи, айрым алчы-таасын жеген шылуундар иштеп убара болбой эле, жасалма акча жасай салып, бир саатта байпагы манат болуп чыга келгенди эп көрүшөт. Бирок жасалма акча жасоо оор кылмыш. Ошондуктан бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти Курманалиев ЭМИЛ АСАНКУЛОВИЧ менен маектештик.
– Саламатсызбы?! Алгач өлкөбүздөгү 2014 жана 2015-жылдын май айына чейинки жүгүртүүдөн алынган жасалма акчалардын статистикасына токтоло кетсеңиз?
– Саламатчылык! Жакшы болот, 2014-жылы Кыргызстанда 226 жасалма банкнот улуттук валютада жасалып, анын жалпы суммасы 214 010 сомду түздү. Жасалма акча жасагандар арасында адаттагыдай эле 3-сериядагы орто жана жогорку номиналдагы банкноттор жасалууда.
Үстүбүздөгү жылдын 5 айында 21 жасалма акча жасалып, анын жалпы суммасы 18 530 сомду түзгөн. Бул статистика банк системасында гана аныкталган маалымат. 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында толук маалымат даярдалат.
Жүгүртүүдөн көбүрөөк алынган жасалма банкноттор бул 3-сериядагы 1000 жана 500 сом номиналындагы банкноттор болуп саналат. Башка банкноттор деле жасалып жүгүртүүдөн алынууда, бирок алардын саны жогорудагы номиналдарга караганда азыраак болгону байкалууда.
Жасалма акча жасагандар жогорудагы айтылган номиналдарды төмөндөгү себептерден улам жасашат, 3-сериядагы банкноттор 2000-жылдан бери жүгүртүлүүдө, бул банкноттордун кээ бир көзгө көрүнгөн коргоо элементтерин окшоштуруп жасоо технологияларын өздөштүрүп, ошондон улам жогоруда айтылган сериядагы жасалма банкноттор көбүрөөк кездешүүдө.
– Жасалма акча биздин экономикабызга коркунуч туудурушу мүмкүнбү жана анын деңгээли кандай?
– Негизинен жылына орточо эсеп менен 150-250 даана жасалма акча улуттук валютада жүгүртүүдөн алынат. Бул көрсөткүч биздин өлкөбүздүн экономикасына коркунуч туудурат деп айтууга болбойт, себеби өлкөдөгү жасалма акчаны жүгүртүүдөн алынган деңгээли дүйнөлүк стандартка ылайык бир миллион даана нак акчага карата жасалган жасалма акчанын саны эсептелинет (ж.а./млн.). Улуттук валюта чыгарылган жылдан тартып ушул күнгө чейинки аралыкта жүгүртүүдөн алынган жасалма акчанын үлүшү жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасынан 0,01 пайыздан ашкан эмес.
2014-жылы Кыргызстандагы жасалма акча жүгүртүүдө жүргөн бир миллион нак акчага 1,3 жасалма акча туура келген. Бул төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Салыштырып көрсөк, мисалы, Орусия Федерациясындагы жасалма акча жасоонун деңгээли ушул эле отчёттук мезгилде жүгүртүүдө жүргөн бир миллион банкнотко 12 жасалма акча туура келген. Ал эми Казакстанда 7,6 жасалма акча бир миллион жүгүртүүдөгү банкнотко туура келген.
2014-жылы жасалма банкноттор өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кездешти. Анын көпчүлүгү Бишкекте кездешип, Талас, Жалал-Абад жана Ош шаарларында да катталган.
– Кыргызстанда жасалма акча жасап кылтакка илинген учурлар барбы?
– Бар, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин маалыматына ылайык, 2014-жылы Бишкек, Талас, Жалал-Абад жана Ош шаарларында жасалма акачага байланышкан окуялар катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 198-беренсине ылайык, Кыргызстандын алты жараны жоопко тартылган.
– Жасалма акчаны албоо үчүн аны карапайым адамдар кантип биле алышат жана жасалма экендигин билсе каякка кайрылуусу керек?
– Калкыбыз бул маселеге кайдигер мамиле жасашат. Адатта соода-сатыктан кайтарылып алынган банкнотту жакшылап карабай, көпчүлүк учурда санап гана, кээде кассирдин санаган колдорун карап гана тим болушат да, акчаны капчыкка же чөнтөккө салууга шашышат.
Жасалма акчанын сапаты ар кандай. Бирок анын 80-90 пайызы кадимки эле түстүү агымдуу принтерлерде басылып, банкноттогу сүрөттөр сканерден түшүрүлүп, кадимки эле колдонулуучу кагаздарга басылып, айрым бир коргоо элементтерин окшоштуруп көчүрүү менен жасалган. Айрым учурда жасалма акчаларды чыныгы акчалардан айырмалоо татаал жана кыйыныраак. Ал үчүн атайын жабдык, аппараттар керек болот. Бирок жасалма акчалардын көпчүлүгү жогорудагыдай чеберчиликте жасала бербейт. Ошондуктан аларды окшоштурууга аракеттенишет. Айрым учурда окшоштуруулар өтө одоно, көзгө көрүнүп турса да, калктын кайдигерлигинен, алар көзгө илинбей айланууда жүрө берет.
Жасалма акча жасагандар биринчи кезекте көзгө көрүнгөн коргоо элементтерин окшоштуруп көчүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан эл биринчи кезекте текшерип караган коргоо элементтерин, тагыраак айтсак, суу белгилерин, коргоо тилкесин жана фольганы окшоштуруп көчүрүп келишет. Жасалма акча жасагандар банкнотторго атайлап эскирген түр берип, жасалма экенин жашырууга аракет жасашат. Сырткы түрүнүн окшоштугуна карабастан, эгерде улуттук валютанын негизги коргоо элементтерин билсең, жасалма акчаны нак акчадан айырмалоо жеңил эле.
Эгерде сиз банкноттун анык экендигинен шектенсеңиз, анда аны аныктоо үчүн ошол номиналдагы шек туудурбаган акча менен салыштыруу зарыл. Салыштырууда суу белгисине көңүл буруп караңыз, анда чыныгы акча менен жасалма акчанын айырмасын көрүүгө болот. Чыныгы акчанын суу белгиси дароо эле таза жана ачык болуп көрүнөт, жарыкка салып караганда күңүрт болуп көрүнөт. Ал эми жасалма акчадагы суу белгиси дароо эле күңүрт болуп, жарыкка салып караганда да өзгөрбөй күңүрт бойдон кала берет. Ошондой эле бир гана коргоо элементин карап ишенүүгө болбойт. Ал үчүн сизге белгилүү болгон үч-төрт коргоо элементтерин дагы текшерүү зарыл:
Эгерде сиздин колуңузга шектүү банкнот туш болуп калса, аны укук коргоо органдарына (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) берүүгө тийишсиз. Же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырсаңыз, анда эксперттер бул акчалардын аныктыгын текшерип беришет.
– Мыйзамда жасалма акча жасоо боюнча кандай жазалар каралган?
– Биринчиден, шектүү банкнотту жүгүртүүгө чыгарууга жол бербеңиз. Себеби жасалма акча жасоодо гана эмес, аны жүгүртүүгө чыгарууда да мыйзам тарабынан жазага тартуу каралган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 198-беренсине ылайык, жасалма акча жасоо, сактоо жана аны жүгүртүүгө чыгарууда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.
Ошондой эле ири суммада жана бир топ адамдар тарабынан жасалганы аныкталса, андан да катаал жаза колдонулат. Мындай учурда он жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.
Шектүү банкнотторду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дүйшөмбүдөн жумага чейин иш күндөрү күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат. Экспертиза жасап бергендиги үчүн жарандардан акы алынбайт. Эгерде шектүү делген банкнот жасалма эмес, анык болсо, анда ал ошол номиналында жаранга кайтарылып берилет.
– Маегиңизге рахмат!
Ибрагим Жусуев