Айя Садырованын көптөн бери көрүнбөй калганы көпчүлүккө табышмак болуп жүргөн. Көрсө, жаш жылдыздардын катарынан калбайын деп өзүнүн жеке концертине даярданып жүргөн окшобойбу. Анын репертуарларындагы ырларын жаңыртуу менен имиджин өзгөрткөнүнө концерти далил боло алды.
Залга киргенибизде алгач эле сахнанын жасалгасы көзгө урунду. Чыгыш мунараларынын элесин чагылдырган сахна жасалгасы талапка ылайык кооздолуптур.
Алгач сахнага концерттин алпаруучулук милдетин аркалаган Ассоль айым менен анын шакирти Урмат Усенов чыга келишти. Ассоль айымды коштоп ырчы Урмат Усеновдун чыгышы ырчынын күйөрман кыздарына «приятный сюрприз» болду.Концерттин алгачкы номеринде көптөн күттүргөн Айя Садырова чыкты. Негизи, концертте анын орусча ырлар менен кошо кыргыз тилинде да ырдаганы сүйүндүрөөрлүк көрүнүш болду дейт элек. Ырчынын мукам үнү, сахнада өзүн алып жүрүүсү көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп жатты. Ошондой эле Айянын бий өнөрү да өзүнчө сөз кылууга арзыды. Бийдин көптөгөн түрлөрүн бийлеп, айрыкча жигиттердин бүйүрүн кызыта алды.
Аталган концертте жалаң Ассоль айымдын шакирттери: Салкынай Алиева, Латиф Шах, Урмат Усенов, Айжан Газиева, Аида Баякова жана башка таланттуу улан-кыздар катышып, концерттин көркүн ачышты.
Ассоль айым «фабриканттарынын» имиджине, кийимине көп көңүл бураары элге белгилүү эмеспи. Көпчүлүгү Ассоль «апасын» туурап кызыл түстө кийинип чыгышканын да байкадык. Көзгө көнүмүш болуп калган жаш ырчылар Султан Садыралиев, Темир Назаров, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Иманбековдор негедир концертке келген жок.
Калың элдин сүрүнөн уламбы, ырчы кызыбыз бир топ апкаарып жатканын байкадык. Кээде микрофонунун белине тагып алган мини аккумулятору ыргыса, бирде кулагындагы наушниги ийнине түшүп калганын байкабай ырдап, айтор, бир канча жолу ыңгайсыз абалда калды. Мындай «техникалык маселелер» улам кайталанып, ал үчүн ырчы кызыбыз залда отургандардан кечирим сурагандан тажаган жок.
Ошентип, анча-мынча кемчиликтерге карабай ырчы кызыбыздын бул жеке концерти уюштуруучулук жагынан болсун, аткаруу жагынан болсун эң мыкты деген баага ээ болду.
Толик Сынчы