Биз социалдык тармакта

ГАЗ КЫМБАТТАЙБЫ?

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын башчысы Болот Абилдаевдин айтымында, ишкана өкмөттөн көгүлтүр оттун тарифин карап чыгууну суранды. «Азыркы тариф дотациялык болуп саналат. Ал компаниянын чыгашасын жабууга жетпейт. Өкмөт менен жакынкы 3-5 жылга тарифтик саясатты иштеп чыгуу керектиги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз ар ай сайын тарифти 3-5 пайызга жогорулатууну сунуштадык»,- деди Абилдаев.
Июнь айына карата жаратылыш газынын тарифи калк үчүн 1 метр кубга 13 сом 59 тыйын, өндүрүштүк ишканалар, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн 1 метр кубга 16 сом 73 тыйын деп бекитилген.

Эльвира Караева
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан