Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖОЛБОРС ЖЫЛЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛГОН?

№374 1-7-январь, 2010-ж.


Тарых барактарында

Жолборс башка жаныбарлардан сабырдуулугу жана ууга чыкса чоң олжосуз кайтпастыгы менен айырмаланып турат эмеспи. Артка кылчайып тарых барактарына көз чаптырып отуруп, жолборс «бийлик жүргүзгөн» жылдарда чындыгында чоң ийгиликтер жаралгандыгына ынандык. Алсак, бизде борбор шаарыбыздын түптөлүшүнөн баштап андагы кинотеатрлардын, Спорт Ордосунун ачылышы, космоско учкан биринчи кыргызстандык космонавт жана Дүйнө чемпиону аталган спортчуларыбыздын жетишкендиктери да дал ушул жыл менен тыгыз байланыштуу.

1914

Кыргызстанда

  • Пишпекте “Эдисон” кинотеатры ачылган.

Дүйнөдө

  • Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Ири державалар ортосунда 4 жылга созулган дүйнөнү кайра бөлүштүрүүдө аскер күчтөрүнөн тышкары оору жана ачарчылыктан 20 миллиондон ашуун адам каза тапкан.
  • 15-июнда көп жылдар бою СССРде КГБнын жетекчиси болгон, кийинчерээк СССРдин
    КПБК­сынын 1-катчысынын (1982-1984) милдетин аркалаган Юрий Андропов төрөлгөн.


1926

  • 1-февралда Кыргыз Автономиялуу облусу Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлгөн.
  • 5-апрелде Пишпек шаары Фрунзе деп өзгөртүлгөн.
  • 15-сентябрда балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жарык дүйнөгө келген (каза болгон жылы – 1973-жыл).

Дүйнөдө

  • 5-ноябрда 8 жылда бир пайда болуучу Комас Сола кометасы ачылган.
  • 13-августта легендарлуу Фидель Кастро жарык дүйнөгө келген.


1938

Кыргызстанда

  • Фрунзеде “Ала-Тоо” кинотеатры ачылган. Ошондой эле темир жол вокзалы иштеп баштаган.
  • 1937-жылкы сталиндик репрессиялар 1938-жылы да уланып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган инсандар анын курмандыгына айланышкан. Ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Орозбек Абдыкадыров, Төрөкул Айтматов жана башкалар болгон.

Дүйнөдө

  • Учурда дүйнөдө нефтини экспорттоо боюнча алдыңкы орунда турган Сауд Арабиясында биринчи жолу нефть кен байлыгы бар экендиги аныкталган.
  • 9-январда италиялык актёр жана ырчы Адриано Челентано, 25-январда орусиялык актёр жана акын Владимир Высоцкий, 8-апрелде БУУнун 7-Генералдык катчысы (1997-2006) ганалык Кофи Аннан жарык дүйнөгө келишкен.


1950

Кыргызстанда

  • Быстровка-Балыкчы багыты боюнча темир жол иштеп баштаган.

Дүйнөдө

  • 7-апрелден тарта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгилене баштаган.
  • 17-июнда америкалык хирург Ричард Лоулер биринчи жолу адамдын бөйрөгүн трансплантациялоо боюнча операция жасаган.
  • 8-мартта – СССР бүт дүйнөгө атом бомбасы бар экендигин жар салган.
  • 25-июнда Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда Корей жарым аралында үстөмдүк кылуу үчүн Корей согушу башталган.
  • Формула-1 боюнча Англияда 1-жолу Дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн.


1962

Кыргызстанда

  • Фрунзеде чыгыш автобекети ачылган.

Дүйнөдө

  • «Планеталардын парады» – Астрономияда Күн системасына кирген объектилердин (планета, комета, астероид ж.б.) асман координаталар системасында бир узактыкта жайгашуусу.
  • Жердин саясий картасында 2 жаңы көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Алсак, 1-январда Батыш Самоа жана 31-августта Тринидад жана Тобаго көз карандысыздыгын жарыялаган.
  • 15-октябрда Кариб кризиси келип чыккан. Советтик аскерлердин Эркиндик аралы аталган Кубада жайгаштырылышы АКШ–СССР чырын туудуруп, дүйнөнү ядролук согуш коркунучу алдында калтырган. Натыйжада, 13 күндөн кийин СССРдин Кубадан аскердик ракеталарын алып чыгып кетүүсү менен аяктаган.
  • 21-июнда орусиялык “Кино” тобунун лидери ырчы Виктор Цой туулган.
  • 5-августта америкалык киножылдыз Мэрилин Монро дүйнө салган. Өзүн-өзү өлтүргөн бул айымдын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбаган сыр бойдон. “Ал өзүн-өзү өлтүрбөй эле киши колдуу болгон” деген маалыматтар да бар.


1974

Кыргызстанда

  • 14-августта Фрунзеде “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ачылган.
  • 23-октябрда “Манас” аэропортунун учуп-конуучу тилкеси ишке берилген.
  • Фрунзеде көп багыттуу Спорт Ордосу иштеп баштаган. Башында ал Владимир Лениндин атын алып жүрсө, 1993-жылдан бери Кожомкул атында.

Дүйнөдө

  • Дал ушул жылы Жердин калкынын саны 4 миллиардга жеткен.
  • 14-декабрда БУУ согуштук аракеттер учурунда аялдарды жана балдарды коргоо боюнча атайын декларация кабыл алган.
  • 27-январда норвегиялык легендарлуу лыжачы жана биатлончу, 5 жолку Олимпиада жана 14 жолку Дүйнө чемпиону Уле Эйнар Бьерндален туулган.
  • 18-июнда советтик аскер башчы, Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуков көз жумган.


1986

Кыргызстанда

  • Ал эми бул жыл болсо кыргыз спорту үчүн 2 мыкты чемпионду жарык дүйнөгө алып келген. Дал ушул жылы төрөлгөндөр – бильярдчы Каныбек Сагынбаев 2007-жылы Дүйнө чемпиону аталса, арадан бир жылдан кийин балбан Руслан Түмөнбаев Бээжин Олимпиадасында коло медаль тагынды.

Дүйнөдө

  • 26-апрелде Украинадагы Чернобыль АЭСин­де тарыхта болуп көрбөгөндөй жарылуу болгон.
  • 12-февралда СССРде АЗЛК­да Москвич үлгүсүндөгү алгачкы 2141 унаасы чыгарылган.
  • 19-февралда Орбитага советтик Мир космостук станциясынын алгачкы модулдары алып чыгарылган.
  • 22-ноябрда Майк Тайсон Лас-Вегаста Тревор Бербикти жеңип, алгачкы жолу Дүйнө чемпиону аталган.


1998

Кыргызстанда

  • 1998-жылдын 23-январы Кыргызстандын тарыхында улуу дата. Анткени бул күнү кыргызстандык 1-космонавт Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын курамында космоско учкан. Ошондо ал космосто баш-аягы 8 күн 19 саат 46 мүнөт жана 54 секунд болгон. Ийгиликтери үчүн Орусиянын жана Кыргызстандын баатыры наамын алган.

Дүйнөдө

  • Улуу Британияда өлүм жазасы узак талкуудан кийин алынып салынган.
  • 13-майда Индия ядролук куралын сыноодон ийгиликтүү өткөрүп, ядролук куралы бар 9 өлкөнүн (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Израиль, Франция, Индия, Пакистан, Түндүк Корея) катарына кошулган.
  • 15-апрелде Камбоджанын КПсынын 2-Генералдык катчысы, премьер-министр, бийликте турган 3,5 жыл ичинде өз элин геноцидге кабылткан (3 миллион камбоджалыкты кырып жок кылган) Пол Пот (чын аты-жөнү Салот Сар) көз жумган.
  • 6-декабрда Венесуэлада президенттик шайлоодо Уго Чавес жеңишке жетишкен. Учурда ал өлкөнүн 52-президенти жана экинчи мөөнөтүн (2013-жылы аяктайт) өтөп жатат.


ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • 1758-жылы – Тарыхта биринчи жолу Кыргыз–Кытай кагылышуусу болгон.
  • 1770-жылы – Казак ханы Аблай Талас жана чүйлүк кыргыздарга жортуул жасагандыгы маалым.
  • 1878-жыл – Учурдагы борборубуз Бишкек шаары негизделген жыл катары каралат. Ошондо уезддик администрация Токмоктон Пишпекке көчүрүлгөн.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: