КАЙСЫ КЕСИПКЕ СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ?

Абитуриенттер үчүн кесипти туура тандоо бүтүндөй өмүрүнө тете жоопкерчиликтүү маселе. Себеби сиздин бүгүнкү тандооңуз эртеңки келечегиңиздин пайдубалын курат. Демек, жети өлчөп бир кесүү керек.

КЕСИПТИК-ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМДИН ПАЙДАСЫ КӨБҮРӨӨК
Мектепти жаңы аяктаган убак – бул жалындап турган чак. Амбиция баштан ашып, кыялдарды ишке ашыруу оңой эле иштей көрүнөт. Бирок ал-акыбалды терең анализдеп, анан келечекке кадам таштабасаңыз, кыялдардын быт-чыты чыгып, алтындай убактыңыз текке кетип, өзүңүзгө пайдасы тийбеген кесиптин ээси болуп калышыңыз ыктымал.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен жакынкы 2 жылга суроо-талапка ээ боло турган кесиптерди атады. Жакынкы 2 жылда төмөнкү кесиптин ээлерине жумуш табуу кыйла жеңил болот: тигүүчү, сатуучу, автослесарь, агроном, официант, ветеринар, ширетүүчү, куруучу, геолог-жардыргыч, жарнама боюнча агент, механик, электромонтёр.
Байкасаңыздар, жакынкы келечекте мактанып айткың келген ЖОЖдордогу факультеттерге караганда, жөнөкөй кесиптик-техникалык билимди талап кылган кесиптер көбүрөөк керек болуп турат. Министрлик берген маалыматка таянсак, эмгек рыногунда жогорку билимди талап кылган жумуш орундары 20 пайызды түзсө, 70 пайыздан ашуун жумуш ордуларына кесиптик-техникалык билим талап кылынат.
Ар кандай мамлекеттик эмес уюмдар да кайсы кесипке суроо-талап күчтүү болорун изилдеп келишет. Алардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча, 2015-жылдан 2020-жылга чейин айыл чарба, туризм, жеңил өнөр-жай, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана котормочулук тармактарындагы адистерге суроо-талап жогору болот. Бирок өзүбүз күбө болуп тургандай, биздин заманда өзгөрүүлөр тез-тез болуп жатат. Демек, керектүү адис бойдон калуу үчүн өмүр бою окуп, жаңычылдыктардан артта калбай, үйрөнүп туруу талап кылынат.

УЧУРДА...
Борбор калаа Бишкекте июнь айында мугалимдик кесипке ээ болгондорго суроо-талап жогорулаган. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына таянсак, мугалимдер үчүн 181 бош орун бар экени белгилүү болгон. Андан соң кассирлерди жумушка чакырган 126 бош орун болсо, кыймылсыз мүлк агентин издеген жумуш берүүчүлөр 88ди түзгөн. Кийинки кезекте администраторлор, алар үчүн 77, соода агенттерине 61, бала-бакча тарбиячысына 50, менеджерлерге 45 бош орун бар экени анык болгон. Адаттагыдай эле юристтерге жана экономисттерге болгон суроо-талап абдан аздык кылат. Ал эми тигүүчүлөрдү издеген жумуш берүүчүлөр четтен чыгат. Алардын саны бул айда 412ни түзгөн. Сатуучулар үчүн 223, ашпозчуларга 191 бош орун бар экени белгилүү болду. Ошондой эле ишканаларда, курулуштарда электрик, слесарь жана ширетүүчүлөргө жумуш орундары маселесиз чыгат.

ЖАҢЫ АЧЫЛГАН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Жаштардын арасында «Мен Кыргызстан менен эле чектелбейм, дүйнөдө мага ылайыктуу жумуш табылат» деп көкүрөк каккандар да жок эмес. Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун катарына кошулганы турат. Тиешелүү келишимди биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери бекиткен соң, кыргыз окуу жайларынын дипломдору Орусия, Казакстан, Беларусь жана Арменияда тааныла баштайт. Иш билги адис болсоңуз, бул дагы сизге кошумча мүмкүнчүлүк.
Маселен, орусиялык edunews.ru сайтынын маалыматына таянсак, аталган өлкөдө IT-адис, түрдүү багыттагы инженер, мугалим, дарыгер, электрик, ширетүүчү, куруучу өңдүү адистерге суроо-талап бар.
Ал эми казакстандык kapital.kz сайтынын маалыматына таянсак, коңшу Казакстанда да ошол эле IT-адистер, сатуу боюнча адистер, инженерлер, мугалимдер, дарыгерлер, ошол эле электрик, ширетүүчү, куруучуларга жумуш орду жетиштүү. Беларусь жана Арменияда да ушундай эле тенденция байкалат. Ал жактарда соода, компьютердик технология тармагынын адистери жана ошол эле ширетүүчү, электрик, куруучуларга суроо-талап жогору.

КЕЛИҢИЗ, САЛЫШТЫРЫП КӨРӨБҮЗ...


Юрист
(4-6 жыл окуйсуз, окуу акысы жылына орто эсеп менен 30 миң сомду түзөт, карьераңыздын башында орто эсеп менен 8-10 миң сом айлык аласыз)


Экономист (4-6 жыл окуйсуз, окуу акысы жылына 30 миң сомдун тегереги, карьераңыздын башында 10-12 миң сом маяна аласыз)

Чет тилдер (4-6 жыл окуйсуз, окуу акысы жылына орточо эсеп менен 20 миң сомду түзөт, карьераңыздын башталышында орточо эсеп менен 20 миң сомдун тегерегинде табасыз)


Бажы кызматкери
(5-6 жыл окуйсуз, окуу акысы жылына 25 миң сомдун тегерегинде болот, карьераңыздын башында 12-15 миң сом таба аласыз)


Куруучу
(4-5 жыл окуйсуз, окуу акысы жылына орто эсеп менен 20 миң сомду түзөт, карьераңыздын башында орто эсеп менен айына 25 миң сом маяна аласыз).


Автослесарь
(10 айдан 3 жылга чейин окуйсуз, окуу акысы жылына орто эсеп менен 10 миң сомду түзөт, мыкты адис болсоңуз айына 20 миң сомдон жогору айлык аласыз).

Тигүүчү (3 айдан 10 айга чейин окуйсуз, окуу акысы айына 2 миң сомду түзүшү мүмкүн, жумуш тапсаңыз орточо 20 миң сомдон аласыз).


Ширетүүчү
(2-3 ай окуйсуз, окуу акысына 3 миң сомдун тегерегинде сарпталат, жумуш тапсаңыз орто эсеп менен 20 миң сом табасыз)

«Супердин» сурак бурчу
КАЙСЫ КЕСИПТИ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН УЛАМ ТАНДАДЫҢЫЗ?

ГҮЛАЙЫМ ДҮЙШЕЕВА, НАРЫН ОБЛУСУ:
– Мен медицина кызматкери болууну туура көрүп, медициналык окуу жайга тапшырдым. Кийин билимимди тереңдетип, Медициналык академияда да окуйм деп максат кылдым. Менимче, бул тармакта жумушсуз калбайт болушуң керек. Дарыгерлерге дайыма суроо-талап жогору эмеспи. Андыктан туура кесип тандадым деп ойлойм.

АСЕЛ БОЛОТКАН КЫЗЫ, ТОКТОГУЛ РАЙОНУ:
– Филология факультетине окусам деген оюм бар. Кыргыз тили мугалими болуп чыксам жумушсуз калбайм. Мугалимдерге деген суроо-талап дайыма жогору болот. Бардыгы эле экономист, юрист болобуз дешет. Бирок аларга кийин жумуш табуу кыйын. Ал эми мугалимдердин иш шарттары да жылдан-жылга жакшырып бара жатат.

СЕЙДАЛИ СУЛТАНМУРАТОВ, ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНУ:
– Мен 9-классымда Бишкекке келип, маркетинг боюнча окуп бүттүм. Эми бизнес башкаруу бөлүмүнө тапшырганы жатам. Биздин кесип боюнча жумуш табуу кыйын дешет, бирок мен антип ойлобойм. Кыргызстанда соода, бизнес тармагы күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Өз кесибиңди так билген адис болсоң иш табылат.

АЙТУРГАН ТААЛАЙБЕК КЫЗЫ, ТОКТОГУЛ РАЙОНУ:
– Азыр толук бир чечимге келип ушуну окуйм дей элекмин. Окуу жайларды карап, кайсы тармак менен билим алса болорун иликтеп жүрөм. Тарых факультетине тапшырсамбы деп жатам. Себеби көңүлүм ошол жакка тартып жатат. Кийин тарыхчы мугалим болсом, жумушсуз калбасам керек.

САМАРА ТАШТАНБЕКОВА, КОЧКОР РАЙОНУ:
– Азыр университеттерди кыдырып ылайыктуусун карап жүрөм. Чет тилдер факультетине окугум келет. Кийин жумуш табуу кыйын дешет, бирок убакыт деген бир ордунда турбайт да. Эртең, балким, чет тилдерин билгендерге суроо-талап жогорулашы мүмкүн. Эң башкысы, мыкты адис болсоң көчөдө калбайсың деп ойлойм.

РЫСКУЛ МАКСАТБЕКОВ, АТ-БАШЫ РАЙОНУ:
– Мектепте математика сабагын кызыгуу менен окугам. Ошондуктан экономика тармагын алып кете алам деп ойлойм. Бирок баары эле экономисттерге жумуш табылбайт деп жатышат. Мен мыкты адистерге баары бир жол ачык болот деген ойдомун.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kepka
2015-06-29 22:44:24
Чон алай,Ат башы кочкор((((А эмне ОШ,Баткен,Талас,Ысык-кол деген облустардан жок!!!????
+1
Belekbai
2015-06-30 16:02:38
Аграномго кайдагы жумуш мурдагыдай совхоз колхоз деген жок окуунун туру еле коп иш жок
0
Ledi89
2015-07-01 23:45:06
Ширетуучу эмне? Кандай кесип?
0
GROM
2015-07-02 11:28:55
Ledi89, бул жакка кирсеиз билесиз ) http://www.super.kg/media/stv/135905/
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА